Бишкекте бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды
16 сентябрь

Бишкекте бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Бишкекте бир катар алдамчылыкка шектелген жаран кармалды, деп билдирет Ленин райондук милициясынын маалымат кызматы.

Билдирүүгө ылайык, 9-сентябрда Ленин райондук милициясына Бишкектин тургуну арыз менен кайрылган.

Анын айтымына караганда, М., аттуу жаран Кореядан автоунаа алып келип берем деп ишенимине кирип, 7 200 АКШ долларын алып из жашырып кеткен. 

Аталган факты боюнча кылмыш иши козголгон.

Териштирүүнүн жүрүшүндө кылмышка шектүү катары 1992-жылы туулган К.М., аттуу жаран кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда шектүүнүн башка иштерге тиешеси бар жогу аныкталууда.