Айдай Белекова: Чач узартуу – бул кээде сулуулук үчүн эмес, а аялдын өзүнө болгон ишенимин бекемдөө үчүн керек
Чач узартуу процедурасынын артында дайыма эле сырткы кебетени өзгөртүүгө болгон каалоо турбайт. Кээде бул кадам жашоонун кайсы бир этабынан кийин өзүнө болгон ишенимди бекемдөөгө ташталган кадам. Чач узартуу боюнча мастер Айдай Белекова бул кесипке кантип келип калганын жана эмнеге бүгүн анын жумушу онкологияга кабылган адамдарды колдоого көбүрөөк айланып баратканын айтып берди.
– Айдай, өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз. Бул кесипке кантип келип калдыңыз?
– 10 жылдан ашык убакыт мурда эжем Алматыда чач узартуу боюнча биринчи чакан студиясын ачкан. Мен ага кез-кезде барып жардам берчүмүн, кийинчерээк ассистенти болуп иштеп калдым.
Ошол маалда Бишкекте бул тармакта күчтүү мастерлер дээрлик жок эле, ошондуктан көп кыздар чачын узартуу жана коррекциялоо үчүн атайын Алматыга барышчу. Качан Бишкекке келип жашап калганымда, ошол кардарлар мага келип башташты.
Чынын айтсам, чач узартуу боюнча мастер болууну ойлонгон эмесмин. Бирок кесип мени өзү тапты.
– Чач узартуу боюнча көп имиштер бар, алардын кайсынысын жокко чыгарасыз?
– Көп жылдан бери иштеп жүрүп, кардарлардын ар кандай суроолоруна жана имиштерине көнүп калдым. Мындай түшүнүктөрдү тынч кабыл алып, акырындык менен туура ойго ынандырабыз.
Мурда эң көп жайылган коркунуч – кошулган чач адамдын өзүнүн чачына зыян келтирет, аны жасаткан кыздар кийин чачы жок калышы мүмкүн деген. Балким, кайсы бир жерде ушундай окуя болсо керек, бирок мындай көйгөй тажрыйбасыз мастерлерге кайрылуудан же чачка туура эмес кам көрүүдөн улам келип чыгат.
Иштеп жатканыма 10 жылдан ашты, бул убакыт аралыгында биз көптөгөн кыздарга өзүнүн чачын калыбына келтирип жана өстүрүүгө жардам бердик. Тажрыйбабыз аркылуу профессионалдык мамиледе чач узартуу толук кандуу коопсуз экенин далилдедик.
Бизге болгон ишенимдин эң чоң көрсөткүчү – бул кардарлар курбуларын гана эмес, апаларын да ээрчитип келүүсү. Бул демек, алар өздөрү алган жыйынтыкка канааттанышты, сапатына ынанышты, анан жакындары да өздөрүн ишенимдүү жана сулуу сезишин каалашты.
– Акыркы жылдары чач узартуунун технологиясы кантип өзгөрүүдө?
– Эгерде пункттар боюнча айтсак, акыркы 10 жылда чач узартуу жана чач буюмдары тармагы алдыга өтө чоң кадам таштады.
Биринчиден, чач алмаштыруу системаларынын ассортименти кыйла кеңейди. Ар кандай буюмдар – шиньондор, париктер, жабыштырмалар, чачтар жана даяр чач жасалгалары көбөйдү. Бүгүнкү күндө кардарлардын бардык суроо-талаптарын аткарса болот.
Экинчиден, чийки затты иштетүү технологиялары олуттуу өзгөрдү жана жалпысынан чачтын сапаты жогорулады. Өндүрүүчүлөр даярдоо процессинде чачтын түзүмүн жана сырткы көрүнүшүн сактоого көбүрөөк көңүл бура башташты.
Үчүнчүдөн, боёо технологиялары абдан өнүккөн. Заманбап ачык түстөр, ошол эле блонд сапаттуу болуп калды: чач тыгыздыгын сактап, азыраак сынат жана кийгенде жакшыраак көрүнөт.
Төртүнчүдөн, чачты узартуунун көптөгөн ыкмалары жана форматтары пайда болду. Бүгүнкү күндө кыска мөөнөттөгү да, узак мөөнөттөгү да чач узартуулар бар.
Анан албетте, капсулалардын өзү өзгөрдү. Алар кыйла кичине, коопсуз жана ыңгайлуу болуп калды. Мунун аркасында бүгүнкү күндө узартылган чачтар бир топ ыңгайлуу кийилет жана мүмкүн болушунча табигый сезилет.
–- Сиз кайрымдуулук менен алектенериңизди билем. Онкологияга кабылган адамдарга жардам берип, аларга акысыз же чоң арзандатуу менен чач узартып берип жүрөсүз. Химиотерапиядан кийин чачын узарткан биринчи кардарыңыз эсиңиздеби? Кандай сезимде болдуңуз эле?
– Чынын айтсам, химиотерапиядан кийин чачын узарткан биринчи кардарым эсимде жок, анткени бул ишке дароо келген эмесмин. Башында өтө кыска чачтуу кардарлар кайрылышкан. Алар ар башка мастерге барып жүрүшүп, акыры бизге келишкен эле.
Бул мен үчүн кайсы бир деңгээлде кесиптик чакырыкка айланды. Өзүмө ишенгендиктен, ушундай жагдайда келгендерди кабыл алдым. Мурда адамдар химиотерапиядан кийин чач узартууга чанда кайрылышчу, анткени өздөрүнүн чачынын абалынан кооптонушчу. Көбү мындан да начар абалга түшүрүп алам деп ойлошчу, ошого көп келе беришчү эмес.
– Онкобейтаптар менен баарлашуудан кийин сиздин баалуулуктарыңызда кандайдыр бир өзгөрүүлөр болсо керек?
– Албетте, баалуулуктар өзгөрдү. Мындай абалда биз жасап жаткан иштер сулуулукка эмес, кардардын өзүнө болгон ишениминин бекемделишине, анын чачынын абалына болгон чоң жоопкерчиликке көбүрөөк байланышат. Адамга кадимки нормалдуу жашоосу кайра келгендей сезим тартуулаш керек. Ал өзүн күзгүдөн коркпой карай алса, көпчүлүккө уялбай чыга алса, өзүн ишенимдүү сезсе – ушунун өзү процедуранын жыйынтыгы, ал адамдын кайсы бир деңгээлде айыгышы.
Ошондуктан биз үчүн сулуу гана кылбай, процедураны мүмкүн болушунча кылдат жана коопсуз жасоо, зыян келтирбей, жардам берүү маанилүү.
– Менин билишимче, сиз онкологияга кабылган кыздар үчүн парик жасап, ооруканаларга бекер таратууну ниеттенип жүрөсүз. Ушул тууралуу айтып берсеңиз.
– Менде жашоонун жөнөкөй эмес этабында жашап жаткан кыздар үчүн парик жасатууга болгон чоң каалоом бар. Ылайыктуу парик таппай, айлап издеген, ал турмак чет өлкөгө чейин барган адамдар тууралуу көп окуяларды уккам.
Парикти аларга жеткиликтүү кылгым келет. Кыздар парик кийип, өздөрүн ишенимдүү сезсин, кадимки жашоосун улантсын, өз кайгысы менен жалгыз калбасын дейм.
Жөнөкөй көрүнгөн мындай жардам ички чоң таянычты жаратат, камкордук жана колдоо сезимин туюндурат деп үмүт кылам.
– Сиз бул дүйнөгө бир гана сулуулук эмес, жакшылыкты да алып келүүдөсүз. Эптүү колуңузга жана боорукерлигиңизге ыраазычылык.
