Кайрымдуулук фонду Кыргызстандагы социалдык мекемелерге кантип жардам
«Эл-Ди-Эс Черитиз» коомдук кайрымдуулук фонду Кыргызстанда бир нече жылдан бери реабилитациялык борборлорго, интернаттарга жана карылар үйлөрүнө жардам берүү долбоорлорун ишке ашырып келет.
Бир жолу техника берип коюунун ордуна фонд инфраструктураны толук кандуу оңдоо жана кызматкерлерди даярдоого басым жасайт, бир канча убакыттан кийин кайра барып жабдуулардын канчалык пайдаланылып байкаштырат.
Сокулуктагы ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын реабилитациялык борборунда 100 бейтап жашайт. Бул жерде фонд эски от казандарды заманбап жылытуу системасына толугу менен алмаштырып, суу тазалоо чыпкаларын орнотту жана бөлмөлөргө жаңы килемдерди төшөдү.
«Эл-Ди-Эс Черитиз» Сокулук районундагы сүйлөөсүндө оор кемтиги бар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатындагы (296 окуучу окуйт), кир жуучу жайды жабдып берди. Өнөр жайлык кир жуугуч жана кургаткыч машиналар, үтүктөөчү системалар, эмеректер жана 50 керебет алынды. Мектеп директору Асель Мадраимованын айтымында, бул акыркы жылдардагы эң сезилээрлик жаңыртуу болду.
Өзгөрүүлөр борбор калааны да камтыды. Фонд Бишкектеги карылар жана майыптар жашаган «Үмүт үйү» мекемесинде ашкананы толугу менен жабдып, кесипкөй идиш жуугуч машина жана электр меши менен камсыз кылды. Директор Нурлан Галбаев белгилегендей, бул тамак бышырууну тездетип, кызматкерлердин ишин жеңилдетти.
Бишкектеги дагы бир, жыл сайын мүмкүнчүлүгү чектелген 500гө жакын балага жардам көрсөткөн «Келечек» борборуна физиотерапия аппараттары жана ашкана жабдуулары берилди. Бир жылдан кийин фонддун кызматкерлери кайра келип, жабдуулар үзгүлтүксүз иштеп жатканына ынанды.
Мындай колдоону башка мекемелер да алышты. Бишкектеги дүлөй балдар үчүн мектеп-интернатына кир жуугуч жабдуулар берилди, ал эми Караколдогу Ысык-Көл облустук бириккен ооруканасынын реабилитациялык бөлүмү церебралдык шал оорусуна чалдыккан балдар үчүн 70 жаңы керебет алды. Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргеликте фонд өлкө аймактарына 700 майыптар арабасын жана 200 басуучу аппаратты жеткирип, жергиликтүү адистерди аларды пайдалануу эрежелерине окутту.
Мындай долбоорлордун негизги максаты – жардам кампаларда чаң басып жатпай, күн сайын адамдарга реалдуу пайдасын тийгизиши керек. Ушул себептен «Эл-Ди-Эс Черитиз» дайыма кайрадан текшерүүлөрдү жүргүзүп, берилген ар бир жабдуунун үзгүлтүксүз иштешин көзөмөлдөйт.
