Болот Иманалиев: Мектеп рэкетчилигинин күчөшүндө ата-эненин да жоопкерчилиги чоң
Бир айдын ичинде Кыргызстанда мектеп окуучуларына байланышкан үч кайгылуу окуя катталды. Бишкектеги №72 мектептин 9-классынын окуучусу Аннас Айтбаев жогорку класстын окуучусунун ур-токмогунан каза тапса, ушундай эле жол менен Кант шаарындагы №3 мектептин окуучусу, 16 жаштагы Дмитрий Чернявскийдин өмүрү жалп өчтү. Андан көп өтпөй Ош облусуна караштуу Кара-Суу районундагы №39 орто мектептин 9- жана 10-класстарынын окуучуларынын мушташынан 9-класстын окуучусу көз жумду.
Эмне себептен окуучулар арасындагы кылмыштуулук күчөп жатат жана аны алдын алуу үчүн тийиштүү кызматтар кандай аракеттерди көрүүдө? Бул боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин уюштуруу жана тарбиялык секторунун башчысы Болот Иманалиев Караван-Инфого айтып берди.
– Акыркы окуялар коомчулукту селт эттирди. Негизи эле мектептердеги ар кандай кылмыштуулукту алдын алуу боюнча министрлик тарабынан кандай иш аракеттер жасалат?
– Билим берүү жана илим министрлиги укук бузууларды алдын алуу боюнча дайыма көзөмөл жүргүзүп келет. Акыркы болгон окуяларга байланыштуу тиешелүү чаралар өз убагында так, туура аткарылып жатат. Окуялар катталгандан тартып биз ИИМдин Жашы жете электердин иши боюнча инспекциясы менен биргеликте жер-жерлерде түшүндүрүү иштерин жүргүзүп баштадык. Тиешелүү каттар ар бир районго жөнөтүлгөн. Негизи, укук бузууларды алдын алуу максатында ар бир жаңы окуу жылынын башталышында, Билим берүү жана илим, ИИМ, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция, ӨКМ жана Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрликтер аралык план иштелип чыгат. Анын негизинде ар бир райондо тиешелүү иш чаралар аткарылат жана ар бир чейректе кайсы тематикада иш алып баруу керектиги белгиленет. Аны менен катар бардык мектепте укук бузуулардын алдын алуу кеңештери түзүлүп, курамына мектеп администрациясы, милиция кызматкерлери, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин өкүлдөрү, ата-энелер комитетинин мүчөлөрү кирет. Ошентип, биз бул багыттагы иштерди чогуу-чаран жасап келүүдөбүз.
– Бирдиктүү иш чаралар жасалып, кылмыштуулуктун алдын алууга аракеттер көрүлгөнү менен ушул айдагыдай кайгылуу окуялардын орун алышына эмне себеп?
– Анын себептери көп, комплекстүү караш керек. Биз деле айтып жатабыз, билим менен тарбия берүү мектептен болот. Билим менен тарбияны бөлүп кароо туура эмес, билим берилген жерде тарбия да берилет. Бирок бала мектепте жумасына беш күн 5-6 саат болот, калган учурда ата-энесинин көзөмөлүндө болууга тийиш. Бул жерде ата-эненин да жоопкерчилигин кароо керек. Бизге берилген маалыматтар боюнча, өлкө боюнча 3600 мектеп жашындагы бала Жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын каттоосунда турат. Окуучулар арасындагы кылмыштуулук көбүнчө мектеп учурунда эмес, андан тышкаркы убакытта өтөт. Ошол убакта ата-эне кайда карап жаткан, эмнеге баласын көзөмөлдөбөйт деген суроо туулат.
Биз бул жаатты да колго алып, ата-энелер арасында тренингдерди өткөрүп келебиз. Балага үй-бүлөдө көңүл бурулбагандыктан, ата-эне менен баланын ортосунда мамиле жоктугунан, сырдашпагандыктан ушундай көйгөйлөр келип чыгууда. Окуучулар арасындагы кылмыштуулукту алдын алуу боюнча баштагыдай аңгемелешүү, жыйындарды өткөрүү эски ыкмага айланды, азыр бардык мамлекеттик органдар менен биргеликте, психологдордун жардамы менен жаңы ыкмаларды колдонууну карап жатабыз.
– Акыркы окуялар мектеп убактысында болгонбу?
– Мында мектеп рэкети деп атап жатабыз. Ар бири боюнча ИИМ тарабынан кылмыш иликтөө иштери жүрүп, тиешелүү чаралар көрүлүп жатат. Анын жыйынтыгында, белгилүү болот.
– Өлкө мектептеринде эмнеге балдар психологдору камтылган эмес?
– Бир гана Бишкек шаарындагы мектептерге психологдорго штаттык бирдик берилген, аймактардагы мектептерге республикалык бюджеттен каралган эмес. Бирок социалдык педагог штаттык бирдиги бар, анын милдети – социалдык жактан аз камсыз болгон же турмуштук оор кырдаалга кабылган балдардын эсебин алуу жана ата-энелер, класс жетекчилери, социалдык кызматкерлер менен биргеликте индивидуалдуу иш алып баруу.
– Жогоруда Жашы жете электердин иши боюнча инспекциянын катоосунда 3600 бала турат деп айттыңыз, бул көп эмеспи?
– Ооба, 3600 бала каттоодо турат. Бирок андан чоочулоонун кереги жок, ата-энелерге да ушул боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Бала каттоого алынгандан кийин тиешелүү кызматтар тарабынан көзөмөлдө болот. Анын мөөнөтү бар, эгер ошол убакыт ичинде бала өзүн жакшы жагынан көрсөтүп, жүрүм-турумунда оңолуу болсо, кайсы бир айдан кийин каттоодон алынат.
– Акыркы жылдары окуучулар арасындагы кылмыштуулуктун деңгээли өскөндөй сезилип жатат, ушундайбы?
– Эгерде жалпы статистиканы карай турган болсок, 2023-жылга караганда 2024-жылы 3-4 пайызга азайган. Бирок бул жылы баланын өлүмүнө алып келген окуялар көп катталып кетти.
