Эрнст Акрамовду эскерүү: Билим, талант, тажрыйба жана адамгерчиликти бир денеге сыйдырган
26-ноябрда КР Баатыры, көрүнүктүү окумуштуу-хирург, мамлекеттик жана коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору, профессор, эмгек сиңирген дарыгер, СССРдин эл депутаты, илим жана техника жаатындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Эрнст Хашимович Акрамов 89 жашында дүйнөдөн кайтты. Маркумду кесиптештери – КР Эмгек сиңирген дарыгери Бактияр Кулбачаков жана хирург Орозгүл Закирова эскеришти.
Бактияр Кожоналиев: “Хирургдун кол кабы канга чыланбашы керек...”
– Мурда борбордук оорукана катары ишмердүүлүгүн жүргүзгөн оорукана 1992-жылы Чүй облустук биргелешкен ооруканасы болуп түзүлгөн. Ал жерде жалпы хирургия бөлүмү ачылып, ага Эрнст Акрамов жетекчи болуп келди. Ошол жылдардан баштап чогуу иштеп, 32 жылды артка калтырдык. Бул киши келгенде эле катарыбыз өтө тажрыйбалуу дарыгерге толукталганын түшүнгөнбүз.
Ал абдан таланттуу, өтө билимдүү, тажрыйбалуу адис болчу. Чоң операцияларды жасады, операцияларына катышып, кээде чогуу кирип жүрдүк, көп нерсени үйрөндүк.
Бир өзгөчөлүгү бар эле – ооруканадан кетчү эмес, ошол жакта жатып иштечү.
Оор операциялар болсо, түшүнүксүз дарттагы бейтап кайрылып калса, Эрнст Хашимовичти чакырчубуз, эч убакта жок дечү эмес, күн-түн дебей келип жардамын берчү.
Дагы бир өзгөчөлүгү – бейтаптарга болгон жакшы мамилеси. Абдан этияттык менен мамиле кылчу, эгерде оор операциядан кийин бейтап кыйналып калса, ал толук айыкмайынча жанынан кетчү эмес. Керек болсо бир ай болсо дагы жанында болчу.
Ал адамдын органдарынын түзүлүшүн абдан мыкты билчү. Өзүнүн практикасында топографиялык анатомия кафедрасында ассистент болуп иштеген экен, мындан улам бул жаатты беш манжасындай өздөштүргөн эле. Негизи операцияларда кан жоготуу болот, бирок ал киши жасаган операцияларда кан жоготуу дээрлик болчу эмес. Себеби, жогоруда айтылгандай, адам анатомиясын жакшы билгендиктен, чекиттер менен жасачу.
“Жакшы хирургдун кол кабынын учу гана кан болууга тийиш. Чыканакка чейин кан болбошу керек”, - деген сөзү бар эле...
Мыкты адис гана эмес, жандүйнөсү сезимтал, жаратылышка жакын адам болчу... Жайында бизде сугат суу жетишпеген көйгөй жаралат, андайда Эрнст Хашимович дарыгерлерге күндө эки маал: эртең менен жана кечинде сууну чакалап ташып, бак-дарактарды суугарууга жумшачу. Өзү да биз менен кошулуп суу ташычу. Оорукананын айланасына тикенек жалбырактуу дарактарды отургузган. Анан аларды көзүнүн карегиндей сактап, соолутпай өстүрүп келди.
Орозгүл Закирова: “Билбегениңди 100 жолу болсо да сура...”
– Эрнст Хашимович бейтаптарга да, кесиптештерге да абдан жумшак мамиле жасачу. Өз орду менен, аз бирок саз сүйлөгөн киши эле..
Мен 2005-жылы Чүй облустук биргелешкен ооруканасына операциялык медайым болуп жумушка орношуп, ошондон бери 19 жылдай убакыт бул улуу киши менен бирге иштешүү бактысына ээ болуп калдым.
Ал эч убакта жумуштан кетчү эмес, дайыма жумуш ордунан тапчу элек. Ооруканада кабинети бар эле, ошол жерде жашачу. Эртең менен жана кечинде сөзсүз түрдө ооруканадагы бардык палаталарды кыдырып “обход” жасачу. Оор абалдагы бейтаптардын абалын тез-тез кирип сурап турчу. Ал турмак түн ичинде да кабар алчу.
Өзү дайыма жумушта, бизден да ошону талап кылчу эле. “Бейтаптарга көңүл бургула, жакшы карагыла, эч нерсени өткөрүп жибербегиле”, – дечү. Биз ал кишини ээрчип палаталарга кирип, анын бейтапты кароодогу тажрыйбасын үйрөнүүгө аракеттендик.
Абдан талапчыл эле... Билбеген нерсеңди жүз жолу сурасаң да түшүндүрүп берүүдөн эринчү эмес, өзү да ошону талап кылчу: “Билбегениңди канча болсо да сура, бирок жумушту так аткар”, – дечү. Бирок милдетин жакшы аткарбай койгон кызматкерлерди дароо эле жумуштан айдоо амалын жасачу эмес, үйрөтүүгө умтулчу.
