Жеңишбек Ысманов:  Кыргыз гимни - нотанын тамырын түшүнгөн корифейлердин эмгеги, азыр алардан ашып түшүп ким жазат
12 ноябрь

Жеңишбек Ысманов:  Кыргыз гимни - нотанын тамырын түшүнгөн корифейлердин эмгеги, азыр алардан ашып түшүп ким жазат

Жеңишбек Ысманов:  Кыргыз гимни - нотанын тамырын түшүнгөн корифейлердин эмгеги, азыр алардан ашып түшүп ким жазат

 “Караван-Инфо” “Кыргызстандын алтын үнү”, “Собиновский булбулу” аталган белгилүү опера ырчысы Жеңишбек Ысманов менен чыгармачылыгы тууралуу маектешти.

– Он жылдан ашуун убакыттан бери Италияда иштеп жүрөсүз. Кыргыз сахнасынан Европа сахнасына кетүүгө эмне себеп болду?

– Кыргызстанда келечек жоктугунан же мага тар болуп калганынан келдим дебейм. Опера тармагын тандап, өмүрүмдү арнап койгонумдан кийин ошол багыттагы максаттар жаралат экен да. Италияга жөн гана билим алуу менен чектелбейт, чоң-чоң сахналарда ырдасам, талантымды көрсөтсөм деген ниет менен келгем. “Ийгилик – 1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек” дейт эмеспи, алдыга умтулуу, улам жаңы бийиктиктерди багынтуу болуп турбаса, бир ордуңда кадалган бойдон кала бересиң. Мен азыр кыргыз үнүн Европага жаңыртсам деген максатымдын өтөөсүнө чыгып, анын үстүндө көп жылдан бери эмгектенип келатам.

– Качандыр бир Кыргызстанга кайрылып келип, ошол жактан алган билим, топтогон тажрыйбаны кыргызстандык таланттарга берүү ниетиңиз барбы?

– Азырынча жашмын, ар бир адамдын бышып-жетилип турган маалы болот, менин так ошондой учурум. Мындай кезимди мен Европага кыргыз үнүн таанытууга арнайын деп чечтим. Албетте, убакыт-сааты келгенде Кыргызстанга кайтам, билимимди, тажрыйбамды жаштарга үйрөтүп, кыргыз маданиятынын өнүгүшүнө салымымды кошом.  Алдыдагы 2025-26-жылдарга контракт толук түзүлгөн, алардын үстүндө иштеп жатам, анын баарын кайра жокко чыгарып кетип калуу да кыйын.

Бул жакта ырдаганымда элдин дүркүрөгөн кол чабуулары коштойт, бул мен үчүн айтып бергис ырахат. Кыргызстанда ачыгын айтканда, маданият жааты бир аз аксап турат. Өлкө боюнча жалгыз опера жана балет театры бар, анын дагы акыбалы жакшы эмес. Бирок ошол абалында да мен үчүн ыйык, кайтып барууну, ошол жерде ырдоону каалайм. Анткен менен бул бир гана менин кызыкчылыгым болбошу керек, өкмөттүн, министрликтин да кызыкчылыгындагы нерсе болушу зарыл. Буйруса, биздин өлкөдө да алдыга жылуу орун алып, бардык тармактар, анын ичинде маданият дагы жандана баштады. Буйруса, баары жакшы болооруна ишенем. 

– Чет өлкөгө окууга мамлекеттин колдоосу менен кеткен экенсиз, бул нерсеге жетишүү үчүн кандай жолдорду басып өттүңүз?

– Студент кезимден эле алдыма чоң максат койгом, Россияда, Борбор Азия өлкөлөрүндө болгон сынактарга катышкам. Ошол жактардан Италиядан келген калыстар менен таанышып, аларга Италияга барып окусам деген ниетим бардыгын айтып, жол-жобосун сураштыра жүрчүмүн. Анан алар мени  чакырышты. 2009-жылы мамлекеттин колдоосу менен бул жакка билим алууга жөнөдүм.

– Маектериңиздин биринде Италияга тилди толук кандуу билбей эле кеткениңизди, кийин ошол жактан үйрөнгөнүңүздү айткан экенсиз, бирок Кыргызстанда эле  опералык чыгармаларды аткарып жүргөнсүз. Италия тилин өздөштүргөндөн кийин аткарууңузда өзгөрүү болдубу же өзүңүз үчүн кандай ачылыштарды таптыңыз?

– Консерваторияда окуп жүргөндө жаштык кылып италия тили сабагын кыйратып окучу эмеспиз, анын үстүнө абдан оор болчу. Опералык чыгармаларды музыкалык кайрыгына жараша кабыл алып, запистерден угуп кандай аткаруу керектигин өздөштүргөм.  “Музыкада тил жок” дегендей, музыка аркылуу ырды, образын түшүнүп ырдап жүргөм. Тилди билбесем да кемчилик кетирген эмесмин, италиялыктар “ар бир сөзүң так угулуп турат экен, так ырдайт экенсиң” деп башында эле таң калышчу. Бирок ар бир сөздү түшүнүп ырдоо баары бир башкача. Качан гана Италияда  окуп, тилди толук кандуу өздөштүрүп калгандан кийин, ошол чыгармалардын ар бир сөзүн түпкүрүнөн түшүнө баштадым, ага ылайык ички дүйнөм, ошол чыгарманы кабыл алуум өзгөрдү. Ар бир сөз тилимдин учунан эмес, жүрөгүмдүн түпкүрүнөн, сезимиме жуурулушуп чыгып калды...

 – Операнын кыргызстандык күйөрмандары менен европалык күйөрмандарынын айырмачылыгы барбы?

– Италия операнын мекени да. Бул өлкөдө Европанын башка өлкөлөрүнө караганда операны тереңирээк түшүнүшөт. Ариялардын кульминациялык эң татаал жерлери болот, жогорку нота болот, анын баарын мыкты билген опера сүйүүчүлөрү көп. Учурда Германиянын Фрайбург деген шаарында гастролдоп жүрөм, мисалы, бул жакта концерт зал толо эл менен коштолот. Операны сүйүүчүлөрдүн арасында жаштар да, карылар да бар. Ал турмак башка шаарлардан атайын опера сынчылары келет.

Жогоруда ариянын кульминациялык жери болот деп айтпадымбы, ошону көрүүчүлөр баамдап, аткаруучу купулуна толсо, дүркүрөгөн кол чабуу менен коштойт, бул бизге кадимкидей дем берет. Спектакль аяктагандан кийин да жабыла кол чабышат. Демек, сен алардын купулуна толдуң.  Бирок ар бир өлкөнүн, ал турмак бир өлкөнүн аймактарынын операга болгон өзүнчө маданияты бар. Мисалы, былтыр Германиянын түндүк тарабындагы шаарга бардык, “Богема” операсында, Рудольфтун ариясын аткардым, кульминациясы бүттү, зал тынч, эч ким кол чаппады. Менден кийин кесиптешим ырдап жатты, а мен жанында туруп санааркап жатам, эмнеден кемчилик кетирдим, жакшы эле аткардым го, эмнеге кол чаппай коюшту, эмне жакпай калды деп. Анан кесиптешиме да кол чабылган жок. Көрсө, ал шаардын ушундай менталитети бар экен: бир гана жолу, аягында дуулдаган кол чабуу менен ырчыларды узатышат.

– Операны негизи интеллигенциянын, элитанын музыкасы деп коюшат. Сиз буга кошуласызбы?

– Жок, кошулбайм, опера – чыныгы музыканы сүйгөн адамдардыкы. Эмне себептен интеллигенцияныкы деп аталып калганын мен мындай түшүнөм: спектаклдерге билеттер кымбат, алдыңкы орундар үчүн андан бетер. Анан акчалуулар, мүмкүнчүлүгү жеткендер гана келет. Болбосо чыныгы музыка бардык адамдарга бирдей таасир этет: операдан аз гана түшүнүк алып калсаң, аны менен “ооруйсуң”, андан соң жөнөкөй музыкадан ырахат ала албай каласың. Мисалы, мен опера аткарып жатканымда ар бир сөздү, ар бир нотаны жүрөгүмдөн, кан тамырларымдан өткөрөм, демек, ал угуучунун да жүрөгүнө жетет.

 – Элдин табитин классикалык музыкага жапырт оодарууга мүмкүнбү?

– Союз маалында опера ырчылары азыркыга караганда профессионалдык жактан күчтүүрөк болчу. Союз тарагандан кийин азыраак мезгил ошол күчтүү муун ырдап жүрдү. Албетте, алардын катарын таланттуу жаштар толуктады, бирок көрүүчүлөр азайды. Бул эми ошол кездин шарты, биз басып өткөн кыйын күндөр менен түшүндүрүлөт. Кайсы бир убакта коом операсыз эле өз түйшүгү менен алек болуп калды. Ошентип, боштук жаралды. Анын залакасын азыр да сезүүгө болот. Мындай кесепеттерди жоюу үчүн мамлекет тарабынан көңүл бурулуп, тийиштүү программалар иштелип чыгышы керек деп ойлойм. Европада жүрүп байкайм, алар классикага болгон сүйүүнүн көчөттөрүн калкынын жүрөгүнө өткөн кылымдын 70-жылдары эгишкен экен, мөмөсүн 2000-жылдардан тартып ала башташты. Эгер биз бул жааттагы мамлекеттик программабызды азыр баштасак, жыйынтыгын 20-30 жылдан кийин алабыз. Буга мамлекет кайдыгер карабашы керек, Маданият министрлиги атайын программа ойлоп таап, Европанын мамлекеттери менен келишим түзүп, жылына бирден таланттуу жаштардан жиберип, бул жактагы атактуу театрларда окуп, иштеп тажрыйба топтоосуна көмөк көрсөтсө болот. Алар кайтып барышкандан кийин опера жаатында такыр башка атмосфера орун алат. Андан сырткары искусствонун бул түрүнө кызыккан жаштарга стимул берүү зарыл. Мисалы, азыр спортко кызыгып, спортчу болгусу келген жаштардын катары өстү. Себеби, мамлекет спортчуларга катуу көңүл бурууда, эл аралык, дүйнөлүк мелдештерден жеңүүчү болуп кайткан спортчуларга материалдык колдоо көрсөтүлүүдө. Кайсы өлкө болбосун дүйнөгө эки гана тармагы менен таанылат: спорт жана маданият. Бул эки бутактын бирдей өсүп, бирдей түшүм берүүсүнө мамлекет көз салып, окшош шарттарды түзүүсү керек деп ойлойм.

– Көп жылдан бери чет өлкөлөрдө тажрыйба топтоп жүргөн кыргызстандык жаран катары кыргыз маданиятын кандай жол менен көтөрөт элеңиз?

– Бул жакта мен жөн жүргөн жокмун, чоң режиссер, дирижерлор, опера тармагынын каймактары менен байланыш түздүм. Келечекте бул байланыштарды колдонуу менен кыргыз маданиятын бийик деңгээлде жеткирсем деген кыялым бар. Классика – дүйнөлүк жалпы бийиктик. Анын энчилүү тили жок. Мисалы, биз комуз же Манас айтуу менен  дүйнөдө алдыңкы сапка туруп же дүйнөгө таанымал болуп кете албайбыз. Ооба, комуз чертсек кыргыз элинин улуттук аспабы катары кызыгышат, рухий океаныбыз Манаска таң калышат. Бирок  биз алар менен теңтайлашыш үчүн дүйнөлүк классикалык музыканы өздөштүрүшүбүз керек. 

– Эмнеге жөнөкөй ыр ырдаган ырчылар кыска убакытта таанымал боло алышат, а классика жаатындагылар элге чыгышы үчүн өтө көп убакыт керектелет?

– Заман ушундай болуп калбадыбы, жеңил нерсенин жашоосуна айланды. Ошол эле ТикТокту алалы, кайсы бир окумуштуунун олуттуу ачылышына көңүл бурбаган коом, соцтармактагы акылсыз жоруктардын ээлерин талкууга алат, “класс” басышат, миллиондогон көрүүчү топтолот. Операны угуп коюу эле жетиштүү эмес. Ага баш-отуң менен киришиң керек. Анын ар бир кайрыгы жетимиш тамырыңды аралап өтүшү керек. Бирок жакшы, профессионалдуу пропагандаласак, эл ага да акырындык менен көнөт. Жөнөкөй музыка кадам сайын жаңырып жатат: телевизордо, радиодо, соцтармактарда... Эмне жеткиликтүү болсо, көпчүлүк ошого оойт. Классиканы да элге сиңирүү үчүн анын жеткиликтүүлүгүн оңойлотуу керек. Болбосо, сапаты эмес саны биринчи орунга чыккан жеңил-желпи ырлардан башыбыз чыкпаган бойдон калат. Жандүйнө эмес, той ырлары жашообузга толот. Менимче, баары акырындык менен иргелет. Ар бир нерсенин бүтөөр чекити бар. Эгерде багытын туура көрсөтө алсак, эл дагы кайсы бир убакта олуттуу, салмактуу, чыныгы искусствого бурула баштайт.

– Бала кезиңизде учкуч болууну кыялданчу экенсиз, бирок тагдыр такыр башка тармакка алып келди. Өкүнбөйсүзбү?

– Балалык кезде каалаганыңды кыялданасың, бирок Жараткандын ар бир балага карата өзүнүн планы болот экен да. Учкуч болом дегеним менен бала бакчага баргандан тартып ырдап, Манас айтып, бийлеп жүрдүм, кийинчерээк гитарада ойногонду үйрөндүм. Мектепти аяктагандан кийин учкуч болом деп шаарга келип, ылайыктуу окуу жай таппадым. Анан тагдырдын күтүүсүз бурулушу мени филармониянын алдындагы эки жылдык студияга алып барды. Андан ары ушул багытта билимимди уланттым:  К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваторияны бүттүм. Опера тармагына Улукмырза Полотов агайым багыттады.  Биздин эмнеге шык-жөндөмүбүз бардыгын, кайсы жактан ордубузду табаарыбызды Жараткан жакшы билет. Бирок азыр ошол балалык кыялымды орундатып, профессионал учкуч болбосом дагы, бул жаатта өзүмдүн кызыгуумду канааттандыруу үчүн билим алсамбы деп жүрөм.

– Айылда өсүп чоңойгон бала учурда аалам кезип, классикалык музыканын мекендештерине талантын тартуулап жүрөт. Бул сизге эмне: тагдырбы же жеке аракетиңиздин акыбетиби?

– Боло турган бала кайсы жерде билим алганына карабай болот. Ноокат районунун бир айылында өсүп, учурда дүйнөлүк аренага чыга алдым. Жогоруда айтканымдай, Жараткан пендесине өзү жол салат экен. Азыр Кыргызстанга барганда угуп калам, канча миң доллар төлөп балдарын жеке менчик мектептен окуткандар көп экен. Албетте, балага билим берүү керек. Бирок акылуу же акысыз билим өзүнчө, ал эми адамдагы максат, алдыга умтулуу, аракет дагы андан кем калышпаган роль ойнойт. Билимге шыкалганың менен максатсыз, бош болсоң, ал билим башкага, коомго жарыгын тийгизбейт, денеңден, мээңден ары чыкпай калып кетет. Эң негизгиси, адам тандап алган кесибин сүйүп, анын фанаты болуусу зарыл.

– Акыркы суроо: Кыргызстанда гимнди алмаштыруу керек деген сунуштар айтыла баштады. Сиз буга кандай карайсыз?

– Мен каршымын. Россия дагы гимнин алмаштырган, бирок музыкасына тийген эмес, сөзүн алмаштырган. Бизде да эгерде “азаттыктын жолунда”, “бейкут” деген сөздөр ылайык келбей жатса, анда сөзүн алмаштырууга болот. Бирок музыкасына тийбеш керек. Анткени аны жазган корифей аксакалдарыбыз арабызда жок. Алардан ашып түшкөн ким бар бизде? Кийинки гимнди ким жазат? Аны нотаны тааныгандын баары эле жаза бербейт. Гимн өлкөнүн, улуттун ыры болгондуктан, аны жазган адамдын канында кыргыздын ДНКсы болушу керек. Албетте, уучубуз куру эмес, кыйын композиторлорубуз бар, бирок алардын оюн окуп калдым “гимнди жазып коюш оңой эмес” деп айтып жатышат. Анткени, алар улут, өлкө алдындагы жоопкерчиликтин салмагын сезишүүдө. Жакында италиялык, мексикалык, кореялык жана немец кесиптештерим менен отуруп, беш өлкөнүн гимнин угуп көрдүк. Баары “Кыргызстандыкты өзгөчө угулат экен” дешти. Анткени, аны кыргыз музыкасынын элден чыккан каймактары, нотанын тамырын түшүнгөндөр жазган.