Мээрим Касаболотова, актриса: “Арадан көп жыл өтсө да “Апамдын махабаты” унутула элек”
Чыгармачыл адамдардын, алардын ичинде актёр-актрисалардын арасында алгачкы тасмасындагы образы аркылуу элге таанылуу, арадан канча жыл өтсө да аткарган ролу унутулбай кала берүү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көпчүлүк “Апамдын махабаты” тасмасы аркылуу тааныган кино жана театр актрисасы Мээрим Касаболотова менен маек курдук.
– Ар бир актёр-актрисаны тааныткан образы бар. Сиздики “Апамдын махабаты” тасмасындагы ролунуз. Андан бери бул тасманы басып өтө тургандай роль жарата элексизби?
– Ооба, мен ошол образым аркылуу элге таанылгам. Андан бери бир топ эле роль жараттым. Мисалы, жаш режиссёр И.Олжобаевдин "Күйөө сатам", Ж.Өзүбекованын калемине таандык чыгармасында Шуулдак жеңенин образын жараттым, "Дил Баян" аттуу кыска метраждуу тасмада мугалимдин ролун жараттым. "Өзүмдү кечире албайм” аттуу тасмада башкы каармандын ролун ойнодум. Бул образдарым да элге жакты деп ойлойм. Ошентсе да эл мени “Апамдын махабатындагы” Керээздин образы аркылуу тааныйт. Көрүүчүлөрдү абдан эле таасирленткен экен. «Апамдын махабаты» популярдуу болуп турган кезде мен студент элем. Бир күнү группалаш кызым менен батирге чогуу чыктык. Группалашымдын бөлөсү дагы биз менен бирге жашап калды. Анан ал таенесине «актриса кыз менен чогуу жашап жатам» деп айтып барыптыр. Анда таенеси «агайынан боозуп, бузулган кыз менен жашабайсың, сен дагы бузулуп кетесиң» деп урушуп, ал кызды батирден чыгарып кеткен. Бирок ошол эле учурда «жолуң ачылсын» деп ак батасын бергендер да көп болду.
– Театрсыз жашооңузду элестете аласызбы?
– Театрсыз жашоомду элестете албай, кадимкидей ооруп калам. Театрдын негизи эле тузу оор. Бир кирген кишинин чыккысы келбей калат. Мен да ошондой театр менен ооруган, бүткүл тагдырын театрга байлаган адаммын. Улам жаңы образ жаратып, өзүңдү күлүктөй таптап турбасаң кадимкидей формадан чыга түшөсүң. Ошол себептен ар бир күн биз үчүн профессионализм үчүн күрөшүү, машыгуу болуп саналат. Өнөрдүн арты менен дүйнө аралап, чоң сахналарда, фестивалдарда ойногон учурларда ушул кесипти тандап алганыма сыймыктанам. Театрыбыз 1-октябрдан баштап 99-сезонун ачып, көрүүчүлөрдү өзүнө чакырып жатат. Театрга келиңиздер, жан дүйнөгө азык алыңыздар.
– Актриса болуу кичине кезиңизден берки кыялыңыз беле?
– Ооба, кичине кезимден актриса болууну абдан каалачумун. Атамдын колуна суу куюп берип, «ата, мага «атактуу актриса бол» деп бата берчи» деп жанынан кетчү эмесмин. Атам бата бермейинче менден кутулчу эмес. Бирок мектепти бүткөндө Каракол шаарындагы Ыбрай Туманов атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, кыл кыяк боюнча төрт жыл билим алдым. Атамдын сөзүнө каршы чыга албай бул окуу жайга окуп калганым менен оюмдун баары актриса болууда эле. Кийин Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство институтунун актёр жана кино факультетине тапшырып, өзүм эңсеген актёрлукту аяктадым.
– Биринчи жолу кайсы фильмге тартылдыңыз?
– Студент кезимде анча-мынча драма, пьесаларга катышып жүрдүм. “Киного качан тартылам? Бул кесипти бекер эле тандаптырмын...” деп эки анжы болуп жүргөн күндөрүмдүн биринде Эрнест Абдыжапаровдун “Айыл өкмөтү” фильмине кастинг жарыяланып калды. Барып катышып, дароо эле кастингден өтүп кеттим. Ошентип, биринчи жолу 23 жашымда Айша аттуу кыздын образын жараткам.
– Жаштыгыңызды кантип сактайсыз? Сүткө жуунам деп элди бир дуулдатып ийдиңиз окшойт.
– Ал сөз арасында тамаша катары айтылып кетип, азыр лакап болуп калды окшойт. Кайда барсам элдин баары эле Мээрим сүткө жуунат экен деп алышыптыр. Кесиптештер менен отурганда илгери хандын аялдары сүткө жуунушчу турбайбы, сүттүн пайдасы көп болсо керек дегем. Кесиптештерим аны өөрчүтүп, барып-барып мен жууна турган болуп калдым. А чынында жаштыктын, сулуулуктун сыры жүрөктүн тазалыгында. Жүрөгүмдү күнүгө негатив ойлордон тазалайм. Бирөө мага жамандык каалап жатса да ал адамга көңүл бурбайм. Бир күнү өзү түшүнөөр деп ойлойм. Эгер чектен чыкса, бетине барып айтам. Адамдын жүрөгү таза болсо ал жүзүнө, чырайына, көзүнө чыгат. Ошондуктан ар дайым жүрөгүмдү таза ойлорго толтуруп, дайыма позитив менен жүрөм. Бул нерсе мага жаштыкты сактаганга жардам берет.
– Сиңдиңиз Айзада Касаболотова да өнөрдүн улуу жолунда эмгек кылып жүрөт… Каныңыздарда талант бар экен да?
– Ооба, сиңдим 5 жашынан ырдайт, учурда Кудайга шүгүр, кыргыз маданиятынын бир бурчун сүйрөп элге кызмат кылып иштеп жүрөт. Комузда кол ойнотуп, созолонто ырдаса угуп эле отургуң келет. Биз атамды тартсак керек. Атам Касаболотов Төлөн Касаболотович чоң комузчу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген ишмери, жүздөн ашуун күүлөрдүн ээси. Ы.Туманов атындагы Каракол мамлекеттик музыкалык окуу жайында комуздан сабак берип көп жылдан бери эмгектенет. Атамдын өз аты Асангазы экен. Согуштан атамдын агасы кайтпай калып, кара кагаз келиптир. Атам 1949-жылы төрөлүп калгандыктан, Дайырбек уулумдун ордуна жарык дүйнөгө уул келди, уулум төлөндү деген тилек менен чоң апам Төлөнүм деп эркелетчү экен. Ошо бойдон Төлөн болуп калыптыр. Бир туугандар баарыбыз атамды тартып таланттуубуз. Эжем бийчи, иним чоорчу.
– Мугалимдикти кошо алып баратканыңызды да билебиз, эки жумушту бир алып кетүү оор эмеспи?
– Мугалимдик да атамдан болсо керек. Атамды көрүп эле окутуучу болгум келе берчү. Алгач мектептерде “сахналык сүйлөө жана актёрдук чеберчилик” боюнча сабак берип иштеп баштадым, кийин Филатов мектебинде да иштедим. Сабак берүү методикасын жана ыкмаларын да атам үйрөткөн. Азыр Б.Бейшеналиева атындагы улуттук искуство жана маданият университетинде “Сахна кеби жана көркөм окуу” боюнча сабак берем. Эки ишим бири-бирине тыгыз байланыштуу болгондуктан оорчулугу деле жок. Болгону убакытты туура бөлүштүрүп алуу зарыл.
– Азыр карапайым эл өнөр адамдарын жакыныраактан билип калгандай. Соцтармактан көрүп ушулардын эле жашоосу жыргал дегендер да бар. Өнөр адамдарынын соцтармактардагы жашоосу менен реалдуу жашоосунда айырма барбы?
– Албетте, айырма асман менен жердей. Эми бул өнөр өтө түйшүктүү жана машакаттуу кесип. Бирок ар бир адам өз сүйгөн кесибинде иштесе ал бактылуу адам деп эсептейм. Ар бир адам өзүнө тиешелүү гана тагдырга ээ. Анын баарын социалдык тармакка чыгара берсе болбойт го. Анткени ал жашоо. Бул менин жеке оюм. Социалдык тармакка чыгара турган анан чыгарбай турган нерселер бар. Карапайым эл телефондон көргөндүн баары бактылуу дегенден алыс болсо дейм...
ф
