Акылбек Акматалиев: Омуртка грыжасы 10 жылга жашарды
Саламаттыкты сактоонун отличниги, медицина илимдеринин кандидаты, КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталдын №2 нейрохирургия бөлүмүнүн башчысы Акылбек Акматалиев менен омуртка грыжасын алдын алуу жана дарылоо тууралуу маектештик.
– Омуртка грыжасы канчалык көп жана эмне үчүн пайда болот?
– Адегенде дисктин грыжасы деген эмне экенин түшүнүү керек. Бул омуртка аралык дисктин омуртка каналына чыгышы. Ошол эле учурда ал тамырларды кысып, натыйжада бейтапта оору синдрому пайда болот.
– Кандай мүнөздөгү оору байкалат?
– Баары диск гыржасынын стадиясынан көз каранды. Нозологияда бул стадиялар лямбаго, люмбалгия жана люмбоишиалгия болуп бөлүнөт. Лямбаго бул сайышкан, катуу билинген, белдин ылдый жагында пайда болгон оору. Лямбалгияда да дагы оору синдрому болот. Лямбоишиалгияда оору далыга, кабырганын ылдый тарабына берет.
Бул оорулардын себеби эмнеде? Акыркы он жылда биз диск грыжасы жашарып жатканын айтуудабыз. Көбүнчө, бул жаштардын физикалык активдүүлүгүнө, булчуң корсетинин жоктугуна же алсыздыгына байланыштуу, анткени бул түз жүлүндүн булчуңдары жана белдин ылдый жагынын булчуңдары, негищзинен салмактын оор бөлүгүн көтөрөт. Булчуңдар алсыз болгондо жүлүнгө жүк түшүп, диск грыжасы пайда болот.
Жаш бейтаптар бизге бат-баттан келе башташты, биз пальпация аркылуу алардын булчуң корсети өтө алсыз экенин сезебиз. Мурда диск грыжалары табигый түрдө улгайган адамдарда көп кездешчү, азыр травматикалык грыжалар бар, бирок бул өзүнчө тема.
Тилекке каршы, бардык эле учурларды операциясыз дарылоо мүмкүн эмес. Дарылоо дайыма ар бир адамга ар башкача болот. Грыжанын көлөмүнө, анын нервди канчалык деңгээлде кысып жатканын, ошондой эле клиникалык көрүнүштөргө жараша дарылоо аныкталат. Ар кандай оорулууларда оору ар башкача болот. Бул жүлүндүн анатомиялык жана физиологиялык өзгөчөлүктөрү менен шартталган.
Кээ бир адамдардын омуртка каналы кененирээк, грыжа чоң жана клиникасы жок, ал эми кээ бирлеринин каналы тар, грыжа кичинекей, бирок клиникада буттун манжаларында уюп калуу ж.б. сыяктуу айкын оору синдрому бар.
– Көпчүлүк адамдар омурткага кандайдыр бир хирургиялык кийлигишүү жасалышынан коркуп, операциядан баш тартышат, буга эмне дейсиз?
– Тилекке каршы, бизге оорунун өнүккөн стадиясында, буттун булчуңдары арыктап, таман кыймылын жоготуп койгонго чейин жеткен абалда кайрылган адамдар кездешет. Бул узак убакыт бою оорулуу коркуп же кандайдыр бир башка себептерден улам операция жасагысы келбегендигинен улам болот. Грыжа сыртка чыгып, тамырды кысып, ошону менен акыбал жаман жагына бурулган. Мындай учурда анын функциясын калыбына келтирүүгө мүмкүн болбой калат, эгер операция жасасак, аны жакшыртуу эмес, начарлап кетүүсүнө жол бербөө керек. Ар бир бейтапта ар кандай. Бул грыжанын тамырдын канчалык деңгээлде кысып калганына жараша болот. Кээ бирөөлөрдө алты айда ушул чекке жетсе, айрымдарда он беш жылдан кийин гана белгилүү болот.
– Грыжа өсөбү?
– Ооба, ал өсөт, бирок шишиктей тез эмес, режим сактабагандыктан, оор көтөргөндөн өсөт.
– Дарыгерге качан кайрылуу керек?
– Туура айтылган тамашалуу сөз бар: “Азабын тарткыча абайлаган оң”. Кандай симптом пайда болбосун элдик табыптарга эмес, дарыгерлерге кайрылуу керек. Адамдар мануалдык терапияга кайрылышат, ал жактан денени тарткылашат, бурашат, бул бардык эле кырдаалда туура боло бербейт. Бизге мануалдык терапиядан кийин кайрылган бейтаптар да болот. Мындай каудосиндром бар: оору абдан катуу, манжалар уюп калат жана жамбаш сөөктөрүнүн кыймылы бузулат. Ушундай учурда шашылыш операциядан кыйгап өтүү мүмкүн эмес. Өз алдынча дарылануу болбойт. Алдын алуу үчүн фитнес жана сууда сүзүү менен алектенүү керек. Сууда сүзүүдө бардык булчуңдар кыймылга келет, ошентип булчуң корсети бекемделет.
– Операциядан кийин оору кайтып келбейби?
– Операциядан кийин бейтап баспай калышы мүмкүн деген коркууларды көп угам. Талашпайм, кеч кайрылганда ушундай кесепеттери да болушу мүмкүн. Бир гана бейтаптар эмес, хирургдар да коркушат. Бирок адамдардан айырмаланып, хирург нозология кандай болгонун жана дарт кандай жүргөнүн териштирет. Операциядан кийин дайыма режим сактоо керек, спорт менен алектенип, акырындык менен далы булчуңдарын бекемдөө зарыл.
– Тамак-аш кандай болушу керек?
– Мындай ооруда биз өзгөчө диета сунуштабайбыз.
– Ооругандар көппү?
– Мурда Улуттук госпиталь аркылуу бейтаптар көп кайрылышты. Азыр жеке клиникалар көп болуп калгандыктан кайрылгандардын саны азайды. Бейтап тандоо укугуна ээ. Эң башкысы, ал дарыгерге кайрылышы керек.
– Жеке медицинаны өнүктүрүү зарылбы?
– Мамлекеттик жана жеке медицина биргеликте өнүгүшү керек. Шарт жакшы болгондуктан бейтаптар көбүнчө жеке борборлорду тандашат. Тандоонун бары жакшы. Мамлекеттик ооруканаларда да алдыга жылууга мотивация болушу зарыл.