Кубан Чороев: Санарип сом – заманбап экономикага ташталган кадам
Санариптик сом канчалык ишенимдүү, анын криптовалютадан артыкчылыгы жана айырмасы эмнеде? Аны менен ипотека алса же кредит төлөсө болобу? Бул суроолорго жоопту Караван-Инф өзүнүн эксперти, көз карандысыз экономикалык байкоочу Кубан Чороев менен биргеликте издеди.
– Санарип сом деген эмне жана эмне үчүн керектигин түшүндүрүп берсеңиз?
– Санариптик сом – бул Кыргызстандын борбордук банкы тарабынан электрондук түрдө чыгарылган улуттук валютасынын формасы (CBDC, Central Bank Digital Currency).
Ал кагаз акчаны алмаштырбайт, тескерисинче, аларды толуктап турат: банк эсептери жок калкка финансылык жеткиликтүүлүктү камсыздайт; кагаз акчаны чыгаруу жана иштетүү чыгымдарын азайтат; салык төлөмдөрү, социалдык төлөмдөр сыяктуу транзакциялардын ылдамдыгын жана ачыктыгын жогорулатат; жеке төлөм системалары жана криптовалюталар менен атаандашууну камсыздайт.
– Аны менен бир гана Кыргызстанда төлөм жүргүзө алабызбы?
– Башында санариптик сом ички эсептөөлөргө багытталган. Бирок эгерде мамлекеттер аралык, мисалы ЕАЭБ менен келишимдер бар болсо, чек араларды кесип өтүүчү төлөмдөр болушу мүмкүн. Буга эл аралык соодада Кытайдын санарип юанынын пилоту мисал боло алат.
– Санарип сом криптовалюта сыяктуу эле нерсе деген пикирлер бар. Булардын айырмасы эмнеде?
– Биринчиден, бул борборлоштурулган: санарип сом Улуттук банк тарабынан көзөмөлгө алынат, ал эми криптовалютада (биткоин, эфир) мындай нерсе жок. Экинчиден, туруктуулук: волатилдик криптоактивдерден айырмаланып, курс кадимки сомго байланган. Үчүнчүдөн, регуляция: CBDC КР мыйзамдарына ылайыкташкан, а криптовалюталар көбүнчө мыйзамдан сырткары жашайт.
– Артыкчылыгы эмнеде? Канчалык деңгээлде ишенимдүү?
– Анын артыкчылыгы смартфон аркылуу ыкчам төлөмдөрдү жүргүзүүгө болот, ошондой эле жасалмалоо коркунучу аз. Максаттуу субсидиялар сыяктуу программаланган акча мүмкүнчүлүгү бар. Ишенимдүүлүгү Улуттук банктын системаларынын корголушуна көз каранды. Адатта CBDC криптографияны жана бөлүштүрүлгөн реестрин колдонот, бул бузуп кирүү тобокелдигин азайтат.
– Башка өлкөлөрдүн санарип акчасын киргизүү тажрыйбасы канчалык ийгиликтүү ишке ашкан?
– Мисалы, Кытайда санарип юань пилоту 2023-жылы 260 миллион колдонуучуну камтыган. Багамыдагы Sand Dollar аралдардагы финансылык тейлөөлөрдүн жеткиликтүүлүгүн жогорулатты. Швецияда e-krona нак акчаларды колдонууну азайтуу менен болгон күрөштө сыналып жатат. Ийгилик учурдагы инфраструктура менен интеграциядан жана коомдук ишенимден көз каранды.
– Санарип сом кайда сакталат?
– Банк эсептерине же түз Улуттук банкка байланган санарип капчыктарында. Kaspi Bank же Optima24кө окшогон уюлдук тиркемелерге сактоого болот.
– Санарип сом менен кредит алууга, депозитке салууга же ипотека төлөөгө болобу?
– Банктар санарип сом менен продукцияларды сунуштай алышат, эгер бул алардын саясатында каралган болсо. А ипотека техникалык жактан мүмкүн, бирок ал жөнгө салуучу ченемдерге байланыштуу болот.
– Пенсиялык топтомолорду санариптик сомдор менен сактоого болобу?
– Бул мыйзамдык өзгөртүүлөрдү талап кылат. Мисалы, Казакстанда пенсиялык фонддор мамлекеттин көзөмөлүнүн астында санарип активдерге инвестиция салышат.
– Чынында эле ал эсептөөлөрдөгү ачык-айкындуулукту камсыз кылабы?
– Ооба, CBDC транзакцияларды реалдуу убакыт режиминде көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет, бул салык төлөөдөн качууну, коррупциялык схемаларды азайтат. Бирок бул купуялуулук маселесин - көзөмөлдөө менен жарандардын укуктарынын ортосундагы баланс боюнча суроолорду жаратат.
– Хакерлерге санариптик акчага жетүүдөн эмне тоскоолдук кылат?
– Көп деңгээлдүү аутентификация (биометрия, SMS-коддор); блокчейн же реестрлерди коргоо үчүн аналогдук технологиялар; үзгүлтүксүз аудит жана эл аралык киберкоопсуздук агенттиктери менен кызматташуу.
– Санариптик сом жаңы технологияларды талап кылат. Биз ага даярбызбы?
– Төлөм системаларын модернизациялоо жана интернет камтууну кеңейтүү талап кылынат. 2023-жылы Кыргызстандын калкынын 76 пайызына интернет жеткиликтүү болгону белгилүү. Мындан тышкары, санарип сабаттуулук боюнча кампаниялар зарыл.
Бирок мисалга алсак, Элкарт системасынын ишке кириши калк жаңы технологияларга ыңгайлуу шартта адаптация болоорун көрсөттү.
Жыйынтыктап айтканда, санариптик сом – заманбап экономикага ташталган кадам, бирок анын ийгилиги коопсуздукка, жарандардын ишенимине жана сабаттуу жөнгө салынууга байланыштуу.
Даярдаган Назгуль Нурманбетова
