Наталия Аринбасарова: Кыргызстан такыр башка өлкөгө айланып, жаштарда келечекке ишеним пайда болуптур
10 сентябрь

Наталия Аринбасарова: Кыргызстан такыр башка өлкөгө айланып, жаштарда келечекке ишеним пайда болуптур

Россиянын жана Казакстандын эмгек сиңирген артисти Наталия Аринбасарова бир нече жылдан кийин кайрадан Кыргызстанга келип, өзгөрүүлөрдүн масштабына таң калганын айтты.

"Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында ал өлкөнүн жаңы көрүнүшү, жаштар, Чыңгыз Айтматов, Суймонкул Чокморов жана ага дагы деле өзгөчө бойдон калган ролдор тууралуу сөз кылды.

«Шаардын канчалык өзгөргөнүнө таң калдым»

Наталия Аринбасарованын айтымында, ал Кыргызстанга келгенге чейин эле Көчмөндөр оюндарынын ачылышы жана эл аралык жолугушуулар сыяктуу ири окуяларды байкап турган.

«Менимче, бүткүл дүйнөнүн көңүлү Кыргызстанга бурулду. Азыр Кыргызстан дүйнөгө абдан белгилүү өлкө болуп калды», — деди актриса.

Ага Бишкек өзгөчө күчтүү таасир калтырган.

«Учактан түшүп, шаарды аралап баратканда, шаардын канчалык өзгөргөнүнө таң калдым. Он жылдай убакыт мурда болгон элем, анда баары башкача, баары дагы эле совет мезгилдегидей болчу. Азыр болсо мындай масштаб, айланадагы сулуулук, кандай кооз курулуштар», — деп бөлүштү ал.

Актриса жаңы имараттарды, социалдык объектилерди жана жолдорду белгиледи.

«Биз Чолпон-Атага бардык, жолу түз, даңгыр болгондуктан жолдун алыстыгын сезген да жокмун», — деди ал.

«Жаштардын жүздөрү жарык жана кубанычтуу»

Аринбасарованын айтымында, эң негизги таасир имараттар жана жолдор менен эмес, адамдар менен байланыштуу.

«Мен көбүнчө адамдарга карайм. Бул жакка келгенден бери таптакыр башка жүздөрдү көрүп жатам», — деп белгиледи ал.

Актриса өзгөчө жаштардын жүздөрүнө көңүл бурган.

«Абдан жарык, кубанычтуу, күлгүн, шайыр жүздөр. Алар келечекке ишенип, бул өлкөдө аларды жакшы келечек күтүп турганын билишет. Бул абдан-абдан кубандырат», — деди Арынбасарова.

Ошондой эле, ага кыргызстандыктардын заманбап кийимдеринде улуттук мотивдердин сакталышы жаккан.

«Кыргызстанда кийимдерди абдан жакшы тигишет, улуттук оймо-чиймелер колдонулган кийимдер жакшы тигилген. Бул абдан кооз», — деп кошумчалады ал.

«Айтматовдун бардык аял каармандарын жаратмакмын»

Арынбасарова биринчи кезекте «Биринчи мугалим» тасмасындагы Алтынай жана Жамийланын образдарын жараткандыгы менен белгилүү.

«Мени Айтматовдун каарманы деп аташат, а мен болгону эки ролду — Алтынай менен Жамийланы жараттым. Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларындагы бардык аял образдарын кайрадан жаратмакмын», — деп мойнуна алды актриса.

Эки атактуу каарманынын ичинен ага Жамийла жакыныраак.

«Бул мүнөз абдан күчтүү, эрктүү, эркин. Мен ошондо жеке өзүм үчүн көп нерсени түшүнгөм, чыныгы сүйүү кандай болуш керектигин билгем. Баары бир Жамийланы көбүрөөк жактырам деп ойлойм», — деди ал.

Актриса ишке ашпай калган кыялдарынын бири катары «Саманчынын жолу» тасмасындагы Толгонайдын ролун атады.

«Толгонайдын ролун аткарууну абдан каалагам. Бирок аны мен абдан жакшы көргөн улуу кыргыз актрисасы Бакен Кыдыкеева ойногон», — деди Аринбасарова.

«Айтматов мени теше карады»

Актриса Алтынайдын ролуна кастингден кийин Чыңгыз Айтматов менен биринчи жолу таанышканын да эстеди.

«Андрон: «Кел, сени Айтматов менен тааныштырам», - деди. Анан абдан сулуу, бою узун, келишимдүү адамга алып барды. Ал мага эч нерсе айткан жок, жөн гана теше карап турду. Анын караганынан бир аз ыңгайсыздандым. Мага ал ойлорумду окуп тургандай сезилди», — деди ал.

Кийинчерээк Айтматов «Биринчи мугалим» тасмасынын тартылышын кылдаттык менен байкап турган.

Тасма сынга кабылганда, жазуучу Аринбасарованын айтымында, аны коргоп чыккан.

«Тасма тартылгандан кийин Кыргызстанда аны кабыл алышкан жок. Ал тасманы абдан колдоп, коргогон. Ал кезде болгону 35 жаш болчу», — деп белгиледи актриса.

«Чокморов менен иштөө укмуштуудай болгон»

Наталия Аринбасарова «Жамила» жана «Улан» тасмаларында чогуу ойногон Сүймөнкул Чокморов жөнүндө өзүнчө айтып берди.

«Жамила» тасмасын тартуу учурунда актер кургак учуктан дарыланып жаткан.

«Биз аны күн сайын кургак учук диспансеринен алып чыгып, тасмага тартчубуз. Аны менен медайым келип, дары-дармек берип, эс алдырып турчу», — деп эскерди Аринбасарова.

Ошол эле учурда, анын айтымында, Чокморов камеранын алдында таптакыр башкача болуп кетчү.

«Анын менен иштөө укмуштуудай болгон. Абдан терең жана сезимтал адам эле. Актерго бир нерсе десең, ал сага карап жооп бергенде сезимдер, ойлор, эмоциялар алмашылат. Ошондуктан ар бир дубль ар башкача чыгат», — деди ал.