Венера Акматова: Татыктуу айлык болсо, «мугалим болом» дегендерди батыра албай калмакпыз
4 май

Венера Акматова: Татыктуу айлык болсо, «мугалим болом» дегендерди батыра албай калмакпыз

Быйылкы 2025-2026-жаңы окуу жылында Кыргызстан 12 жылдык билим берүү системасына өтүү алдында турат. Буга байланыштуу коомчулукта толгон-токой суроо менен кайчы пикирлердин аягы тыйыла элек. Анын бири – 11 жылдыкта таңкыстык жараткан кадрларды 12 жылдыкта кантип жеткиребиз? Филология илимдеринин доктору, Ж.Баласагын атындагы КУУнун профессору Венера Акматова Караван-Инфого мугалимдерди мектепке тартуу боюнча өзүнүн пикирин бөлүштү.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдургүл Кендирбаева 1-классты окутууга жетишпеген мугалимдердин ордун 3-курстун студенттери менен толтурса болоорун айтты. 3-курстун ишке тартылган студенттери иш менен окууну бирдей алып кете алабы?

– 12 жылдык билим берүүдө мектеп билим берүүсүн жакшыртууга арналган аракеттердин бардыгын коомчулук колдоого алышы керек. Анткени, мамлекетибиздин тагдыры билим берүүнүн сапатына түздөн түз байланыштуу. Ошол эле учурда айрым күмөн санаган ой-пикирлерибизди да бөлүшүп турбасак болбойт. Маселен, 12 жылдыкка өткөрүүдө кошумча мектеп мугалимдери керек болууда. Жетишпеген мугалимдердин санын жогорку окуу жайларынын студенттеринин эсебинен толуктоо чечими канчалык ылайыктуу?

Жогорку окуу жайларынын ортоңку курсу тургай, бүтүрүүчүлөрү жаңыдан мектепке барган учурда тажрыйбасынын, билиминин жетишпестигинен канча бир көйгөйлөр жаралып келет. Ата-энелер, окуучулар менен тил табышып иштешип кете албай, жаш мугалимдер мектепти таштап баса берген учурлар бар. Анан 3-курстун студенттери ушундай абдан чоң милдетти кантип аркалайт деген мыйзам ченемдүү суроо келип чыгат. Анан калса жождо күн сайын өтүлүүчү сабактары кандай болот? Окуу менен жумушту айкалыштыруу дайыма эле өтө оор. Ансыз да, жакшы эмес жогорку билим берүүнүн сапатын биротоло түшүрүп албайлы!?

Анда бул маселени кандай жол менен чечүүгө болот деп ойлойсуз?

– 3-курстарды жайына эле койгонубуз оң болот го. Мен маселени башкача чечүүнү сунуштайт элем: өлкөнүн жождорунун педагогикалык адистиктерин – бакалаврды аяктаган студенттердин бардыгын мектептен 2 жыл иштөөсүн милдеттендирүү. Азыр бюджеттен окуган гана бүтүрүүчүлөр милдеттендирилген, алардын да айрымдары ар кандай себептерден улам мектепке барбайт. Кээ бирлери 4 жылдык бакалаврды аяктаган соң, магистратурага калышат. Демек, магистранттарды да милдеттендирүүгө болот.

Анткени магистранттардын көпчүлүгү айлыгы жогору ишти тандап кетишет, мектепке барганы өтө аз. 3-курстун студенттери бардык тараптан балдар менен иштөөнүн талаптарына ылайык келбейт, ал эми 4-курстар квалификациялык иш жазып, мамлекеттик сынактардан бошобойт. Анча болду, жогорку билими менен акчанын айынан башка тармакка кетип калгандарды кайрыбайлыбы! Татыктуу айлык болсо, «мугалим болом» дегендерди батыра албай калмакпыз.

Айтор, билим берүүнү жакшыртабыз деген жакшы ниетти жарга такап албайлы!