Улан: “Кызымда да меникиндей оору бар экен”
Улан менен Бурул көпчүлүккө таанымал. Улан сейрек кездешүүчү сөөк оорусу менен жабыркаса, Бурул ДЦП менен ооруйт. Ошого карабай экөө баш кошуп, кыздуу да болушкан. Тилекке каршы, кызы Айлиндин да дал атасынкындай сөөк оорусу менен жабыркай турганы белгилүү болгон. Доктурлар Айлинге эмитен операция жасатууну сунушташкан.
– Улан, кызыңдын абалы азыр кандай?
– Кызым Айлин 4төн өттү. Ага менин оорум өткөнү кичине кезинде эле билинген. Сөөктөрү тубаса морт болгондуктан биринчи жолу 3 айлыгында буту сынган. Андан кийин да кайра-кайра сына бергенде доктурлар эки бутуна темир коюшкан. Бирок ал жөнөкөй эле темир. Биз аны сөөк өскөн сайын кошо чоюла турган жакшы, кымбатына алмаштырабыз деп 2 жашында Москвага алып барып келгенбиз. Эгер андай темир коюлбаса сөөк деформация болуп кетмек. Ошондо москвалык профессорлор текшеришип, азырынча операция болбосун айтышкан. Качан кыз басканда операция кылмак болушкан, ага чейин алты ай сайын Москвага барып сөөктөрдү катыра турган капельница алып турдук. Андан бери эки жыл өттү. Кызым чоңойгон сайын айткандай эле сөөгү деформация болуп, бир бутуна суу толо баштады. Ошого эми тез арада операцияга алып барышыбыз керек.
– Операцияга канча сумма талап кылынат экен?
– Бул Франциядан келген, кыз өскөн сайын чогуу өсүп, 5 жылдан 8 жылга чейинки мөөнөткө коюулуучу темирдин баасы 25 миң доллар турат экен. Бул бир эле бутунуку. Азыр жок дегенде ошол бир бутуна койдуруп турушубуз керек. Азыр бизде 1,5 миллион сом акча чогулду. Мүмкүнчүлүктөн пайдаланып бизге кайдыгер карабаган замандаштарыбызга терең ыраазычылык билдиребиз. Негизи жардам сурайын деген оюм жок эле. Үйдө азыраак баккан коюбуз бар. Ошол койлорду сатып берүүсүн суранып бир блогер байкеге кайрылгам. Ал сторисине чыгарганда эле көп адамдар “койлоруңду сатпа, андан көрө сбор ачкыла, жардам беребиз” деген сунуштарын жазышты. Айтканда эле тез эле акча чогулуп баштады. Эми акча топтолсо эле дароо Москвага жөнөйт элек.
– Негизи сенин ооруңдун тукум кубалоосу боюнча коркунуч бар беле?
– Ооба, андай коркунуч дайыма болуп келген. Балалуу болордо аябай ойлонгонбуз. Диагноздору так меникинедей тааныштарым бар. Алар алты саны аман эле жакшынакай балалуу болушкан. Интернеттен да карап изилдеп көрсөк, ден соолугу чың балалуу болууга мүмкүнчүлүк бар экен. Ошолорду көрүп туруп Кудай башкага берген баланы бизге да берет деп тобокелчиликке барган элек.
Кызым төрөлгөндөн кийин таманынан бир анализ алышкан. “Жыйынтыгы бир жумадан кийин чыгат. Бир нерсе болсо чалабыз, эгер чалбасак, баары жакшы болот” дешти. Күтсөк эч ким чалбады. Демек, кызыбыздын алты саны аман экен деп аябай сүйүнгөнбүз. Тилекке каршы, андай болгон жок.
– Өзүңдүн кичине кезиңдеги абалың кандай эле? Ушинтип сенин да сөөктөрүң сына берчү беле?
– Кызымдыкы меникине караганда жеңилирээк формасы экен. Азыр анын сөөктөрүн деформация кылбай сактап калганга толук мүмкүнчүлүк бар. Мен кичине кезимде баса албаганым менен сөөктөрүм түз болчу. Кийин бир аз эле күч келсе ар кайсы жеринен сына берип сөөктөрүм деформация болуп кетти. Эми ал кезде медицина өнүгө элек кез, 7 жашыма чейин мени атам өзү баккан, кимге көрсөтөрүн деле билбесе керек.
– Апаң кайда эле?
– Апам мени 2–3 жашыма чейин эле багышыптыр, андан кийин кетип калган экен. Анын себебин билбейм, атам деле айтпайт. Анан 7 жашка чыкканда азыркы Айгүл апам келди. Жакында өз апамдын кабарын билдим, Казакстанда экен.
– Азыр келсе апаңды кечирет белең?
– Ага жолуккум келет. Мени кандай аял төрөгөнү өзүмө кызык. Бирок кечирер-кечирбесим маанилүү эмес. Анын үстүнө ага карата аябай деле чоң таарынычым жок, тагдыр деп эле кабыл алам. Айгүл апам бар го, мага ошол жетет.
– Айгүл эже сага энелик мээрим бере алдыбы?
– Жүз пайыз бере алды. Ал келгенде мен 7 жашта элем, 6 жаштагы Айнура карындашымды ээрчитип келген. Апам менен да, Айнура менен да бат эле тил табышып кеттим. Карындашым экөөбүз ойночубуз, ал мени таяк-биякка сүйрөп жардам берчү. Акыл-эсим ордунда болгон үчүн менин деле андай эле зыяным жок болчу, бир орунда эле отура берчүмүн. Ортодо атам менен апам ажырашып кетип төрт жылдай жашабай калышты. Ошондо деле апамдын үйүнө каалаган убагымда барып, каалаган убагымда кетип жүрө берчүмүн. Барсам жуунтуп, курсагымды тойгузуп, кийимдеримди жууп берчү. Болбосо “болду эми, сен атан менен жаша, мен сага эч ким эмесмин” десе деле болмок да. Жок, апам тескерисинче, “менин эшигим сен үчүн дайыма ачык, каалаганда келип-кете бер” деп айтчу. Азыр деле бизге күйүп, жан тартып, Айлинди ары-бери доктурга көрсөтүп жүргөн – апам.
– Бурулга кандайча жолугуп калдың эле?
– Бурул экөөбүз балдар борборунда чогуу болчубуз. Менин атам менен апам ушунчалык айкөл адамдар да, ошол борбордон төрт баланы багып алышкан, алардын ичинде Бурул да бар эле. Ошентип аралашып жүрүп эле жактырып калдым. Баш кошуу тууралуу оюмду айтсам каршы болгон жок. Ата-энем да кубанышып, той менен баш кошконбуз.
Айлинге жардам берүүнү каалагандар үчүн реквизиттер: Мбанк 996555168648 (Улан Асанов)
