Улан Какишов: Ар бир бейтапка жеке мамиле керек, биз ушуга умтулуудабыз
“ЮРФА” медициналык борборунун МРТ жана компьютердик томография бөлүмүнүн жетекчиси Улан Какишов менен маектешүүбүзгө борборго кайрылган айрым бейтаптардын изилдөөлөрдүн жыйынтыгынын сүрөттөмөсү көчүрмө болуп жатат деген шектенүүсү себеп болду.
– Кыргызстанда канча жылдан бери МРТ жана КТ текшерүүлөр жүргүзүлүп келет?
– Кыязы, жыйырма жылдай болуп калды окшойт, азыр ансыз кандайдыр бир жыйынтыкка жетүү такыр мүмкүн эмес. Дүйнө өзгөрүүдө, технология өзгөрүүлө. Изилдөөнүн бул түрү бир топ маалыматтуу жана кеткен убактысы боюнча да бир топ тез болот. Бейтапты бул изилдөөгө жөнөткөн клиникалык дарыгер тез арада жыйынтык алууну, ага жараша бейтапка жардам берип, дарылоону баштоону каалайт.
– Ошондо вересаевдин земстволук дарыгерлеринин заманы өтүп кетти десек болобу, бүгүн биз адамдарга караганда машиналарга көбүрөөк ишенип калдык?
– Адамдын ролу баары бир сакталуу бойдон калат. Кандай болбосун аппарат көргөн ар кандай өзгөрүүлөрдү дарыгер тактайт, аны өзгөртүү мүмкүн эмес.
– МРТ, КТ жана башка изилдөөлөрдүн түрлөрүнүн корутундулары кандай сүрөттөлөт?
– Изилдөөнүн түрүнө карабастан, сүрөттөмө тыянак чыгаруу процесси дайыма стандарттуу түрдө, радиологиялык коомчулук тарабынан иштелип чыккан жана бул жерде гана эмес, чет өлкөлөрдө да аткарылган протоколго ылайык жүргүзүлөт. Стандарттык экспертиза жана сыпаттоо протоколу бар. Дарыгер ар дайым аныкталган патологиянын өзгөчөлүгүн эске алат жана ага ылайык түшүндүрмө берет. Ар кайсы учурдагы ар бир оорулуу индивидуалдуу. Жолдомодо көрсөтүлгөн диагнозго жараша ар бир учур өзүнчө баяндалат. Көчүрмө менен бардык бейтаптарды сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Үлгү сүрөттөмө деген жок.
– Бул сүрөттөмө дарылоочу дарыгер үчүн эмнени билдирет жана алынган жыйынтык диагноз коюуда жана дарылоо схемасын иштеп чыгууда акыркы корутунду болуп саналабы?
– Кандай гана изилдөө ыкмасы болбосун, MРТ, КТ же УЗИ – бул диагностикалык ыкмалардын бири. Ар кандай учурда акыркы клиникалык диагноз УЗИ, MРТ, КТдан тышкары, ошондой эле клиникалык, лабораториялык жана клиникалык изилдөөлөрдүн комплексинин негизинде коюлат.
Бир мисал келтирейин. Биз курсак көңдөйүн МРТ-изилдөөдөн өткөрүп, ашказан капталдарында кандайдыр бир патологиялык өзгөрүүлөрдү аныктадык дейли. Иштелип чыккан MРТ алгоритминин кийинки кадамы – биз бейтапты андан ары гастроскопиядан өтүү жана керек болсо "биопсия алуу" сунушу менен жөнөтөбүз, анткени бул изилденүүчү аймак текшерүүнү, гистологиялык тастыктоону талап кылат. Дагы бир кайталайм, ар бир бейтапка жеке мамиле керек, биз ошого умтулуудабыз.
