Хабиба Шерматова: Азыркы балдарга деле аларды уккан адам керек
Мугалимдик – бул кесип деп айтышат, а Хабиба Шерматова, №56 жалпы билим берүүчү орто мектебинин биология мугалими, бул – тагдыр деп билет. Айтымында, окуучулардын көздөрүнөн ишеним жыбыраганда, чарчоону, толгон-токой документтерди жана тыныгуу учурундагы ызы-чууну унутат. Анткени, мектеп партадан эмес, жанындагыларды укканды жана ишенгенди билген адамдан башталат. “Караван-Инфо” менен болгон маегинде ал бул кесиптеги эң баалуу нерсе - келечектеги мектепти көрө билүүдө жатканын айтты.
– Хабиба Курбаналиевна, сиздин оюңузча, мугалимдик – бул чакырыкпы?
– Мугалим – бул бир гана билим берген эмес, жүрөктөрдү да ойготкон адам. Аны капысынан тандоого болбойт. Мен бул ички чакырык, кичинекей көчөттөрдөн инсандардын калыптанып жатканын көрүүгө, билгениңди бөлүшүү жана шыктандырууга болгон каалоо. Мугалим сабак берүү үчүн гана эмес, ошол сенин өтүп жаткан сабагыңды түшүнгөн окуучулардын көзү жайнап турганын көрүү үчүн жашайт.
– Азыркы мугалим кандай кыйынчылыктарга кабылат?
– Азыркы мугалим технология, баалуулуктар, мамилелер тез өзгөргөн доордо жашап жатат. Башкы кыйынчылык – ошол ыргакка жетишүү жана ошол эле учурда адамдык жылуулукту жоготпоо. Жөн гана педагог эмес, психолог, устат, шыктандыруучу болууга туура келет. Бизде убакыт тартыш, документация көп, бирок эмгегиң текке кетпегенин, балдардын өсүп жатканын, сезип жатканын, өнүгүп жатканын, сени урматтап жатканын көрүү мунун баарын жууп кетет.
– Мугалим болуп иштеген жылдарыңызда окуучулар кандай өзгөрүштү?
– Окуучулар көп нерсени үйрөнүүгө умтулуп, технолгияны жакшы түшүнгөн, бир топ ачык, ой жүгүртүүлөрү терең болуп баратат. Бирок бир нерсе өзгөрүүсүз калды: мурдагыдай эле аларга аларды уккан, түшүнгөн жана колдогон адам керек. Эгер мугалим алар менен бир толкунда болсо, анда ой жүгүртүү жана кызыкчылык да бир болот.
– Эгер сизге убакытты артка жылдыруу мүмкүнчүлүгү берилсе, кайра эле мугалимдик кесипти тандайт белеңиз?
– Ооба, сөзсүз түрдө, анткени, мектептеги ар бир күн – бул кичинекей тарых, жандуу мүнөздөр менен жолугушуу. Кыйынчылык да болот, бирок окуучулардын ийгилигин көрүү, жакындыгын сезүү, ата-энелердин ишеними – кыйынчылыктарды жаап кетет. Мугалимдик кесип – бул жүрөктөргө карай жол, бир да жолу ушул кесипти тандаганыма өкүнгөн эмесмин.
– 10 жылдан кийинки мектептеги билим берүүнү кандай көрөсүз?
– Мен келечектеги мектеп бир топ ийкемдүү болот деп ойлойм. Технология билим берүүгө активдүү жардамдашат, бирок мугалимдин жандуу сөзү дайыма баалуу бойдон калат. Билим берүү бир гана үйрөтүүгө эмес, инсандык өнүктүрүүгө да багытталат, балдар курчап турган чөйрө менен карым-катнаш жасап, жоопкерчилигин сезүү үчүн. Келечектеги мектеп – бул бала көңүл чордонунда болгон салттуулуктун жана инновациянын биримдиги.
– Окуучунун кандай суроосу сизди туңгуюкка камаган? Же кайсы кызыктуу окуя эсиңизде калган?
– Биология сабагындагы бир окуяны жылмаюу менен эстейм. Биз өсүмдүктөр тууралуу сөз кылып жатканбыз, анан бир окуучум капысынан: “А эгер өсүмдүк дагы тирүү жан болсо, үзүп алганыбызда, алар кыйналабы?” – деп сурап калды. Саамга буйдалып, эмне дешимди билбей калдым, чынында суроо баланыкы, бирок ошол эле учурда абдан терең мааниде болуп жатпайбы. Ошол жерден чогуу өсүмдүк жарыкка, кол тийгизүүгө, аба табынын өзгөрүшүнө кандай реакция кылаарын талкуулап баштадык, анан сүйлөшүү күтүлбөгөн жерден кызыктуу талкууга айланды. Менимче, бала сени угуп гана койбой, ой жүгүртүп, сезип баштаган ушундай учурлар абдан баалуу. Мугалимдик кесиптин маңызы так ушунда жатат – балдарда жашоого, сенин сабагыңа, жалпысынан, бардык нерсеге болгон жандуу кызыгуу кантип ойгонуп жатканын көрүү.
