Манас: «Апамды таап, ыраазычылыгымды билдирсем дейм»
12 август

Манас: «Апамды таап, ыраазычылыгымды билдирсем дейм»

Каарманыбыз Манас көп жылдан бери төрөгөн апасын издеп жүрөт. Эгер жолугуп калса, ага эч кандай доомат койбой, болгону кучактап, ыраазычылыгын билдиргиси келет.

Арадан 20 жылдай убакыт өтсө да, Манастын үмүтү өчө элек. Ал апасын издеп укук коргоо органдарына жана телеберүүлөргө кайрылган. Атүгүл эл аралап жүрүп апасын же аны тааныган адамдарды жолуктурам деген үмүт менен такси кызматында иштеп келет.

Манас апасын табууга жардам сурап, окурмандарга дагы бир жолу кайрылды.

– Өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз.

– Мен Ош облусунун Алай районуна караштуу Үч-Дөбө айылынан болом. Жашым 31де. Азыркы эң чоң тилегим – мени төрөгөн апамды табуу.

Мени беш айлыгымдан баштап таежем менен жездем багып чоңойткон. Апам ооруп калганына байланыштуу мени убактылуу карап турушсун деп таежеме беришкен экен. Бирок кийин ата-энем эки башка жолго түшүп, мен ошол бойдон таежемдин колунда калыптырмын.

Төрөгөн ата-энемдин жалгыз баласы болсом, баккан ата-энемдин алты баласынын кенжеси болуп чоңойдум. Алар мени эч качан бөлүп-жарган жок. Тескерисинче, өз балдарындай көрүп, мээримин төгүп тарбиялашты.

Жакын адамдарыбыз эле билбесе, көпчүлүк менин бакма бала экенимди билишчү эмес. Өзүм да аларды ата-энемдей көрүп чоңойдум. Атам дүйнөдөн өтүп кеткен, апам болсо бүгүнкү күндө 70 жашка келип калды.

– Төрөгөн апаңызды таежеңиз катары кабыл алып жүрдүңүз беле?

– Ооба. «Апа» деп чоңойгон адамым таежем экенин кичинемден эле билчүмүн. Бирок үйдөгүлөр эч качан төрөгөн апам тууралуу жаман сөз айтышкан эмес. Тескерисинче, «чоңойгондо өз апаңды багасың» деп айтып турушчу.

Ошондуктан өз апамды көпкө чейин «таеже» катары кабыл алдым. Ал айылга келген сайын мага таттууларды, белектерди, кийим-кече жана окуу куралдарын көтөрүп келчү. Мени коюнуна алып жатчу.

Акыркы жолу мен жетинчи класска көчкөндө, 24-августтагы туулган күнүмө карата келген. Китеп баштыкка толтура окуу куралдарын жана жаңы кийимдерди алып берген. Андан кийин, 2006-жылдан тартып, таптакыр дайынсыз болуп калды.

– Апаңыз тууралуу кандай маалыматтарды билесиз?

– Апам он бир бир туугандын эң кичүүсү. Азыр 52 жашта болушу керек. Аты-жөнү – Эргешбаева Гүлжамал. Аны Гүлжамийла, Гүкү же Гуля деп да чакырышчу.

Апам орто бойлуу, арыкчырай, абдан тыкан, тазалыкты сүйгөн, сабаттуу аял болчу. Эгер азыр телефон аркылуу сүйлөшүп калсам, үнүн сөзсүз тааныйм деп ойлойм.

– Ушунча жылдан бери аны көргөндөр болуптурбу?

– Апам саймачылык менен тигүүчүлүктүн мыкты устасы болгон. Бир туугандарынын айтымында, Бишкектеги тигүү цехтеринин биринде иштеп жүрчү экен.

Кийинчерээк Каракол шаарына турмушка чыгып, бир кыздуу болгону тууралуу маалымат укканбыз. Жолдошу экөө айыл жеринде мал багып жашашат деген сөздөр да болгон.

Мындан жети-сегиз жыл мурун аны Бишкектин Чыгыш-5 кичи районунан көргөндөр бар экенин айтышкан. Бирок так маалымат болгон жок.

Биз апамды көп жылдан бери издеп келебиз. 2014-жылы укук коргоо органдарына кайрылдык. «Кайдасың?» телеберүүсүнө да кайрылганбыз. Бирок азыркыга чейин эч кандай жыйынтык чыга элек.

– Апаңызды табам деген үмүт менен атайын такси кызматында иштеп жүргөнүңүздү да айттыңыз эле…

– Ооба. «Манас» аэропортунан чыккан жүргүнчүлөрдү өлкөнүн ар кайсы аймактарына ташыйм. Казакстанга чейин да барып келем.

Балким, эл аралап жүрүп апамдын өзүн же аны тааныган адамдарды жолуктуруп каламбы деген үмүт менен такси айдайм. Бирок азырынча андай адамды жолуктура алган жокмун.

Айлам кеткенде көчөдө жашаган адамдардын арасынан да издеп көргөн учурларым болду…

– Өз атаңыз менен байланышып турдуңузбу?

– Ооба. Төрөгөн атам бизден эки айыл төмөн жашачу. Аны менен катышып турчумун. Ал да колдон келишинче жардам берип, шаарга алып барып, чогуу убакыт өткөрчү.

Бир жолу, бешинчи класста окуп жүргөнүмдө, мени өзүнө алып кеткен. Ал учурда атам экинчи үй-бүлө куруп, балалуу болуп калган экен. Жубайы мага жакшы эле мамиле кылды. Бирок эмнегедир өзүмдү ал үйдө бөтөн сезчүмүн.

Акыры кайра эле мени беш айлыгымдан багып чоңойткон ата-энеме кайтып келдим.

Төрөгөн атамдын да көзү өтүп кеткен. Бирок анын азыркы үй-бүлөсү менен байланышыбыз үзүлгөн жок. Балдары менен сүйлөшүп турабыз. Атама карата эч кандай таарынычым болгон эмес. Муну жашоонун жазмышы катары кабыл алдым.

– Азыр өзүңүздүн үй-бүлөңүз бар экен…

– Ооба, азыр үй-бүлөлүүмүн. Эки кызым, бир уулум бар. Алар мектепке жана бала бакчага барышат.

Жубайым өзүбүздүн эле айылдан болот. Менден үч жаш кичүү. Абдан ак көңүл, түшүнүктүү адам. Мен ага апам тууралуу болгон чындыкты башынан эле айтып бергем. Ал мени түшүнүп, дайыма колдоп келет.

– Апаңызды кандай элестетесиз?

– Кээде апам жөнөкөй эле бир үй-бүлөдө жашап жаткандай сезилет. Балким, бирөөгө көз каранды болуп, өз алдынча жашай албай жүргөндүр деп да ойлойм.

Анткени ал агаларынын кайсы базарда иштегенин билет. Эгер келгиси келсе, ушул убакытка чейин келмек деген ойлор да келет.

Чынын айтсам, мен анын кандай абалда экенине эмес, тирүү экенине көбүрөөк тилек кылам. Апама карата эч кандай таарынычым жок.

Эгер анын жашоосу оор болуп калса, аны ошол абалында эле кабыл алам. Биздин үйдүн төрү да, жүрөгүбүз да апам үчүн дайыма ачык.

Мен андан эч нерсе талап кылбайм. Болгону жүзүн бир жолу көрүп, кучактап, ыраазычылыгымды билдирсем – өмүр бою көтөрүп жүргөн эң чоң эңсөөм аткарылмак.

Манас апасын издөөгө жардам сурайт

Эгер сиз Эргешбаева Гүлжамал аттуу айым тууралуу кандайдыр бир маалымат билсеңиз же аны таанысаңыз, редакцияга же Манастын өзүнө кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Манастын байланыш номери: 0505 85 95 79.