Аида Абдырахманова: Эркектердин да укугу бузулат, алар да коргоого муктаж
Аида Абдырахманова – көбүнчө турмуштук ар кандай кырдаалдан улам укуктук теңсиздикке кабылган адамдарга туура жол көрсөтүү менен алектенет. Ал карыган адамдардын, кароосуз калган балдардын, кордук көргөн аялдардын таламын талашат. Ошол эле убакта аялдардан запкы жеген эркектердин да акыбалына кирип, укуктук теңдикти орнотууга аракеттенет. Биз аны менен кесиптеги оош-кыйыш жана көпчүлүккө анчалык ачыкка чыга бербеген жагдайлар тууралуу сүйлөштүк.
– Юридикалык кесип бир жылдары престиждүү саналып, мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көбү ушул кесипти тандаган. А сиз ошол агымдан кийин бул кесипке кайрылгандардан окшойсуз. Адистери көп бул тармакта өз жолумду таба аламбы деген күмөн саноо болду беле?
– Жок, күмөн саноо болгон эмес. Анткени 7 жашымда эле келечек кесибимди так аныктагам жана ага даярдык көрө баштагам. Атам органда иштеди, балким бул дагы өз таасирин берди. Кызыгы, кичинекей балдар оюнчук менен ойношот, а мен атамдын кагаздарын аңтарып, бирдемелерди чиймелеп жазып ойногонду жакшы көргөнүм эсимде. Ошондуктан юриспруденциядан жолумду таба албай калам деген чоочулоо эч убакта пайда болбоду. Кичине кезимде прокуратура тармагында иштеп жатканымды кыялданчумун. Жогорку окуу жайын аяктаганымдан кийин РОВДга тергөөчүлүк кызматка чакырышты. Бирок жан дүйнөм тергөөчүлүктү эмес, жактоочулукту тандап алды. Бул да болсо адамдын жарыкчылыкка келген миссиясына жараша тандоо болду окшойт.
– Сизди кардарлар кантип табышат, кызматыңызды жарнама кыласызбы же кандай?
– Баары сен аткарган кызматка жана аны канчалык деңгээлде татыктуу, сапаттуу аткара алаарыңа жараша. Кесибиңе чын дилиңден берилип, анын ар бир талабын так аткарсаң жана билим жетиштүү болсо, жарнамага муктаждык жаралбайт. Мага көбүнчө кардарлар биринен бири угуп келишет.
– Адвокат болуп иштеген жылдар аралыгында сиз такыр көнө албаган нерсе эмне болду?
– Он жылдан бери жактоочу болуп иштеп келем. Кесибиңдеги бардык нерсеге көнөсүң. Сага киши өлтүргүч да, зордукчу да, зыяндуу заттарга көз каранды болуп калгандар да кайрылышат. Акырындык менен баарына көнүп, “кантип эле?..” деген суроону колдонбой каласың. Бирок ушундай жагдайда да ооба, мен көнө албаган нерсе бар – бул кесиптик эмес, адамдык фактор. Алар: биринчиси саткынчылык , экинчиси чын ниеттүүлүктүн жоктугу. Эгерде ушул нерселерди кайсы бир адамдан байкап калсам, ичим жылыбай, ошол адамдан өзүмдү ала кача баштайм. Мен туруктуулук жана чын ниеттүүлүк адамды адам кылган сапаттар деп эсептейм, дал ушул эки фактор даражаны өйдө көтөрөт же ылдый түшүрөт. Көпчүлүк менен иштеше баштаганыма көп жыл өтсө да, ушул нерселердин айрым адамдарда жок болушун кадыресе кабыл алууга көнө албай койдум десем туура болчудай.
– Жактоочуларга эң керектүү сапат кайсы деп ойлойсуз?
– Тактык жана жоопкерчиликтүүлүк. Өз ишин так аткаруу жана жоопкерчиликти сезе билүү – сенин колуңа тийген тагдырлардын туура нукка бурулушуна себепкер болот.
– Практикаңызда сизди катуу ойго чөмүлтүп, жашоонун ар кырдуулугу биз ойлогондон да кыйла татаал экенин туюндурган кандай окуя болгон?
– Бир жылдары 80 жаштагы эне мага кайрылды. Ал Ысык-Көл облусунда абышкасы экөө чогуу курган үйдө жашаган, 4 баласы бар: 1 эркек, 3 кыз. Анан Бишкекте жашаган уулу келип, үйдү сатып, Бишкектин четинен үй алууга көндүрөт. “Мага жакын болсоңуз, тез-тез барып кабар алып турууга ыңгайлуу болот”, - деп түшүндүрөт. Апасы сүйүнүп, баламдын жанында жашайын деп үйүн сатып, акчасын уулуна берет. Бирок үй алынбайт, акчаны бала өз керегине жумшайт, анан да апасын үйүнө киргизбей кубалап жиберет. Эне 3 кызын ээрчитип, кеңеш сураганы мага келишет. Мен кыздардан сурадым: “Апа силердин үйүңөргө да батпайбы? Эмнеге өзүңөр карай бербейсиңер”, – деп. Алар айтып атышат, биз кезектешип карайбыз, бирок апабыз эски киши, “күйөө баланын үйүндө жашаганча, уулумдун улагасында отурганым жакшы, мени уулума жеткиргиле” дей берет. Алып барсак бир тууганыбыз үйүнө киргизбейт. Эшигинин алдына таштап кетсек, киргизер деген ойдо, короосуна отургузуп да кеттик, бирок киргизген жок деп. Ошентип жүрүп уулу каза болуп калды. Ошондо энеден сурадым: “Балаңыз каза болгондо кандай сезим болду?” Эне мындай деди: “Эки жыл стрессте жүрдүм, мени балам үйүнө киргизмек, ал эч убакта мага андай мамиле жасамак эмес, ал өзү деле билбеген тейде ушундай кылып койду”. Карасаңыз, баласынын жаман жоругун, үйдү сатып акчасын бербей койгонун, өз үйүнө киргизбей кубалаганын да эне актап жатпайбы. Ошондо ойлодум, эненин балага деген мээрими чексиз. Кудай сактасын, баарыбызда бала бар, ар бирибизге Жараткан ыймандуу, акыл-эстүү уул-кызды берсин.
– Сиз негизи эле карыган атанын же эненин, коргоосуз аялдын таламын көп талашарыңызды соцтармактардан билебиз. Жактоочуга боорукердик канчалык керек? Анткени, жогоруда айтылган катмар көбүнчө акысыз коргоого муктаж болушат? Сизге кызмат акы башкы орунда эмеспи?
– Менде атайын долбоор бар: колунда жок муктаж адамдарга акысыз юридикалык кызмат көрсөтөм. Бирок бир адамга бир гана жолу. Муну боорукердик деп эсептебейм. Анткени бул кылганым адамдар үчүн эмес, Жараткан үчүн. Ал эми кызмат акы албетте, маанилүү. Ал төлөнүшү керек. Адамдын убактысы, мээнети татыктуу бааланышы керек деп ойлойм.
– Жакында аялынан зомбулук көргөн эркек тууралуу жазып чыктыңыз. Бул балким, биз байкабай жүргөн бир чындыкты ачыкка чыгаргандай болду: сизге аялдардын укугу деп жатып эркектердин укугун унутуп койгонубуздай сезилбейби?
– Адвокат катары бул суроого мындай жооп берсем туура болчудай: менимче, эркектердин укугу да аялдардыкы менен бирге корголушу керек. Мисалы, азыркы тапта аялдар айрым эркектерден күчтүү болуп кеттик. Айрым эркектер айрым аялдардын алдында алсыз болуп калды. Жашоодо аялдардын колунан өлүм тапкан эркектердин фактылары деле аз эмес. Менин билишимче, аялдардын укугун коргогон кризистик борборлор көп, а эркектердин укугун коргоочу кризистик борборлор жок. Практикамда мыйзамдуу аялы ажырашпай туруп башка күйөөгө тийип кеткен эркектер кайрылган учур болду. Мында кимдин укугу бузулуп жатат? Албетте, эркектики. Ошол эле убакта балдарын таштап кеткен аялынан алимент өндүрө албай, балдарын жалгыз баккан аталар бар. Ал эми КР Үй-бүлө кодексинин 66-беренесинде “балдардын алдында эне менен атанын укугу, жоопкерчилиги бирдей” деп турат. Баланы атасы да, энеси да камсыз кылышы керек. Дин жаатынан караганда деле, бала – ата менен энеге берилген аманат. Бул жерде аманатка кыянат кылынып жатпайбы. Эл алдына ашкере болбогон окуялар көп: күйөөсүн сабаган аялдар да жок эмес. Мен аялдардын гана эмес, эркектердин да укугун коргоону бирдей ала жүрүш керек деп ойлойм. Керек болсо эркектер үчүн кризистик борборлорду ачууну да ашыкча көрбөйт элем.
