
Соцтармактардагы жалган жалаа боюнча мыйзам: бул сөз эркиндигине кысымбы?
Кыргызстанда сунушталып жаткан мыйзам долбоорго ылайык, социалдык тармактарда кайсы бир адамдын кадыр-баркына шек келтирген, адамдык абийирин кемсинткен билдирүүлөрдү жасаган жана аны тараткандар айыппул төлөшөт. Айыппулдун өлчөмү жеке тараптар үчүн – 100 миң сом, юридикалык жактар үчүн – 200 миң сом деп белгиленген. Бул мыйзам кандай иштейт? Сөз эркиндигине кысым болуп калбайбы? Коомдун кайсы бир катмарынын гана кызыкчылыгын коргобойбу? Мына, ушул суроолордун тегерегинде юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков жана журналист Асель Сооронбаева билдиришти.
Орозбек Сыдыков: Биринчи айтып койчу нерсе, бул фейк маалыматтарга ылайыкташкан мыйзам долбоор эмес, мында адамдын кадыр-баркын түшүргөн билдирүүлөр жөнүндө сөз болот. Бул Укук бузуулар жөнүндө кодекске киргизилип жатат. Ага ылайык, интернетте адамдын абийирин, ар-намысын кемсинткендер же жалаа жапкандар жана ал маалыматтарды тараткандар жоопкерчиликке тартылат. Адамзаттык жашоонун өнүгүшү менен кайсы бир кесиптер пайда болуп жана кайсы бир кесиптер жоголгондой эле, адамдык мамиледе да жөнгө салууга зарылчылдык жаралган жагдайлар өсүп чыгат. Бүгүнкү күндө Кыргызстандын 95 пайызы интернетте отурат, пикир алмашуусу, маектешүүсү, ошондой эле терс эмоцияларын чыгаруу дагы соцтармактар аркылуу болуп калды. Бул маалыматтын жеткиликтүүлүгүн кыйла жеңилдеткени менен коомдо кийинки муундарга тарбия берүүнү, улуттук каада-салттарды сактоону, терс көрүнүштөрдү жоюуну кыйындаштырып жатат. Терс көрүнүштөр бат таркайт эмеспи, биз азыр анын алдын албасак, жыл өткөн сайын мындан да оордошо берет. Адамдын ар-намысы кол тийгиз. Бул Конституциянын 29-беренесинде жазылган. Анын үстүнө интернет аркылуу маалымат бат таркайт, масштабдуу дагы, сизге жалаа жабылчу болсо, аны сизди тааныган да, тааныбаган да адамдар окуйт. Тар чөйрөдөгү кемсинтүү, жалаа жабууну ошол жердеги катышуучулар гана билет. Ошондуктан, 100 миң сом, 200 миң сом айыппул салуу туура.
Бул жерде айыппулду салууга Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты ыйгарым укуктуу орган болуп саналат. Негизи укук бузуу кодексинде 15тен ашуун мамлекеттик органга айыппул салуу укугу берилген. Алар: Архив, ИИМ, УКМК, Юстиция министрлиги, фитосанитардык, ветеринардык кызматтар ж.б.
Асель Сооронбаева: Бул мыйзам бир гана фейк маалыматтарга иштейт деп айта албайм. Башка максатта ишке ашырылып жатат жана бул менин сөзүм эмес, аны юристтер, ошол эле “Адилет” укук клиникасы айтып жатат. Сарасеп салып, анализдеп көргөндө Конституция, эл аралык келишимдер тарабынан кепилденген адамдардын эркиндигине кысым көрсөтүүгө багытталган мыйзам болууда. Фейк аккаунттардын артында ким тураарын эч ким ачык айтып бере албайт, Маданият министрлиги андан бетер.
Айыппул тууралуу айтканда, учурда Кыргызстанда орточо айлык акы 30-35 миң сомдун тегереги. 100 миң сом орточо айлык акыдан дээрлик үч эсе көп. Кайсы бир жаран туура эмес маалыматты билбестик менен таратып алса, айыппулга жыгылат. Болгондо да айрым кылмыштарга коюлган айыппул менен бирдей өлчөмдө, мисалы адам уурдоодо шектүү тарап 100 миң сом айыппул төлөйт. Эгер жарандын конструктивдүү айтылган сын-пикири жалган маалыматка кирип калсачы? Маданият министрлиги коомду маданиятка үндөп, руханий баалуулуктарга баштоочу органдан жазалоочу органга айланып жатат, мындай практикада болгон эмес. Чет мамлекеттерде жалган жалаа жабуу боюнча айыпталуучу сот аркылуу аныкталат, бул ишти бир гана сот чечет. А бизде Маданият министрлиги аныктайт экен. Адамдын ар-намысын коргоого көп инструменттер бар, а азыркы мыйзам тандалма иштейт.
Орозбек Сыдыков: Сөз эркиндиги дегенди кандай түшүнөсүз?
Асель Сооронбаева: Ойду эркин билдирип, ой жүгүртүүнүн эркин болгону...
Орозбек Сыдыков: Эл аралык нормалар боюнча аныктамасын айтайын: сөз эркиндиги маалыматка эркин жетүү, эркин топтоо жана эркин жаратуу. Сөз эркиндиги менен адамга жалаа жабуунун ат менен төөдөй айырмасы бар. Бул мониторинг кылып, аныктап, анан барып кармап келе турган мыйзам эмес. Мында кылмыш жооптуулугу жок, бул Укук бузуулар кодексине киргизилип жатат. Башка мамлекеттерде сот аркылуу аныкталат деп жатасыздар, ооба, анткени аларда бул кылмыш жоопкерчилиги иретинде каралган. Кылмыш жоопкерчилигинде сөзсүз түрдө сот болот. Ошол эле Германия, Швеция, Америкада жалган жалаа жаап же адамды кемсинткендер 3 жылга чейин эркинен ажыратылат же биздин айыппулдан 45 эсе көп айыппул төлөйт. Ал адамда соттолгон деген өкүм калат.
Ал эми бизде мыйзам коомдун кайсы бир катмарына гана иштейт дегенге кошулбайм. Бул жерде арыз жок эч нерсе болбойт. Жалган жалааны ар бир адам психолгиялык абалына, ой жорумуна, ички дүйнөсүнө жараша кабыл алат. Бири унчукпай кутулса, экинчиси баш-оту менен берилип, стресс болот. Эгерде жаран аны кемсинткен билдирүү үчүн арыз жазса, ошого жараша аракет көрүлөт. Ал эми Маданият министрлиги бир гана маданият эмес, маалыматтык көзөмөлдү да жасайт.