«Кайрагач» пунктунда 160 кг коон-дарбыз кайра кайтарылды
Баткен облусундагы «Кайрагач» фитосанитардык көзөмөл пунктунда Тажикстан Республикасынан алып келинген 160 кг коон-дарбызга фитосанитардык көзөмөл жүргүзүлдү.
Текшерүүнүн жүрүшүндө жүккө тиешелүү фитосанитардык сертификат жок экени аныкталды.
Белгиленген талаптарга ылайык, фитосанитардык сертификатсыз жогорку фитосанитардык тобокелдиктеги карантиндик продукцияны алып кирүүгө жол берилбейт. Сертификатсыз 5 кг чейинки подкарантиндик продукцияны алып кирүүгө уруксат берилет, ошондой эле коон, дарбыз жана ашкабак — 1 даанага чейин, гүлдөр — 3 букетке чейин киргизилиши мүмкүн.
Бул учурда жүктүн жалпы салмагы 160 кг болгондуктан жана тиешелүү фитосанитардык сертификат жок болгондуктан, колдонуудагы талаптарга ылайык жүктү Кыргыз Республикасынын аймагына киргизүүгө жол берилбей, жөнөтүүчү тарапка кайтаруу тартиби жол-жоболоштурулду.
Фитосанитардык көзөмөлдүн негизги максаты — карантиндик зыяндуу организмдердин өлкө аймагына киришине жана таралышына жол бербөө.
