Брайан Трейси: Көпчүлүк адамдар өздөрү ойлогондон да бир топ күчтүү жана таланттуу болушат
Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген маданият ишмери, Эл аралык элдик дипломатия ассоциациясынын вице-президенти, Чыңгыз Айтматов атындагы Эл аралык Ысык-Көл форумунун вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы
Жаңы чыгарылыштын каарманы дүйнөгө белгилүү бизнес-консультант, жеке өсүү, сатуу жана лидерлик боюнча ондогон бестселлерлердин автору, дүйнөнүн эң белгилүү мотивациялык спикерлеринин бири Брайан Трейси болду. Бүгүн аны улуу мотиватор, дүйнө жүзү боюнча миллиондогон адамдардын ой жүгүртүүсүн өзгөрткөн адам деп аташат. Бирок аты-жөнүнүн артында жылдар бою изденүү, тартип, өзүн-өзү өнүктүрүү жана чоң ички эмгек турат.
– Брайан, сиз жеке лекторлуктан ири окуу борборунун жана өз университетиңиздин негиздөөчүсү болгонго чейинки жолду кантип басып өттүңүз? Сиздин жашооңузда бурулуш учур болгонбу?
– Тренер болгонго чейин стажердон жылына 265 миллион доллар жүгүртүүсү бар компаниянын жетекчисине чейинки жолду басып өттүм. Бул секирикти сатуулар боюнча бардык адабияттарды окуп, натыйжалары менден алда канча жогору болгон адамдар менен баарлашуу аркылуу өз алдымча жасадым. Акырындап жүрүп отуруп күн сайын окуу жана билим алуу мен үчүн адат болуп калды. Ошол учурда жашоомдогу негизги бурулуш болду: жеке мотивация жана практика менен топтолгон билим айкалышканда, феноменалдуу натыйжа берерин түшүндүм.
Кийинчерээк өз билимимди жана тажрыйбамды системалаштырып, башкаларды окутуп, эмне чындыгында иштейт, эмне иштебейт байкай баштадым. Убакыттын өтүшү менен бул менин сатуу, бизнес өнүктүрүү жана жеке өсүү программаларымдын негизи болуп калды. Жеке өнүгүүнү, сатууну жана менеджментти бириктирип, Америкадагы бизнес өнүктүрүү боюнча алдыңкы консультанттардын бири болдум.
– Сизди стратегия адамы деп аташат. Жеке компанияңыз үчүн кандай стратегия түздүңүз жана бүгүнкү күндө ийгиликтүү бизнес үчүн эмне өзгөчө маанилүү?
– Негизги стратегияма ар дайым бир нече принциптер негиз болгон. Биринчиден, компания – жетекчини чагылдырат. Эгер ээси ички жана кесиптик жактан өнүксө, компания да анын жанында өнүгөт. Экинчиден, бизнестин ийгилигин адамдар аныктайт. Ошондуктан башкы көңүл ар дайым командага бурулушу керек. Алардын идеялары, энергиясы жана кесиптик өсүшү сиздин тажрыйбаңыз менен бирге компанияны күчтүү кылат.
Дагы бир маанилүү жагдай – адистешүү. Менин компаниям бир нече негизги продуктыларга гана багытталган, ошонун аркасында биз көп жылдар бою өз тармагыбыздагы эң мыктылардын бири болуп келебиз. Ошол эле учурда программаларыбызды тынымсыз өркүндөтүп, аларды мезгилдин өзгөрүүлөрүнө ылайыкташтырып турабыз. Ийгиликтүү консалтингдин негизи — кардардын келечеги менен иштөө жөндөмү. Адам сунуштарды киргизгенден кийин компаниясы, жашоосу жана келечеги кандай өзгөрөрүн так билиши керек. Консалтингдин келечеги — комплекстүү коштоону камтыйт, мында консультант кеңеш бербестен, чечимдерди ишке ашырууга жардам берип, кардар менен бирге жыйынтык үчүн жоопкерчиликти бөлүшөт.

– Брайан, бүгүнкү күндө адамзат ийгиликке умтулат. Бирок сиздин оюңузча, эмне үчүн көптөгөн ийгиликтүү адамдар ички дүйнөсүндө бактысыз болушат?
– Анткени көптөгөн адамдар ички дүйнөсүн унутуп, тышкы жашоосун курушат. Алар акча, статус, атак-даңкка жетишишет, бирок ошол эле учурда өздөрүнө эч качан негизги суроону беришпейт: «Мени чындап эмне бактылуу кылат?» Көп учурда адам өзүнүн жандүйнөсүнө жакпаса дагы, коом тарабынан таңууланган максаттарга жетүүгө жылдап убактысын арнайт. Ички гармониясыз чыныгы бакыт мүмкүн эмес. Эгер адам өзү менен ынтымакта жашоону билбесе, эч кандай ийгилик бул боштукту толтурбайт.
– Дүйнө барган сайын ылдамдап баратат. Адамдар бири-бири менен тынымсыз салыштырып, тынчсыздануу жана эмоционалдык чарчоо менен жашашат. Мындай доордо ички туруктуулукту кантип сакташ керек?
– Көңүл бурууну башкарууну үйрөнүү керек. Бүгүнкү күндө көңүл буруу эң баалуу ресурс болуп калды. Көпчүлүк адамдар энергиясын жоготушат, анткени алар тынымсыз алаксып, бири-бири менен салыштырып, башкалардын ийгиликтери жана башкалардын күтүүлөрү менен жашашат. Маалыматты, айлана-чөйрөнү жана өз ойлорун чыпкалоону үйрөнүү абдан маанилүү. Ички туруктуулук ой жүгүртүү тартибинен башталат.
– Сиз көп жылдардан бери ийгилик психологиясын изилдеп келесиз. Сиздин оюңузча, адамдын потенциалын эң көп эмне бузат?
– Коркуу. Ийгиликсиздиктен, соттолуудан, баш тартуудан, өзгөрүүлөрдөн коркуу. Көптөгөн адамдар биринчи кадам жасоодон корккондуктан, колунан келчү көп ишти жасабай калышат. Эң өкүнүчтүүсү, убакыттын өтүшү менен коркуу адамга ыңгайлуу болуп сезилет. Адамдар чектөөлөрдө жашоого көнүп, өздөрүнүн мүмкүнчүлүктөрүнө ишенбей калышат.
– Миллиондогон адамдар менен ондогон жылдар бою баарлашуудан кийин адам табияты жөнүндө эмнени түшүндүңүз?
– Көпчүлүк адамдар ойлогонунан алда канча күчтүү жана таланттуу. Бирок адам көбүнчө өзүнүн ой жүгүртүүсүнүн, эски ишенимдеринин жана терс тажрыйбасынын туткуну болуп калат. Өзүнө башкача карай баштаганы үчүн жашоосун түп-тамырынан өзгөрткөн адамдардын көптөгөн мисалдарын көрдүм.
– Ичинде ички өзөгү жана тартиби жок адамга ийгиликти үйрөтүүгө болобу?
– Жок. Билим, куралдар, система бере аласыз, бирок ички жоопкерчилик жок эч нерсе өзгөрбөйт. Ийгилик - бул ар дайым өзүңдүн үстүңдөн күн сайын иштөө. Адамдар көбүнчө ийгиликтин сырын издешет, бирок чындыгында баары жөнөкөй, күн сайын кайталанган аракеттерге негизделет. Так ушул тартип адамдын тагдырын калыптандырат.
– Кесиптик жана жеке жашооңузда туш болгон эң чоң кыйынчылыкты белгилеп берсеңиз.
– Эң чоң кыйынчылык – бул өзүңдү өзгөртүү. Буга жылдар кетет. Көптөгөн оор кырдаалдарга тушуктум, анын ичинде 2010-жылы ден соолугумда олуттуу көйгөйлөр пайда болуп, көптөгөн семинарларымды токтотууга аргасыз болгом. Мындай учурларда тандоо абдан жөнөкөй: же оору жеңет, же сен аны жеңесиң. Ошондо гана адам жашоодо эмне чындап маанилүү экенин түшүнө баштайт.
– Сиз максаттар жөнүндө көп айтасыз. Максатсыз адамдын жашоосу кандай болот?
– Адам энергиясын жана маанисин жогото баштайт. Максаты жок жашоо башаламан болуп калат. Кичинекей кыйынчылыктар да катастрофа сыяктуу сезилет. Максат адамга ички багыт көрсөтөт. Ал эртең менен маани сезими менен ойгонууга жардам берет.
– Сиз үчүн бүгүнкү күндө чыныгы байлык эмнени билдирет?
– Эркиндикти. Убактыңды өзүң каалагандай өткөрүү, жакындарың менен бирге болуу, сүйүктүү ишиң менен алектенүү жана өзүң менен ынтымакта жашоо. Көптөгөн адамдар акча үчүн ден соолугун коротушат, анан ден соолугун калыбына келтирүү үчүн акча коротушат. Бирок убакыт – кайтарылгыс жалгыз ресурс.
– Мени дайыма дүйнөлүк ийгиликке жеткен адамдардын жашоосу кызыктырат. Күнүмдүк жашооңуз кандай өтөт? Жумуш, үй-бүлө, ден соолук жана руханий өнүгүү ортосунда кантип тең салмактуулукту сактап каласыз?
– Менин графигим абдан ийкемдүү, анткени убактымдын 70 пайызы саякаттодо өтөт. Бирок күн сайын сөзсүз аткарган нерселерим бар. Мисалы, эки саат окуу жана чет тилдерди, анын ичинде орус тилин үйрөнүү. Бул мээни сергек кармоого жардам берет. Мен бир эле учурда бир нече китепти: бизнес адабияттарын, психология жана руханий өнүгүү боюнча китептерди окуйм. Ошондой эле физикалык формамды сактоо үчүн күн сайын белгилүү бир аралыкты жөө басып өтүүгө аракет кылам. Эгер 10-15 мүнөт жөө басууга мүмкүнчүлүк болсо, дайыма басууну тандайм. Уйку жана тамактануу режимин сактайм. Мисалы, түн ичинде уюлдук телефондорумду сөзсүз өчүрөм. Бирок үй-бүлө мен үчүн ар дайым башкы артыкчылык бойдон калат. Уулум диплом алып жатканда Азияда болчумун. Ошол маанилүү күнү жанында болуу үчүн жолугушууларымды жокко чыгарып, 30 сааттан ашык учуп келгем. Анткени жакындарыбыз менен өткөргөн убакыттын саны эмес, ал убакыттын сапаты жана аларга берген колдоо сезими маанилүү.

– Жашоодогу соккулардан кийин кээ бир адамдар эмне үчүн күчтүү болот, а башкалар сынып калат, эмне үчүн деп ойлойсуз?
– Баары адамдын болуп жаткан окуяларды кандай чечмелегенине жараша болот. Бирөө кыйынчылыктарды жашоонун аягы катары кабыл алса, экинчиси аны сабак жана күчтүү болуу мүмкүнчүлүгү катары көрөт. Жашоо бизди ар дайым жетилгендикке сынайт. Адамдын чыныгы күчүн көбүнчө оор мезгилдер ачып берет.
– Азыркы учурда көптөгөн жаштар тез натыйжаларды каалашат. Көз ирмемдик ырахаттануу доорунда чоңойгон муунга эмне деп айтмаксыз?
– Сабырдуулук жаңы суперкүчкө айланат. Чоң натыйжалар убакытты талап кылат. Адамдар заматта ийгиликти каалашат, бирок ар кандай чыныгы жетишкендиктин артында жылдар бою тартип, каталар жана эмгек тураарын унутушат. Азыркы дүйнөдө максатка жетүү үчүн узак убакыт бою бара алуу жөндөмү чоң артыкчылык болуп саналат.
– Эгер сиздин миссияңыз адамдарга ийгиликке жетүүгө жардам берүү болсо, анда жеке сизге ким жардам берет?
– Мага ар дайым менин күчтүү жактарым жана үйрөнө турган адамдарым жардам берген. Мен ийгиликтүү адамдарга суроолорду бергенди жакшы көрөм: «Муну кантип жасадыңыз? Эмне эң жакшы иштейт? Эмнеге өзгөчө көңүл буруу керек?» Ал эми менин бүгүнкү «лягушкам», ушинтип айтканды жакшы көрөм - бул орус тилин үйрөнүү. Чынын айтсам, көптөгөн эрежелерден четтеп кеткени үчүн мээм жарылчудай болуп жатат. (Күлүп).
– Жашооңузда ички боштукка учураган учурлар болду беле?
– Албетте. Ар бир адам кризистерге туш болот. Чарчоо, шектенүү, эмоционалдык чарчоо мезгилдери болот. Бирок дал ушундай учурларда адам же өсөт, же баш тартат. Күч калбагандай сезилген учурда да өзүнө болгон ишенимди жоготпоо абдан маанилүү.
– Сатуу – бул сиздин багытыңыз экенин кантип түшүндүңүз?
– Сатуу менин кесиптик өнүгүүмдүн башталышы болду. Ал жерден биринчи олуттуу жыйынтыктарды алып, өзүмө болгон ишенимди сездим. Сатуу – бул белгилүү бир аракеттердин ырааттуулугу, бирок ошол эле учурда анда ар дайым чыгармачылыкка орун бар. Жакшы сатуучу болуу үчүн оптимист болуу, каршы пикирлер менен иштөөнү билүү, жөндөмдүүлүктү тынымсыз өркүндөтүү керек. Адамды угуу жана угуп түшүнүү, анын баалуулуктарын жана каалоолорун түшүнүү абдан маанилүү. Ошондо гана адамга жаңы перспективаларды көрүүгө чындап жардам берүүгө болот.
– Ушунча жыл иштеп, китептерди жазып, семинарларды өткөргөндөн кийин деле адамдар сизге суроолорду берип жатышат. Сиздин оюңузча, эмне үчүн?
– Анткени адам табиятынан өнүгүүгө умтулат. Суроолордун болушу ички өсүштүн жана кызыгуунун белгиси. Мен дайыма өзүмө суроолорду берем: «Мен эмнени жакшырта алам? Эмнени башкача кылсам болот? Жеке натыйжалуулукту кантип жогорулатам? Жумуш менен жашоонун ортосундагы балансты кантип сактайм?» Адамдар семинарларыма мен өзүмө берген суроолорго жооп издеп келишет. Бирок мен үчүн эң жагымдуусу – адамга бул жоопторду өз ичинен табууга жардам берүү.
– Элге калтыргыңыз келген эң маанилүү ой кайсы?
– Эч качан өнүгүүдөн токтобоңуз. Адам акыл-эс, эмоциялык жана руханий жактан өсүп жатканда гана тирүү болот. Жашоодогу эң коркунучтуу учур – адам өзүн баарын билдим деп ойлогондо келет. Дал ушул учурда ички тыныгуу башталат.
– Брайан, бүгүн коркуу, шектенүү же ички кризис абалында турган адамдарга эмне демексиз?
– Эрте эле багынбаңыз. Көп учурда адам өзүнүн ийгилигине бир гана кадам калганда кол шилтеп коёт. Ийгилик тартип, ички чынчылдык жана күн сайын өзүңдүн үстүңдө иштөөдөн башталат. Эң негизгиси – өз коркууларыңды, жалкоолугуңду жана шектенүүлөрүңдү жеңүү. Анткени адамдын башкы атаандашы – жагдайлар эмес, өзү.
– Брайан, ушул терең маек үчүн рахмат. Миллиондогон адамдар үчүн сиз өз күчтөрүнө ишенүүнү үйрөткөн адам болуп калдыңыз.
– Рахмат, Ассоль. Өнүгүүгө умтулган жана башкаларга жакшыруусуна жардам берген адамдар менен баарлашууну жактырам. Дал ушунда чыныгы ийгиликтин мааниси жатат.
