Бишкекте «Биримдик кербени» долбоорунун алкагында сууну даңазалоо аземи өттү
7 август

Бишкекте «Биримдик кербени» долбоорунун алкагында сууну даңазалоо аземи өттү

Ала-Тоо аянтында  Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2026 алдында ишке ашырылып жаткан «Биримдик кербени» маданий долбоорунун алкагында сууну даңазалоо салтанаттуу аземи болуп өттү.

Иш-чарага Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев катышып, баатырлар жана элчилер бийик тоодогу табигый булактан алып келген символдук суу куюлган Көөкөрдү кабыл алып, кайра өткөрүп берди.

Борбор калаанын мэри «Биримдик кербени» долбоору улуттук биримдиктин, руханий мурастын жана кыргыз элинин бай маданий мурасына болгон терең сый-урматтын символу экенин белгиледи.

Иш-чаранын алкагында борбор калаанын тургундары жана меймандары үчүн кыргыз эстрада ырчылардын катышуусунда концерттик программа уюштурулду.

Дүйнөлүк Көчмөндөр Оюндары 2026  башталганга чейин суу куюлган көөкөр Асанбай кичи району, 40/1 дарегинде жайгашкан «А-Банктын» филиалында сакталат. Каалоочулардын бардыгы долбоордун башкы символдорунун бирин көрүп, эстеликке сүрөткө түшө алышат.

«Биримдик кербени» долбоору Кыргыз Республикасынын бардык аймактарын камтыйт. Долбоордун негизги максаты – өлкөнүн ыйык булактарынан алынган сууларды бириктирип, аны Кыргызстандын элинин биримдигин, ынтымагын, достугун жана руханий байланышын даңазалаган бирдиктүү символго айлантуу.