Жаңыл Түмөнбаева: Чаарала баштыкчан аялдар – челнокчулар, биздин экономиканы токсонунчу жылдардагы катаал тартыштыктан сактап калышты
«Борбор Азиядагы эң ири Дордой жана Кара-Суу базарлары негизинен 1990-жылдардагы челнокчулардын эмгегинен жаралды», – дейт КР өнөр жайына эмгек сиңирген ишмер, «Кыргызстан дипломаттары» коомдук бирикмесинин кеңешинин төрагасы Жаңыл Түмөнбаева Караван-Инфонун кабарчысы менен болгон маегинде. Ал өлкөнүн экономикалык турмушунда аялдардын ролу боюнча болгон пикирин бөлүштү.
– 1991-жылдан бери кыргыздын этникалык өзгөчөлүгү үчүн бир топ татаал тарыхый мезгилге кадам таштадык. Анын татаалдыгы – элибиздин коомдук аң-сезимине индивидуализм жана материалдык баалуулуктарга байлануу процесстери мурда болуп көрбөгөндөй үстөмдүк кылды. Кыргыздар өзүнүн улуттук мүнөзүнөн улам эч качан соодагер болушкан эмес. Ата-бабаларыбыз эркин көчмөн жана жоокер болгондуктан, соода бизде кылымдардан бери аларга ылайык келбеген иш катары каралчу. Алардын айчырайлуу, салгылашта жана атта жүрүүдө эркектерден кем калбаган аялдары кыргыз тоолорунун катаал шартында күн кечирүүдө ишенимдүү таяныч жана гарант болуп келген.
Советтик бийлик ызгаар кыштын кыйынчылыгын коштоп жүргөн көчмөн турмушка чекит койду. Аны менен катар материалдык бакыбаттуулуктун өсүшүн камсыздап, жарандык укуктарды, айрыкча аялдардыкын бекемдеди. Ошондо жашоонун ар кандай шарттарына ыңгайлашуу жөндөмү (ал кыргызга жаратылыштан берилген) советтик Киргизиянын идустриалдык-агрардык экономикалык системасын калыптандыруу жылдарында ишке жарады.
– Коммунизм куруунун моралдык кодексинин ордуна жазылбаган мыйзамдары бар рынок келген маалда, ошол жөндөмдөр кайда кетти?
– Бул жолу да ал жөндөм жөн калбады. 30 жылдан ашуун убакытта коомчулугубуздун облигин, ал турмак кыргыздардын улуттук мүнөзүнүн айрым сыпаттарын – соода биз үчүн эми сыйлуу ишке айланбадыбы – өзгөрткөн процесстин катализатору болуп берди. Ал эми 21-кылымдагы кыргызстандыктардын массалык психологиясында бүгүнкү күндө психологдордун айтымында, бизнесменге мүнөздүү болгон ишкердик дух жана тапкычтык, үстөмдүк кылууда. Бул биздин муундун 1990-жылдардагы мүнөзүн калыптандыруунун натыйжасы.
– Бул тууралуу айтканда, кыргыз бизнеси калыптанган рэкетчилик, жарым криминалдык чөйрөнү эстебей коюуга болбойт. Аял назик жана сулуу жан катары, бизнесте мындай «күчтүү» эркектерге атаандаша алган эмес. А бирок ошол жылдары деле ишкерлердин арасында аялдар көп болчу. Бул көрүнүштү кантип түшүндүрөсүз?
– Жандырмагы жөнөкөй эле. Кыргыз аялдары табиятынан эмгекчил, жөнөкөй, кесибин алмаштырууга жөндөмдүү, күнүмдүк убактылуу кыйынчылыктарга чыдамдуу. Айтып жеткис татаал климаттык шарттарда жашоонун натыйжасында бизге генетикалык жактан сиңген бул сапаттар ишин жаңы баштаган бизнесмен үчүн идеалдуу стартап болуп саналат. Ал эми акча күч жана көбүнчө мыйзамдуу эмес ыкмалар менен жасалган шарттарда, аялдар майда-чүйдө товарлардын уясына түшүп калышты, бул челноктук соода деп аталган. Башкача айтканда, кытай жана түрк өндүрүшчүлөрү чыгарган, эл керектөөчү майда товарларды чаарала баштыктарга салып ташый башташты.
Ооба, бул маселе кайраттуулукту талап кылган, бирок андан да көп – чыдамкайлык жана тактикалык ой жүгүртүү керектелди. Ошондой эле капиталдын аз өсүшүнүн шарттарында системалуу тактикалык иш жөндөмдүүлүк зарыл. Демек, Борбор Азиядагы эң ири “Дордой” кийим-кече базарынын инфраструктурасы 1991-жылдан бери аялдардын назик ийиндеринде курулган деп айтууга болот. Бүгүнкү күндө ал дээрлик 100 гектарды ээлейт, 40 миңге жакын соода түйүндөрүндө 55 миңден ашык адам иштейт. Бул гиганттын соода жүгүртүүсүнүн жалпы көлөмү Дүйнөлүк банктын эсеби боюнча жылына 6 миллиард долларга жакын.
Ошентип, биздин айымдар өнөр жай жана экономика толук кыйроого учураган жылдары бизди товардык тартыштыктан сактап калышты. Бул биринчи аялдардын – 1990-жылдардагы аял челнокчулардын аракетинин аркасында Кыргызстанда Борбордук Азиядагы эң ири «Дордой» жана «Карасуу» товардык базарлары пайда болгон.
– А сиздин оюңузча аялдар Кыргызстан экономикасында кандай роль ойношот?
– Азыр бизде көп мүмкүнчүлүктөр бар деп айта алам, анткени кыргыз аялдары жакшы билим ала турган окуу жайлары жетиштүү, анын ичинде экономикалык да билим алууга болот. Биздин жаштар абдан максаттуу, алар билимдин бардык чөйрөсүн камтууну каалашат. Бир гана кыргыз тилинде эмес, көптөгөн – азиат тилинен тартып европалык тилдерге чейин сүйлөгөн жаштарыбыз абдан көп. Ошондуктан, кыздарыбыз коомдогу өзүнүн татыктуу ордун алууга умтулушууда. Бүгүнкү күндө канча аял бизнеске активдүү киришкенине баам салыңыз.
– Сиздин оюңузча, кандай факторлор Кыргызстандагы аялдар бизнеснин шарттарын жакшыртууга жардам берет?
– Буга кыргыз аялдарынын гендердик укуктук билим берүү боюнча эл аралык иш-чараларга катышуусу чоң өбөлгө түздү деп ойлойм. Мисалы, 2024-жылдын 22-октябрынан 24-октябрына чейин Женева шаарында өткөн «Пекин+30» – «БУУнун Европа Экономикалык Комиссиясынын регионунда гендердик теңчиликти тездетүү боюнча Пекиндин 30 жылдык милдеттенмесин карап чыгуу» Регионалдык кароо жыйынына Кыргыз Республикасынын аялдар коомдук уюмдарынын көптөгөн өкүлдөрү катышты. Кыргызстан 1995-жылы 15-сентябрда Пекинде 189 өлкөнүн өкүлдөрү тарабынан кабыл алынган «Пекин+30» Аракет платформасына кошулду. Бул документ коомдун жашоосунун 12 көйгөйлүү чөйрөсүндө аялдардын укуктарын коргоо боюнча бир катар чараларды карайт - жакырчылыкты жоюу, билим берүү жана кесиптик даярдыкты камсыз кылуу, саламаттыкты сактоо, зомбулуктун жана куралдуу кагылышуулардын алдын алуу, экономиканы жакшыртуу, бийликти демократиялаштыруу, чечим кабыл алууда элдин ыйгарым укуктарын кеңейтүү, мамлекеттик аппараттын ишин оптималдаштыруу, адам укуктарына кепилдик берүү, сөз эркиндиги, айлана-чөйрөнү коргоо.
Айта кетсек, бул конференциянын жүрүшүндө иштелип чыккан чечимдер бүгүнкү күндө аялдардын бизнесинин өнүгүшүн укуктук жактан камсыздоого көп жагынан өбөлгө түзүп, эркектер менен аялдардын ишкердикке тең укуктуу катышуусуна карай кичинекей, бирок ишенимдүү кадам болуп саналат. Коомдук пикирдин жана укуктук чөйрөнүн атмосферасын түзүү – мында гендердик эмес, кесиптик белгиси боюнча артыкчылык берилет, ал эми биздин аялдар буга кесиптик жактан даяр, биздин өлкөдө сөзсүз ийгилик болот.
– Жакындарыңызга, досторуңузга жана эң оболу өзүңүзгө эмне каалайт элеңиз?
– Биринчи кезекте баарына ден соолук, бакыт жана бакыбатчылык каалайм. Келечекте алар сонун өлкөдө жашашын жана өз мүмкүнчүлүктөрүн жана жөндөмдөрүн ал үчүн беришин каалайм, өлкөбүз гүлдөп-өссүн, бул сөзсүз болот.
Маектешкен Андрей Токомбаев.
