Айдана Мусаева: Зордук-зомбулукка кабылган аялдар маселесин ачык айтып чыгуудан тартынбай калышты
8 октябрь

Айдана Мусаева: Зордук-зомбулукка кабылган аялдар маселесин ачык айтып чыгуудан тартынбай калышты

Кыргызстанда үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү активдүү жүрүүдө. Мындай терс адатты токтотуу, үй-бүлөдөгү аял менен эркектин укуктук тең салмактуулугун камсыздоо сыяктуу иш аракеттер мамлекеттик органдар тарабынан да, ошол эле учурда коммерциялык эмес уюмдар тарабынан да жасалып жатат. Учурда үй-бүлөлүк зомбулуктан жапа чеккен, ар кандай турмуштук, финансылык, психологиялык кыйын кырдаалга кабылган аялдар менен иштешкен, аларга көмөк көрсөтүп, ошол акыбалдан чыгып кетүүсү үчүн колдоп-таяган кризистик борборлор иштейт. Алардын бири – “Шанс”. Аталган кризистик борбордун психологу Айдана Мусаева зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам көрсөтүү, ички статистика тууралуу айтып берди.

– Сиздер зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдар менен иштешесиздер, ошол эле маалда зомбулук жасаган адамдар менен дагы иштешүү практикаңызда болгонбу? Аларга психологиялык жардам берүү менен андай терс адаттарынан арылтууга мүмкүнбү?

– Албетте, психологиялык жардам бардык адамга – жабырлануучуга да, жабыркатуучуга да таасирин тийгизет. Ал биздин практикадан көрүнүп турат. Мисалы, биз үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдарга жардам беребиз, бирок эки жыл мурда эркектер менен да иштешкенбиз. Иштешкенде кандай? Алар үчүн оңдоп-түзөө программасын өтчүбүз. Анын да сөзсүз түрдө жыйынтыгы болот. Ал эми азыр көбүнчө аялдар менен иштешебиз.

– Жардам сурап кайрылган аялдар көппү?

– Бир жылдан ашуун убакыт мурда Инстаграм баракчабызды ачканбыз. Аны элге жайылтып баштагандан бери, кайрылгандардын да саны өстү. Себеби, мурда биздин байланыш номерлерди билгендер, деги эле биз тууралуу кабардар болгондор аз болчу, мындан улам көбү кайрыла алган эмес.

– Сиздерге кайрылган аялдарга кандай жардам берилет?

– Ар бир аялга үч консультация беребиз. Алар квалификациялуу психолог менен иштешет. Келгендердин арыз-арманын угуп, “бул жакка барып арыз жазгыла” деп таштап койбойбуз. Ошол аял калыбына келип, күчүн топтоп, бир чечимге келмейинче жардам беребиз. Ар бир процессте колдоп-коштоп жүрөбүз.

2024-жылы “Реинтеграция” деп аталган программа түздүк, анын алкагында зордук-зомбулуктан жабыркаган аялдарды кайра социалдаштыруу, өзүнүн баалуулуктарын таанып билүү, өзүн өзү баалоого багыт беребиз. Өзүн өзү баалоо, коммуникация, стресс, эмпатия деген темалар квалификациялуу адистер тарабынан өткөрүлөт.

– Кайсы маселе менен кайрылган аялдар басымдуулук кылат?

– Ички статистиканы айтсам, азыр аялдар арасында “жардам сурап кайрылуу уят”, “үй-бүлөлүк чыр-чатакты ачыкка чыгарбашым керек”, “психологдорго башы ооругандар гана барат” деген стереотип азаюуда. Биздин борбор 18 жаштан өйдө гана кабыл алат. Ошондуктан, мен айта алам, 18 жаштан ашкан кыз-келиндер бүгүнкү күндө маселесин ачык айтуудан, психологиялык жардам суроодон тартынбай калышты. Анын үстүнө, интернеттин заманында өзүңө керектүү нерсени табуу кыйынчылык жаратпайт. Кризистик борбор деп телефонунан эле издесе, ар кайсы кризистик борборлор байланыш номерлери, дареги менен чыгат.

Ал эми кайрылган аялдардын маселеси дээрлик окшош – алар жабырлануучу.

– Ошондо, зордук-зомбулукка кабылган аялдардын дээрлик баары адистерге кайрылышат, көмүскөдө эч ким калбайт деп айтууга болобу?

– Албетте, жок. Бирок айрым аялдардын жардам суроого кайрылбай жатканынын себеби, алардын тартынганында эмес, мурунтан келаткан үй-бүлөлүк идеологияга байланыштуу десек болот. Мисалы, зордук-зомбулукка кабылган аялдар көбүнчө күйөөсүнөн толук көз каранды болот, ошол эле финансы жагынан дагы. Бизге келген аялдар менен иштешип жатып, көп нерсени түшүндүк. Алардын мисалында айтсам, күйөөлөрү “сенин акың жок” дегенди көп кайталашат. Илгертен апаларыбыз “аял киши үйдө отуруп, тамак жасап, чай куйганды билиши керек” деп багыт беришкен, мына, ошол багытты бүгүнкү күндө да зордук-зомбулуктун жабыркагандардын күйөөлөрү карманат. Алтурмак аял өзү иштесе дагы, тапкан кирешеси жолдошу аркылуу гана бөлүштүрүлөт. Биз тренинг жасаганда жашыруун тест өткөрөбүз, андагы жооптордун 80 пайызы ушул өңүттө болоорун белгилеп кетейин. Жыйынтыгында, адистерге кайрылуу алар үчүн уят эмес, бирок ага күйөөсүнө билдирбей барууга убакыт табуу кыйын.

– Мындай көрүнүштү кантип оңдоого болот деп ойлойсуз?

– Үй-бүлөлүк идеологияны өзгөртүшүбүз керек деп ойлойм. Аялдын милдети үйдө отуруп, тамак жасоо менен гана чектелбейт, ал деле эркектей эле адам, эркек сыяктуу эле достору менен баарлашканга, өзүнө убакыт бөлгөнгө укуктуу – ушуну кабыл алууга жетишибиз зарыл. Менимче, эркектерге бул боюнча түшүнүгүн калыптандырган, багыт берген, мурдагыдан калган көз карашын сындырып, жаңыча ой жүгүртүү орноткон өзүнчө борбор керек го дейм.