Япониянын акчага сатып алууга мүмкүн болбогон сыры: согушту жана катастрофаны жашап өткөн элдин философиясы
8 август

Япониянын акчага сатып алууга мүмкүн болбогон сыры: согушту жана катастрофаны жашап өткөн элдин философиясы

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатиянын эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын «Дүйнө лидерлери» автордук рубрикасы.

Профессор Такаши Осава менен Бакуда өткөн эл аралык илимий иш-чаралардын биринде таанышканбыз. Баарлашуунун алгачкы мүнөттөрүндө эле бет алдымда сейрек кездешүүчү эрудицияга, терең тарыхый ой жүгүртүүгө жана таң калыштуу ички интеллектуалдуулукка ээ адам турганын байкадым.

Профессор Осава дээрлик отуз жылдан бери байыркы түрктөрдүн жана енисей кыргыздарынын тарыхын изилдеп, Монголияда жана Түштүк Сибирде илимий экспедицияларды жүргүзүп, байыркы руналык эстеликтерди жана көчмөндөр цивилизациясынын башатын изилдеп келет. Анын илимий кызыкчылыктарында улуу Чыңгыз Айтматовдун чыгармачылыгы өзгөчө орунду ээлейт, анткени ал бул чыгармаларда адабий мурас гана эмес, адам, жаратылыш жана тарых ортосундагы мамилелердин терең философиясын көрөт.

Бүгүн дүйнө тез өзгөрүп, жасалма интеллект, технологиялар жана глобализация жаңы чындыкты жаратып жаткан учурда, учурдун гана эмес, бүтүндөй тарыхый доорлордун мыйзам ченемдүүлүктөрүн көрө билген окумуштуунун пикирин угуу өзгөчө маанилүү.

Бул маекте профессор Такаши Осава Япониянын ийгилигинин себептери, тартип жана жашоо маңызы, «икигай» жөнүндө, жаңы муундарды тарбиялоо, маданий мурасты сактоо, адамзаттын келечеги жана Чыңгыз Айтматовдун идеялары эмне үчүн азыркы дүйнө үчүн барган сайын актуалдуу болуп жатканы тууралуу ойлорун бөлүшөт.

– Урматтуу профессор Осава, Япония согуштарды, кыйратуучу жер титирөөлөрдү, цунамилерди жана экономикалык кризистерди башынан өткөрдү. Сиздин оюңузча, жапон элинин негизги ички күчү эмнеде?

– Менимче, бул күчтүн негизинде эки нерсе жатат – ырааттуу иш-аракет кылуу жөндөмү жана сабырдуулук. Япондуктар көптөгөн маанилүү натыйжаларга заматта жете калуу мүмкүн эместигин түшүнүп калышкан. Ошондуктан биз кыйынчылыктарга токтолбостон, кичинекей, бирок туруктуу кадамдар менен алдыга жылууга аракет кылабыз. Тарыхтын эң оор мезгилдеринде да тынчтыкты сактап калуу жөндөмү өлкөбүзгө согуштарды, табигый кырсыктарды жана экономикалык шокту жеңүүгө жардам берди.

– Япониялыктар ондогон жылдар алдын ойлоого жөндөмдүү. Бул жөндөмдүн негизинде эмне жатат – билим берүү системасы, үй-бүлөлүк тарбия же улуттук философия?

– Бул жерде бир гана факторду бөлүп көрсөтүү мүмкүн эмес. Япон дүйнө таанымынын көптөгөн өзгөчөлүктөрү кылымдар бою калыптанган. Айрыкча Япония тышкы дүйнөдөн кыйла жабык болгон Эдо мезгили (1603–1868-жылдар) чоң таасирин тийгизген. Бул мезгилде өлкө ичинде маданият, философия, тартип жана жоопкерчилик жөнүндөгү түшүнүктөр өз алдынча өнүккөн. Ошондо пайда болгон көптөгөн баалуулуктар азыркыга чейин сакталып келет. Мына ошондуктан япониялыктар келечек жөнүндө гана эмес, бүгүнкү күндү да ойлоого көнүп калышкан.

– Япониянын тартиптүүлүгү дүйнө жүзү боюнча суктанууну жаратат. Сиздин оюңузча, тартиптүүлүк менен жеке эркиндиктин ортосундагы тең салмактуулукту кантип сакташат?

– Япон коомунда коомдук кызыкчылыктар менен жеке умтулуулар ар дайым чогуу жашап келген. Алардын ортосундагы тең салмактуулук адамга, анын тарбиясына, жашына жана турмуштук тажрыйбасына жараша болот. Улуу муун салттуу түрдө жамааттык жоопкерчиликти көбүрөөк бааласа, жаштар көбүнчө жеке өзүн-өзү көрсөтүүгө умтулушат. Менимче, коомдун милдети бул эки башталышты бири-бирине каршы коюу эмес, алардын ортосунан гармонияны издөө.

– Японияда мекенчилдик жөнүндө катуу кыйкырык сейрек угулат, бирок өз өлкөсүн сүйүү бардык жерде сезилет. Бул сезим жаңы муундарга кандайча берилет?

– Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Японияда мекенчилдикке болгон мамиле кыйла өзгөргөн. Бир кезде жаштар мындай түшүнүктөргө этият мамиле кылышкан. Бирок глобалдык дүйнөнүн өнүгүшү менен адамдар кайрадан табигый түрдө өлкөсүнө таандык экенин сезе башташты. Бул, айрыкча, япониялыктар өз курама командасын чын жүрөктөн колдогон эл аралык спорттук мелдештерде байкалат. Менимче, чыныгы мекенчилдик катуу ураандарды талап кылбайт. Ал өз маданиятына, тарыхына болгон сый-урматта жана коом алдындагы жоопкерчиликте көрүнөт.

– Япон балдары кичинекей кезинен баштап класстарын өздөрү тазалашат, айлана-чөйрөнү сыйлоону жана жоопкерчиликти алууну үйрөнүшөт. Мындай тарбия системасынын философиялык негизи эмнеде?

– Бул салттын тамыры байыркы япон рухий маданиятына келип такалат. Ата-бабаларыбыз тоолордо, дарыяларда, дарактарда, жаныбарларда, үйдө, ал тургай күнүмдүк тиричилик буюмдарында да ыйык рух бар деп ишенишкен. Ошондуктан адам өзүн курчап турган нерселердин баарына урмат менен мамиле кылууга милдеттүү.

Бүгүнкү күндө ар бир япон бул салттын диний келип чыгышын билбесе да, курчап турган дүйнөгө урмат менен мамиле кылуу маданияты сакталып калган. Биз өзүбүздү курчап турган мейкиндикти тазалоо менен бир эле учурда өз жан дүйнөбүздү да тазалайбыз деп эсептейбиз. Мындан тышкары, башка адамдарга кылган жакшылык сөзсүз түрдө кайтып келет деген ишеним бар.

– Бүгүнкү күндө Япония сапаттын дүйнөлүк символдорунун бири болуп саналат. Япон үчүн кайсынысы маанилүүрөөк: тубаса талантпы же өзүн күн сайын өркүндөтүүбү?

– Албетте, талант маанилүү. Бирок эмгексиз таланттын чыныгы ийгиликти алып келиши сейрек. Өзүн тынымсыз өркүндөтүү жөндөмү алда канча маанилүү. Ар бир адам, эгерде ал күн сайын өзүн өркүндөтүүгө даяр болсо, өз жөндөмдөрүн өнүктүрө алат.

– Тез технологиялык прогресс доорунда япон коому биринчи кезекте кайсы адамдык баалуулуктарды сактап калууга умтулат?

– Технологиялар максат эмес, курал бойдон калышы керек. Алардын милдети – адамдын жашоосун жакшыртуу. Ошондуктан технологияларды өнүктүрүү менен адамдык баалуулуктардын ортосундагы тең салмактуулукту сактоо абдан маанилүү. Эгерде технологиялар адамга кызмат кылууну токтотсо, алар өзүнүн чыныгы маанисин жоготот.

– «Икигай» деген япон түшүнүгү дүйнө жүзү боюнча чоң кызыгууну жаратууда. Жашоонун маанисин табуу бакыттын жана узак жашоонун башкы ачкычы деп эсептейсизби?

– Адам эмне үчүн жашап жатканын түшүнгөндө, күн сайын алга умтулткан ички энергия пайда болот. Максат аткарыла элек болсо дагы, анын бардыгы эле жашоого маани берет. Мына ошондуктан икигай маанилүү роль ойнойт.

– Японияны узак жашагандардын өлкөсү деп аташат. Сиздин оюңузча, узак жашоонун сыры эмнеде?

– Менимче, тамактануу маданияты башкы ролду ойнойт. Япониялыктар салттуу түрдө балык, күрүч, жашылча, мисо шорпосун көп жешет. Мындай тамак жеңил жана пайдалуу. Албетте, жашоого тынч мамиле да маанилүү, бирок биринчи кезекте узак жашоо тамактануу образы менен байланыштуу.

– Бүгүнкү күндө Япония олуттуу демографиялык көйгөйлөргө туш болуп жатат. Сиз кайсы чечүү жолдорун эң маанилүү деп эсептейсиз?

– Мамлекет аялдардын ишин жана балдарды тарбиялоону ийгиликтүү айкалыштыра ала турган шарттарды түзүүгө аракет кылууда. Бирок бул жетишсиз. Бүгүнкү күндөгү башкы көйгөй – экономика. 1990-жылдардан кийин өлкө экономикалык акырындоонун узак мезгилин башынан өткөрүүдө. Жаштар үчүн туруктуу жумуш табуу барган сайын кыйындап баратат, ал эми эртеңки күнүңө ишенбеген шартта үй-бүлө куруп, балдарды тарбиялоо кыйын. Ошондуктан, биринчи кезекте экономиканы бекемдөө зарыл.

– Япониялыктар өзүлөрүнүн тарыхый мурастарын кылдаттык менен сакташат. Өткөнгө урмат менен мамиле кылуу келечекти курууга кандайча жардам берет?

– Байыркы имараттарды, эстеликтерди жана тарыхый документтерди изилдеп, биз ата-бабаларыбыз кантип жашаганын, кандай чечимдерди кабыл алганын жана кыйынчылыктарды кантип жеңгенин түшүнүүгө аракет кылабыз. Тарых биз үчүн – бул жөн гана эс тутум эмес, ал мурунку каталардан сактанууга жардам берген тажрыйбанын булагы.

– Жаш муун өз тамырынан барган сайын алыстап бараткан доордо, Япония муундардын уланышын кантип сактап калат?

– Муну жасоо барган сайын кыйындап баратат. Жаштарды салттар менен тааныштырган атайын мектептер жана курстар бар, бирок каалоочулардын саны акырындык менен азайып баратат. Ошондуктан биз маданий мурасты өткөрүп берүүнүн жаңы формаларын издөөгө тийишпиз.

– Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин Япония таасирдүү экономикалык секирик жасады. Бул жараянда университеттер, илим жана билим берүү кандай роль ойногон?

– Согуштан кийин Япония өтө оор абалда калган. Билим берүү системасы өзгөргөн, өлкө экономикалык кыйроону башынан өткөргөн. Бирок 1952-жылы көз карандысыздык калыбына келгенден кийин жана эл аралык кызматташтыктын аркасында экономика акырындык менен жандана баштаган.

Бирок негизги фактор болуп япондордун эмгекке жана билимге болгон мамилеси калды. Үй-бүлөлөр жана мектептер балдарды билим жана талыкпаган эмгек адамдын тагдырын өзгөртө алат деген ишеним менен тарбиялашкан. Дал ушул нерсе өлкөнүн согуштан кийинки өнүгүүсүнүн пайдубалына айланган.

– Япония жаратылыш байлыктарына бай эмес, бирок дүйнөнүн эң күчтүү экономикаларынын бирине айланды. Анын негизги байлыгы эмне?

– Менимче, негизги ресурс – бул адамдардын билими. Табигый байлыктары чектелүү болгон өлкө интеллект, илим, технология жана эмгек аркылуу баалуулуктарды жаратууга аргасыз болот. Дал ушул адамдык потенциал азыркы Япониянын өнүгүүсүнүн негизи.

– Чет өлкөлүктөрдүн Япония тууралуу эң көп кездешкен туура эмес түшүнүктөрү кайсылар?

– Көпчүлүк Япониянын ийгилиги Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин керемет сыяктуу эле пайда болгон деп ойлошот. Бирок бул туура эмес. Заманбап өнүгүүнүн негиздери алда канча мурда, Эдо доорунда эле коюлган. Ошол кезде эле мектептер болгон, математика, медицина, жаратылыш илимдери окутулуп, Кытай жана Европа өлкөлөрү менен билим алмашуу жүргөн. Ошондуктан япон экономикалык керемети – бул көп кылымдык билим топтоонун натыйжасы деп айта алабыз.

– Японияны Япония кылган жана эч качан жоготпоого тийиш үч баалуулук кайсылар?

– Жаратылышты сыйлоо. Адамды сыйлоо. Жана бири-бирине жардамдашууга даяр болуу. Менимче, дал ушул баалуулуктар коомубуздун адеп-ахлактык негизин түзөт.

– Бүгүнкү күндө дүйнө тынчсыздануунун жана эмоционалдык чарчоонун күчөшүнө туш болуп жатат. Япон философиясы адамзатка бул кризистен чыгуунун жолун сунуштай алабы?

– Менимче, ал адамдарга жөнөкөй нерселерди эскерте алат. Жагдай канчалык оор болбосун, сабырдуулукту, чыдамкайлыкты жана башка адамды кунт коюп угуу жөндөмүн сактоо маанилүү. Биз башкача ойлогондорду түшүнүүнү үйрөнүшүбүз керек. Бири-бирине жардамдашуу жана сыйлоо бүгүнкү күндө өзгөчө мааниге ээ.

– Азыркы учурда Япониянын келечеги тууралуу сизде эң чоң тынчсызданууну эмне жаратат? Ал эми эмне үмүт берет?

– Эң олуттуу көйгөй – калктын санынын азайышы. Муну чечүү оңой эмес, ошондуктан мамлекет жаш муунга көбүрөөк көңүл бурушу керек. Ошол эле учурда, япон коомунун кыйынчылыктар алдында биригүү жөндөмү мага үмүт берет. Бул сапат өлкөбүзгө кризистерди жеңүүгө бир нече жолу жардам берген.

– Сиз көп жылдардан бери дүйнөнүн ар кайсы маданияттарын изилдеп келесиз. Кыргыз элинин кайсы сапаттары япон коомуна жакыныраак?

– Албетте, маданияттарыбыз ар башка. Бирок мен кыргыздардын жаратылышка болгон терең урмат-сыйын, адамдарга болгон чын ыкластуу мамилесин жана бири-бирине жардам берүүгө даярдыгын ар дайым суктануу менен карайм. Монголияга жана Түштүк Сибирге жасаган экспедицияларымда көчмөн элдердин бул сапаттары канчалык күчтүү экенине бир нече жолу ынангам.

– Эгерде жүз жылдан кийин адамзат XXI кылымдагы Япониянын тажрыйбасынан бир гана башкы сабак ала алса, сиз ал сабак кандай болсо деп каалар элеңиз?

– Мен адамдар жөнөкөй чындыкты түшүнүшсө дейт элем: келечек технологияларга гана таянып курулбайт. Ал жаратылышты сактап кала алабызбы, бири-бирибизди сыйлайбызбы, өз маданиятыбызды сактап, руханий баалуулуктарды кийинки муундарга өткөрүп беребизби, ошого байланыштуу.

– Профессор Такаши Осава, мындай кызыктуу, мазмундуу жана терең баарлашууңуз үчүн сизге ыраазычылык билдирем. Сиздин ойлоруңуз окурмандарыбызга Японияны гана эмес, жалпы адамзаттык баалуулуктарды да жаңыча кароого жардам берет деп ишенем.

– Мен дагы, урматтуу Ассоль, Японияга, анын тарыхына, маданиятына жана руханий салттарына болгон чын ыкластуу кызыгууңуз үчүн чын дилимден ыраазычылык билдирем. Мындай баарлашуулар жөн гана маек эмес. Бул маданияттардын чыныгы диалогу, ал элдердин бири-бирин жакшыраак түшүнүүсүнө жардам берет. Өз ара урматтоо, билим алмашуу жана ачыктык келечек муундарды тарбиялоого жана элдер ортосундагы тынчтыкты чыңдоого олуттуу салым кошот деп терең ишенем. Бул маанилүү талкуунун бир бөлүгү болуу мүмкүнчүлүгүн бергениңиздер үчүн ыраазычылык билдирем.