Кыргызстан менен Гананын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоо маселеси талкууланды
Кыргызстан менен Гана Республикасынын тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев Самуэл Окудзето Аблаква жолукту. Бул тууралуу КР ТИМден кабарлашты.
Тараптардын жолугушуусу 2025-жылдын 26-сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 80-сессиясынын алкагында Нью-Йорк шаарында өткөн.
Анын жүрүшүндө министр Ж. Кулубаев бул жолугушуу Кыргыз Республикасы менен Гана Республикасынын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди чыңдоого жана мындан ары өнүктүрүүгө маанилүү кадам болоруна ишенимин билдирди.
Ошондой эле саясий диалогду тереңдетүү, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү, БУУнун жана башка эл аралык уюмдардын алкагында өнөктөштүктү бекемдөө маселелери талкууланды.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташууну жандандыруу максатында тышкы саясий ведомстволордун ортосунда үзгүлтүксүз байланыштарды колдоону макулдашты.
Министр Ж. Кулубаев өзүнүн кесиптешин Кыргызстанга ыңгайлуу убакта сапар менен келүүгө чакырды.
