Жүрөккө байланышкан кандай белгилерде кардиологго кайрылуу керек?
30 сентябрь

Жүрөккө байланышкан кандай белгилерде кардиологго кайрылуу керек?

Бул дарттын келип чыгыш себебин жана акыркы жылдары эмне себептен “жашарып” баратканын Улуттук кардиология жана терапия борборунун кардиолог-дарыгери Азамат Иманалиев айтып берди. 

“Бул күн 1999-жылдан тартып белгиленип келатат. Анткени дүйнө жүзү боюнча жүрөк – кан тамыр ооруларына байланышкан өлүм биринчи орунда турат. Кыргызстанда бул дарттан келип чыккан өлүм жалпы өлүмдүн 52 пайызын түзөт. Ошондуктан биз жыл сайын 29-сентябрда жарандарга ачык күн өткөрүп, соода борборлорунда, биздин борбордо ар бир каалоочуну кабыл алып, кан басымын, кандагы холестерин деңгээлин текшерип, анан ага жараша сунуштарды берчүбүз. Биз быйыл башкачараак өткөрүүнү чечип, дарыгерлерге жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча илимий-практикалык конференция уюштурдук”, - деди ал.

Ошондой эле, айтымында, жүрөк-кан тамыр ооруларынын көбөйүшүнүн негизги себептери – кыймылдын аздыгы, туура эмес тамактануу жана тамеки тартуу. 

“Биз көбүнчө майлуу тамактарга, татаал углеводдорго басым жасайбыз. Жашылча-жемиштерди аз жейбиз. Ал эми тамеки, ал кандай болсун: кадимкиби же электрондукпу, ден соолукка бирдей терс таасир тийгизет, азыр электрондук тамекини жаштардан баштап карыгандарга чейин каалаган жеринде тартып калышты. Үчүнчү себеби, дүйнө жүзү боюнча адамдар ашыкча салмактан жабыркашууда. 1 кг ашыкча салмак кошулса дагы, ал жүрөк-кан тамыр системасына таасирин берет”, - деди Азамат Иманалиев. 

Дарыгер барган сайын жүрөк-кан тамыр оорулары “жашарып” баратканын да белгиледи. Айтымында, учурда 30 жаштагы да бейтаптар кездешүүдө. Бул оору тукум кууйт, андыктан жүрөк оорусуна кабылган адамдын жакындары өздөрүн жакшы сезген учурда дагы жылына бир жолу текшерүүдөн өтүп турушу керек. 

Ал эми жүрөк ооруларынын белгилери: көкүрөк туштун оорушу, жүрөктүн бат-баттан согушу, себепсиз эс-учун жоготуу, отурганда же бир аз кыймыл жасаганда демигүү. Дарыгер ушул белгилер байкалган адам сөзсүз түрдө тез арада ооруканага кайрылуу керектигин белгиледи.