Айжан Джуманалиева:  Ажырашууда эмнелерди билүү керек
19 декабрь

Айжан Джуманалиева:  Ажырашууда эмнелерди билүү керек

Кыргызстанда статистика боюнча ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашууга туш болот. Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча, 2022-жылы жарандык абалдын актыларын жазуу органдарында 48,2 миң нике жана 12,2 миң ажырашуу катталган. Буга байланыштуу ажырашкандан кийинки талаштуу маселелерди чечүүдө адвокаттарга жардам сурап кайрылган үй-бүлөлөр көбөйүүдө. Мындай иштер боюнча эң көп берилген суроолорго кесипкөй юрист Айжан Жуманалиева “Караван-Инфонун” окурмандары үчүн жооп берди.   

– Сизге ажыражуу процессине байланышкан маселелер боюнча көп кайрылышат, арасынан эң көп берилүүчү суроолорго жооп берсеңиз. Ажырашууда эң таалылуу маселе – балдар эмеспи. Биринчи актуалдуу суроо: эгерде аялдын үйү болбосо жана кирешеси аз болсо, ажырашууда сот ага баланы калтырабы? 

– Эгер эненин үйү жок жана жолдошуна салыштырмалуу кирешеси аз болсо баланы ага бербейт деген – бул жаңылыштык. Соттун чечими үчүн эң негизгиси, биринчиден, баланын өзүнүн пикири. Эгер ал 10 жашка чыккан болсо, анда ким менен жашагысы келерин эске алышат. Экинчиден, психикалык адекваттуулугунун мүнөздөмөлөрү жана жашоо үчүн шарттардын бары-жогу маанилүү, анткени камкордукка алуу органдары сөзсүз сизге келип, бала кандай шартта жашай турганын көрүшөт: стол, отургуч, керебет ж.б. шарттар барбы, үй тазабы? Эң негизгиси, эне бала менен эң көп убакыт болоорун,  бала бакчага, мектепке, ийримдерге жана башкаларга  өзү алып бараарын далилдеши керек. Мына, ушул факторлор сот үчүн чечүүчү болот. Ал эми бул жагынан баары жайында болсо, анда сот баланы апасына калтырат.

– Мыйзам боюнча балдарды эки тараптуу камкордукка алууга болобу? 

– Биздин өлкөдө мындай кылуу мүмкүн эмес, баланын ата-эненин бирөөсү менен туруктуу жашаган жери болушу керек, а экинчи  ата-эне менен график боюнча жолугушуп тура алат. Эгер сиз сүйлөшүү жолу менен ушундай келишимге келе албасаңыз, анда сотко берип, ал аркылуу бала ким менен туруктуу жашап, ким менен маал-маалы менен жолугушуп тураарын аныктоого туура келет. Ошондуктан мен мындай маселелерди никени бузгандан кийин дароо сүйлөшүп чечип алууну сунуштайм, анткени убакыт өткөн сайын татаалдаша берет. 

– Ажырашкан жубайлар үчүн дагы бир маанилүү маселе – мүлк бөлүштүрүү. Жубайлардын бири мүлккө көп сумма салып, бирок жарымы гана ага жазылган учурлар болот. Ажырашкандан кийин бул каражатты кайтарып алууга же мүлктү бөлүштүрүүгө мүмкүнбү? 

– Биздин мыйзамдарга ылайык, эгерде жубайлардын бири ортодогу мүлктөрүн жакшыртууга убактысын, акчасын жана башка нерсени көбүрөөк бөлсө, анда ал сотко кайрылып, ал мүлктү же биргелешип табылган мүлк катары тастыктайт  же жок дегенде кетирген акчасы үчүн компенсация өндүрө алат. 

– А белектер боюнчачы? Күйөөсү расмий нике убагында жубайына кымбат баалуу белектерди берди дейли, мисалы, автоунаа, батир же ошого окшогон нерселерди. Ал кимге калат? 

– Белек –сөз жүзүндө гана. Күйөөсү аялына өз эрки менен калтырышы мүмкүн. А эгер иш мыйзам боюнча бөлүштүрүүгө жетсе, анда расмий нике убагында алынган бардык мүлк биргелешкен мүлк болуп саналат, демек, баары тең бөлүнүшү керек. 

– Расмий нике боюнча баары түшүнүктүү болду, бирок биздин өлкөдө диний никелер да жайылтылган. Мындай никеде жубайлар эки жолго түшкөндөн кийин мүлк кимге буйруйт? 

– Мага ушундай суроо менен кайрылган аялдар көп, шариятка ылайык нике окутуп коюп эле, никелүү жашап жаткандай сезип, кандайдыр бир кепилдик бардай кабыл алгандар да кездешет. Бирок нике деген эмне? Нике – бул аял менен эркектин ыктыярдуу биримдиги, ал сөзсүз түрдө ЗАГС органдарына каттоого алынышы керек. Сизде нике тууралуу күбөлүк болмойунча, диний нике учурунда ортодон тапкан мүлктөрдүн баарын тең бөлүштүрө албайсыз, башкача айтканда, бардык мүлк кимге катталса, ошого калат, мейли ал мүлк же бизнес болсун. 

Менде бир окуя болгон, мага шарият боюнча кыйылган никеде 10 жыл жашаган аял кайрылды. Күйөөсү экөөнүн эки баласы бар экен, биргеликте батир, автоунаа сатып алышкан, бизнес ачышкан. А турак жай, автоунаа жана бизнести эркек өзүнө каттап алган, мүлктүн чакан бөлүгү гана аялдын наамында болгон. Бардык келишим оозеки түрдө гана түзүлгөн. Жубайлар мыйзам чегинде ажырашкандан кийин албетте, баары эркекке калды, анткени расмий нике жок. Мындай учурда эркекке өмүрүнүн канча жылын, күчүн, акчасын арнаган, бала төрөп берген, андан соң эч нерсеси жок калган аялга боор толгойсуң.