Александр Щелгачев: Кыргызстан – туризм жаатында айдалбаган талаадай
22 февраль

Александр Щелгачев: Кыргызстан – туризм жаатында айдалбаган талаадай

Каракол – бул Ысык-Көл облусундагы көптөгөн улуттардын үйүнө айланган жайлуу шаар. Казактар дагы бул аймактын маданий мозаикасынын көрүнүктүү өкүлдөрү болуп саналат жана Кыргызстандын мурастарына уникалдуу өзгөчөлүгүн кошууда. "Караван-Инфонун" журналисти Каракол шаарындагы "Арго" конок үйүнүн ээси менен маектешти. Ал бир нече жылдан бери казактыкты сактап, өз элинин салттарын муундан-муунга өткөрүп  жана ошол эле учурда туристтерге да тааныштырып келет. Таанышып алыңыз, Россия жана чет өлкөлөрдөгү казак жоокерлеринин бирлиги (СКВРиЗ) Каракол станицасынын атаманы Александр Щелгачев.

– Александр Георгиевич, сиздин оюңузча, казактык деген эмне? Сиздин коомуңузда канча адам бар? Кайсы жылдан тартып Караколдогу казактыкты активдүү жылдыруудасыз? 

– Казактыкты мен жашоо образы деп айтат элем, анда ар кайсы улуттагы адамдар бар. Тарыхый жактан алганда, булар бир гана өз үй-бүлөсүн эмес, өлкөсүн кошо коргогон жоокерлер. Биз, улуулар болжол менен 15 адамбыз, а кадеттер – бул өсүп келаткан муун, көбүрөөк – 20дан ашуун. Бул шаарда казактыкты 2018-жылдан тартып активдүү жылдыруудабыз. 

– А сиз конок үйүңүздө туристтерди тез-тезден кабыл аласызбы? Алар көппү жана кайсы жактардан келишет? 

– Ысык-Көл абдан таанымал жай, бул жакка дүйнөнүн ар кайсы бурчунан – Австралия менен Жаңы Зеландиядан баштап, Аргентина, Канада, АКШга чейин – туристтер келишет. Биздин конок үйүбүзгө Батыш Европадан, көбүнчө Израилден келген туристтер кайрылышат. Тоо-лыжа сезонунда негизинен россиялыктар жана казакстандыктар, а жайында бардык жактык саякатчылар келишет, булардын басымдуу бөлүгү жөө саякатчылар жана альпинисттер. Ошондуктан, биз конокторду жыл бою тосуп алабыз, а алар бул жакка бир гана жаратылышга суктануу үчүн келишпейт. 

– Аларды дагы эмне кызыктырат жана таң калтырат? 

– Өлкөбүздүн жаратылышынан, көл жана тоодон тышкары, алар жергиликтүү эл, ашканасы менен таанышууну, бул жерди жердеген элдин чыгармачылыгына жана маданиятына чөмүлүүнү каалашат. Анткени, Каракол көп улуттуу шаар, мында кыргыздар, өзбектер, татарлар, дунгандар, орустар ж.б. көптөгөн улуттун өкүлдөрү жашайт. Алардын ар биринин көрсөтө жана таң калтыра турган улуттук өзгөчөлүгү бар. Биз баарыбыз ынтымакта жашап, ар кандай майрамдарды биргеликте белгилейбиз. 

– Туристтерди таң калтырган дагы бир нерсе – биздин элдин чынчылдыгы. Бир жолу мындай окуя болгон: чет өлкөлүк туристтер тоодо саякаттап жүрүп, кымбат баалуу камерасын жоготуп алышат. Ойлорунда камерасы менен коштошуп коюшкандан кийин ат минген жигит аны таап, жеткирип бериптир. Алар ушунчалык кубанып да, таң калып да жатышты. 

Ошондой эле, мисалы, россиялык туристтерге бул жакта тил тоскоолдугу жоктугу жагат, өздөрүн ыңгайлуу сезишет. 

– Чет өлкөлүктөр Кыргызстандын туризм жаатындагы потенциалын кандай баалашат? 

– Алардын пикиринде, Кыргызстандын потенциалы абдан чоң. Болгондо да аны мага катардагы туристтер эмес, бул жаатта профессионалдуу алектенген, эл аралык тажрыйбага ээ адамдар айтышат. Сөзмө сөз жеткирсем, алар Кыргызстан айдалбаган талаа дешет! 

– Айдалбаган талаа деген сөзгө улай: Ысык-Көлдө “Үч чоку” тоо-лыжа кластери ачыла турган болуп жатпайбы, бул боюнча кандай ойдосуз? 

– Бизге, албетте, 100 пайыз акча келет жана көбүнчө карапайым калкка жакшы болот. Чакан бизнес деп аталган жөнөкөй нерселер – мейманкана, транспорт бул жерде өнүгөт. 

– Ысык-Көл туристтердин чоң агымын кабыл алууга даярбы? 

– Башкысы, инфраструктура даяр болсо болду. Бизде, Караколдо бул планда абдан чоң прогресс байкалып жатат: жакшынакай абамайдан иштеп, жолдор жасалып, арык системасы оңдолуп, 6 миң дарак отургузулуп, шаар жашылдандырылууда. Башкача айтканда, туризмдин шарапаты менен шаар өнүгүп баратат. Коноктор келип, акча көбөйгөндө, албетте, баарыбыз кубанабыз (жылмайып). Жакшы жагы, көбүнчө маданияттуу туристтер келишет. 

– Сиздин конок үй, сиздин коом тууралуу кайдан угушат? 

– Биз социалдык тармактарда барбыз, андан сырткары сарафан радиосу иштейт. 

– Кыргызстанда жашоо сиз үчүн кандай? 

- Кыргызстанда жашаганыма көп болду, ар кандай мезгилдерди башыбыздан өткөрдүк, бирок эч убакта башка жакка кетүүнү ойлонгон жокмун, болбосо Россияда төрөлгөм. Балалыгымда ата-энем менен бул жакка көчүп келгенбиз, атам тоо адиси болчу.  А жубайым Светлана ушул жерде төрөлгөн. Биз мейманкана бизнесибизди оор учурда баштадык. Бирок  белгилеп кетким келет, бул жерде баарын таштап, кетип кала тургандай эч кандай коркунучтуу нерсе жок, тил тоскоолдугу да, каржылык кыйынчылык да жок. Биз дайыма кайсы бир иштерди ойлоп таап, ошону менен алектенип келдик. 

– Кандай пландарыңыз бар? 

– Биздин бабаларыбыз, казактар кайсы бир жылдары буйруктун негизинде, аймакты кайтаруу үчүн бул жакка көчүрүлгөн экен. Азыр ага зарылчылык жок, аны менен өлкөнүн армиясы алектенет. Биздин бүгүнкү миссиябыз – өлкөнүн маданий мурастарына өз салымыбызды кошуу.