Нургүл Эралиева: Kegety mountians – көчмөн маданияты жашаган жер
Kegety mountians – кыргыз элинин көчмөн маданияты ушул күнгө чейин сакталып турган жерди ошол жайдын ээси Нургүл Эралиева чет элдик туристтерге абдан чоң жылуулук жана сүйүү менен тааныштырат. Ал кыргыздын кол тегирменине, самооруна суктанган жана боз үйүндө түнөгөн, түнү жылдыздар жыбыраган асманга суктанган француздарды, италиялыктарды жана немецтерди көчмөндөрдүн каада-салтына сугарып келет. Кыргыз маданиятын сактоочу Караван-Инфонун окурмандарына бул нукура жер тууралуу айтып берди.
– Нургүл, бул жер тууралуу айтып берсеңиз. Бул эс алуу аймагы качантан бери иштейт жана аны түптөө идеясы кайдан келген?
– Илгерки аталышы боюнча бул жер Уй-Булак капчыгайы деп аталат, бирок туристтик аймак катары өнүктүрүп баштаганыбызда Kegety mountians деген башка аталыш бергенбиз.
Эс алуу жайынын иштеп баштаганына 22 жыл болду, аны кайнатам түптөгөн. Өз убагында ижарага алып, биринчи сарай курган, анткени, малдары бар болгондуктан капчыгайды жайкы жайыт катары пайдаланган. Андан соң кайнатам өздөрү эс алыш үчүн жашаганга үй курган. Ал маалда жолдошум экөөбүз жаңы гана жолугушуп баштаганбыз. Кийинчерээк кайнатам бул бизнесин бизге өткөрүп берди, а биз улантып кеттик. Ошол убакта кымыз менен дарылануу жаңы гана популярдуу боло баштаган, бизге биринчи досторубуз, тааныштарыбыз, туугандарыбыз келди. Андан кийин сарафан радиосу аркылуу башкалар да угуп, ошентип, конокторду кабыл алууну баштадык.
– Конокторуңуз негизинен кимдер?
– Биздин коноктор ь негизинен бишкектиктер, Чүй облусунун тургундары, жаратылышты сүйгөн адамдар. Мурда кымыз менен дарыланууга, иммунитетин көтөрүүгө үй-бүлөсү менен келишчү. Көбүнчө жаш балдары менен энелер. Азыр жөн гана жаратылышты сүйүүчүлөр кошулду, бул жерде баары бар: токой, тоо, өзөн, таза аба, кооздук. Бул жер өзгөчө микроклиматка ээ. Биринчи жылы эс алып кетип, кийинки жылы да кайра келген конокторубуз жыйынтыктары менен бөлүшүп калышат: бирөөсүнүн билирубини ылдыйласа, бирөөсүндө миома жок болгон, дагы биринин баласы кышында такыр ооруган эмес ж.б. Биз өзүбүз да жыйынтыктарга таң калабыз – чынында жардам берет.
– Чет өлкөлүк туристтер келишеби? Алар негизинен кайсы жактыктар?
– Велотуристтер көп келишет. Басымдуу бөлүгү европалыктар, Соң-Көлгө барышат, а бул жерде, Кочкор тарапта ашуу бар. Бизге да токтошот. Ошондуктан велотуристтер июлдан сентябрга чейин үзүлбөйт. Ошондой эле бизге чет өлкөлүк туристтерди алып келген гиддер бар. Негизинен италиялыктарды, француздарды жана немецтерди алып келишет.
– Алар бул жер жана дегеле Кыргызстан тууралуу кандай ойлорун айтышат? Жакшы нерселерге жедеп көнүп калган туристтерди эмне менен таң калтырасыз, эмнелер аларга көбүрөөк жагат?
– Биз алардын көчмөн маданияты менен кесилишкен биринчи чекитибиз. Биринчи кезекте ашканабыз жагат: эт, куурдак, дымдама, боорсок. Аларга өзгөчөлүгүбүздү тааныштырабыз. Мен мастер-класс өтөм. Чоң энебизден калган жаргылчагыбыз бар, аны менен май-талкан жасайбыз. Мен булардын баарын акча үчүн жасабайм, жөн гана туристтерге биздин маданиятыбызды, салтыбызды тааныштыргым келет. Анан алар өз колу менен улуттук десертти жасап, даам татуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул туристтерге абдан жагат. Ал турмак май-талканды жолго да ала кетишет.
Ошондой эле, меймандостогубузду да баалашат. А жаратылыш – өзүнчө кеп. Бул жерде баары нукуралуулугунан тайбаганы туристтерди ырахатка чөмүлтөт. Жаратылыш жапайы бойдон, жакшы маанисинде. Чет өлкөлүктөргө бөлмөлөрүбүздө баары жөнөкөй, бирок таза экени жагат. Алар цивилизациядан чыгып, жаңы таасирлерди издөө үчүн келишет, ошону баалашат. Ансыз да цивилизацияда жашашат эмеспи, а мында жаратылыш менен байланышат, нукуралуулукка бет келишет. Бул алар үчүн бейтааныш нерсе. Чет өлкөлүк конокторубуз адатта самоорго таң калышат, мындайды биринчи жолу көрүшөт да. Анан да тамак отко жасалаарын көрүп, абдан таң калышат дагы, кубанышат.
Менимче, бул бир гана чет өлкөлүк туристтерге эмес, өзүбүздүн да туристтерге да жагат, анткени алар дагы цивилизациядан эс алууну каалашат. Мунун баарын биздин адамдар да баалашат, болгондо да чыныгы шаардык тургундар, интеллигенция же көп жылдар бою чет өлкөлөрдө жашагандар.
– Жаратылышты тазалык темасы өтө актуалдуу эмеспи, биздин адамдар тазалыкты сакташабы?
- Тилекке каршы, биздикилерде “мен акча төлөдүм, демек, мен ханмын” деген менталитет жашайт. Башкача айтканда, “мага кызмат кылыш керек, тейлеш керек, тазалаш керек”. Таштанды таштабагыла деп айтсам, түшүнбөөчүлүккө туш келем. Балдарыбыз башкалардын эмгегин баалабай чоңойуп жатканы кейитет, ата-энелер аларды өзүнүн артынан тазалап коюуга үйрөтпөйт. Жыл сайын улам-улам көбүрөөк бул тууралуу айтабыз, бирок адамдар өзүнүн артынан тазалашпайт, алардан кийин келчү адамдарды ойлошпойт. Ушундай суроо-талап, жаратылышка ушундай мамиле – жакшы эмес тенденция.
– Бирок туристтер жылдан жылга жакшы жагына өзгөрүп баратат деген оң көрүнүштөр да барбы?
– Ооба, бир аз өзгөрүү бар. Алдыга жылган жаштар кубантат. Алар ал турмак таштандыны бөлүп да коюшат. Бир гана өздөрүнүн артынан эмес, башкалар үчүн да тазалашат. Мындай туристтерди тосуп алуу абдан жагымдуу. Бирок тилекке каршы, жаратылышты жана башка бирөөнүн эмгегин баалабаган туристтер да жок боло элек.
