Кирилл Кузнецов Бишкекте: Көрүүчү залдан көзүнө жаш алып чыкса – кинонун сыйкыры ушул
1 ноябрь

Кирилл Кузнецов Бишкекте: Көрүүчү залдан көзүнө жаш алып чыкса – кинонун сыйкыры ушул

“Август” жана “Советтер союзунун сүйүүсү” тасмасында роль жараткан, россиялык белгилүү актер Кирилл Кузнецов Бишкекке, Россиянын Кыргызстандагы маданият күндөрүнүн алкагында, Орус кинофестивалына  келди. Журналисттер менен баарлашууда актер өзүнүн ролдору, персонажына “кирүү” процесси тууралуу жана эмнеге ага көрүүчүлөрдүн реакциясы абдан маанилүү экенин айтып берди.

– Кирилл, Бишкекке биринчи келишиңизби?

– Ооба, биринчи жолу.

– А Борбор Азияда мурда болгонсузбу?

– Мен Казакстандан болом (Костанай – ред.). Алматыда болгом, бирок Бишкекке жол түшкөн эмес.

– “Август” же “Советтер союзунун сүйүүсү” – кайсы тасма сизге жакын?

– Экөө тең мен үчүн кымбат. Кайсы бирин бөлүп көрсөтө албайм. Экөө эки башка.

“Советтер союзунун сүйүүсү” – бул биринчи кезекте, сүйүү тууралуу баян. А “Август” – аскердик драма, мында дагы сүйүүгө орун берилген, бирок согуш жана менин каарманымдын чогуу кызмат өтөгөндөр менен болгон татаал мамилеси көңүл чордонунда турат.

– Биз такыр башка заманда жашап жатабыз. Башка доордун адамын ойноо кыйын эмеспи?

– Съемка аянтчасына чыкканда бул тууралуу ойлонбойсуң. “Ролго кирүү” деген сөз кино тууралуу эмес. Бизде режиссер, сцена, тапшырма, аракет бар. Анын баарын чын дилиңден, колуңдан келишинче аткарууга аракет жасай баштайсың. Балким, “кирүү” дегендин өзү ушул болсо керек.

Дайыма өзүмдү толугу менен жумушка арнап, майда-чүйдөгө чейин көңүл бурууга аракеттенем. Анан албетте, айланабызда көптөгөн адамдар болот – консультанттар, сүрөтчүлөр, операторлор. Алардын баары доорду, атмосфераны, ошол кездеги турмушту сезүүгө жардам беришет. “Кирүү” дегенди так ушулар жаратат. А бирок ачыгын айтайын, мага бул сөз жакпайт.

– Каармандарыңызга мүнөзүңүз окшошпу?

– “Советтер союзунун сүйүүсүндөгү” Ковров тууралуу айтсак, анда биз такыр окшобойбуз. Менде жок айрым нерселерди андан үйрөнүүгө туура келди.

 Ал эми “Августтун” каарманы Аникушин менен окшоштук көп. Мен дагы ал сыяктуу эле өзүн-өзү сындаган, талапты катуу койгон адаммын.

– Көрүүчүлөрдүн реакциясы сизге канчалык маанилүү?

– Абдан маанилүү. Биз кинону көрүүчүлөр үчүн тартабыз да, аларга таасир берсин, жаксын, шыктантсын деп. “Кинонун жагышы шарт эмес, ал эмненидир жеткириши керек”, - деп коюшат эмеспи. Мен буга макулмун, бирок баары бир көрүүчү залдан таасирленген, кубанган, капаланган эмоциялар менен чыгышы керек деп эсептейм.

Кинонун сыйкыры - күйүп турган көздөрдү, кээде андагы көз жашты көргөндө жатат. Так ушул нерсе үчүн иштеш керек.