Кыргызстанда турак жайлардын 31%ы камсыздандырылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
26 август

Кыргызстанда турак жайлардын 31%ы камсыздандырылды

Кыргызстанда турак жайларды милдеттүү камсыздандыруу менен камтуу 31%га жетти. Бул тууралуу «Биринчи радионун» эфиринде «Мамлекеттик камсыздандыруу уюму» ААК башкармалыгынын төрагасынын орун басары Бактыгул Абдыжалиев билдирди.

Анын айтымында, акыркы убакта кыймылсыз мүлктү камсыздандыруу кайрадан өсүүдө. Бир аз мурда камтуу деңгээли 20–25%ды түзсө, азыр көрсөткүч 30%дан ашты.

Абдыжалиев белгилегендей, ар бир пайыздык көрсөткүчтүн артында камсыздандырылууга тийиш болгон көп сандагы кыймылсыз мүлк объектилери турат.

«Бир пайыз — камсыздандырылышы керек болгон 13,5 миң үй», — деп түшүндүрдү ал.

Камтуу деңгээлин жогорулатуу максатында уюмдун кызматкерлери турак жай массивдеринде, кварталдарда, айылдарда жана аймактарда иш алып барышууда. Ошондой эле камсыздандырууну аралыктан тариздөөгө мүмкүндүк берген онлайн кызматтар кеңейтилүүдө.

Абдыжалиевдин айтымында, камсыздандырууга болгон кызыгуунун өсүшүнө сел, суу ташкыны, өрт жана башка табигый кырсыктардын көбөйүшү да таасир берүүдө. Мындай кырсыктардан кийин камсыздандыруу төлөмдөрүн алган жарандар өз мүлкүн коргоого олуттуу мамиле кыла башташууда.