Айнагүл Самудинова, эл аралык деңгээлдеги эксперт: “Жатын таза болсо – аял энергиялуу, сулуу, бактылуу болот”
10 июнь

Айнагүл Самудинова, эл аралык деңгээлдеги эксперт: “Жатын таза болсо – аял энергиялуу, сулуу, бактылуу болот”

«Аял – үйдүн куту» деп айтылгандай, анын ден соолугу жана ички абалы бүтүндөй үй-бүлөгө таасир этет. Чыгыш медицинасынын адиси Айнагүл айым менен болгон маекте аялдардын ден соолугуна кам көрүүнүн өзгөчөлүктөрү, табигый дарылоо ыкмалары жана аялдык энергиянын мааниси тууралуу сөз болду.

– Айнагүл айым, сиз гинеколог болбосоңуз да аялдардын ден соолугуна кам көрөт экенсиз. Кантип?

– Ооба, мен гинеколог эмесмин, бирок Чыгыш медицинасында жүргөнүмө 20 жылга жакын убакыт болду. Ал эми гинекология тармагы бизге 2020-жылы келди. Мен ошондо дароо эле Кытайга окууга жөнөдүм. Жаңы ыкма менен алгач өзүм дарыландым. Анткени көпчүлүк аялдар сыяктуу эле менде дагы гинекологиялык жактан “бир букет” көйгөй бар эле. Мага абдан жакты. Жыйынтыгын үч күндө эле көргөндөн кийин кызыгуу менен, берилүү менен окуй баштадым. Андан кийин да кайра-кайра төрт жолу барып окуп келдим. 

– Ошондо сиздердин дарылоо ыкмаңыздар кандай?

– Биз дарылоодо гель каражаттарын жана массажды колдонобуз. Гелдерибиз бир канча чөптүн түрүнөн жасалган жүз пайыз органика. Кытайлардын “секретный рецептин” сатып алып, ошол жакта лабаротория ачканбыз. Сертификатыбыз бар, жети өлкөдө иштейбиз. Ал гелдердин биринчи топтому вируска каршы болуп эсептелинет. Алгач репродуктивдүү системадагы болгон вирус, инфекцияларды чыгарып алабыз. Андан кийин жашартуучу этабына өтөбүз. Бул булчуңдарды иштетип, жыныс кынын тарытууга багытталат. Акыркы этабы – массаж болуп эсептелинет. Массаждын жардамы менен түшүп калган жатынды көтөрөбүз, симфизит, б.а. кош бойлуу кезде бошоп калган кемирчектерди калыбына келтиребиз, кыскасы, репродуктивдүү органдарды жашартуу процедураларын жасайбыз. Болду, ошондон кийин эле аялдын айта албай жүргөн көйгөйлөрүнүн баары чечилет. 

– Үй-бүлөнүн сакталышына да салымыңар бар экен да?

– Ананчы?! Бул менин өзүм башымдан өткөргөн тажрыйбам. 9 жылдан кийин экинчи баламды төрөгөндө жакшы тыңыбай, жел кабыз болуп абдан шишип кеттим. Ага кошумча гинекологиялык көйгөйлөр башталды. Врачка барсам укол-дары, свеча жазып берет, бир аз жакшы болгонсуйт да, кайра эле башталат. Мунун айынан жолдошум оң-солго басып, ынтыгыбыз ыдырай баштады. Кудай жалгап ошол учурларда дарылануунун бул ыкмасына туш болуп калып, мамилебиз калыбына келген. Мага окшогон келиндер бизге көп келишет. Тукумсуздуктан жабыркап жүргөндөр балалуу болуп, үй-бүлөсүн сактап калгандар да ондоп саналат. Тукумсуздуктун себептеринин бири – жатын түтүктөрүнүн инфекцияга болуп калышы. Жогоруда айтылган гелдер менен аларды тазалаганда эле аял кош бойлуу болот. 

– Салттуу медицина менен кандай айырмаңар бар?

– Салттуу медицина деле жаман эмес. Болгону анда симптомду гана дарылашат. Мындайча айтканда, кире беришин гана тазалашат да, төрү ошол бойдон кала берет. Биз болсо түпкү себеби менен иштейбиз. Аялдык органдарга да бетке кам көргөндөй эле кам көрүш керек. Жатын таза болсо, аял энергиялуу болот, бактылуу болот, сулуу болот. Энергиянын уюган жери – дал ушул жатын. Андыктан көзгө көрүнбөсө эле маани бербей жүрө бербешибиз керек. Бизге келгендер көбүнчө: “Мен таза элемин, жакында эле гинекологдо болгом, силерге да бир көрүнүп коёюн деп келдим”,-дешет. Текшере келсең толгон-токой көйгөйлөрү чыгат. Анан толук “ремонттон” өткөрүп, “кыз” кылып жөнөтөбүз. Дагы бир негизги өзгөчөлүгү – биз антибиотик менен эмес, табигый каражаттар менен дарылайбыз.

– Ошондо силердин дарылоо ыкмаңар бир гана аялдар үчүнбү?

– Эркектер үчүн да ушул эле гелдерди колдонобуз. Инфекциянын алып жүрүүчүлөрү эркектер да. Простатиттин алдын алууга, дарылоого бул ыкма абдан жакшы. Менин максатым – адамдарга ден соолуктун табигый жолун көрсөтүп, рак сыяктуу олуттуу оорулардын алдын алуу жана бакытка жетүүсүнө жардам берүү.

– Кыргызда адамдын тагдырын жатынга байланыштырып коюшат эмеспи, ошонун канчалык деңгээлде чындыгы бар?

– Кыргызда сөз жөн жерден чыкпайт, бул чындык. Анткени жатын – энергия айланган жер. Жатын канчалык таза болсо, энергия көп болот, оору жок болот, ал жатындан мыкты балдар төрөлөт. 

– Аялдын энергетикасына, ички дүйнөсүнө да басым жасайт экенсиз...

– Ооба, анткени менин ишим ошого тыгыз байланыштуу. Аялдын жан дүйнөсү тынч болмоюнча, организм толук калыбына келиши кыйын. Ошондуктан биз аялдарды өз ден соолугуна жоопкерчилик менен кароого, өзүн сүйүүгө, баалоого үйрөтөбүз. Ошондой эле аялдардын өзүнө болгон ишенимин жогорулатуу, ички коркууларын жеңүү, таарынычтарын коё берүү жана позитивдүү энергияны кабыл алуу боюнча психологиялык жана энергетикалык практикаларды колдонобуз. Аял өзүн сүйүп, өзүнө ишене баштаганда анын ички энергиясы өзгөрүп, ден соолугу да жакшы нукка өзгөрө баштайт.

– “Жатыны сулуу аял – эң сулуу аял” деген сөз бар, мунун да чындыгы барбы?

– Бар. Биздин дарылоодон кийин репродуктивдүү система тазаланып, организмдин энергиясы көтөрүлгөндө аял өзүн жеңил, шайыр жана ишенимдүү сезе баштайт. Аялдын жүзү ачылып, көзү жайнап табигый сулуулугу көрүнөт. Ден соолук менен энергия тең салмакта болгондо аялдын жашоого болгон сүйүүсү, кубанычы жана аялдык назиктиги дагы күчөйт. 

– Сиздердин дарылоо канча күндө жыйынтыгын берет?

– Болгону 3 күн. Ушул аралыкта аялдын репродуктивдүү системасын толук калыбына келтирип коюуга болот. Андан кийин биз берген гелдерди үй шартында эле колдонуп, ден соолугун бир калыпта кармап тура алат. Ал гелдерди кантип колдонуу керектигин биз толугу менен үйрөтүп, көрсөтүп беребиз. 

– Кардарларыңыз дарылоодон кийин өздөрүн кайра төрөлгөндөй сезип каларын айтышты...

– Ооба, дал ушундай болот. Бул дененин гана эмес, ички энергиянын да тазаланышы менен байланыштуу. Анткени организмдеги туруп калган терс энергиялар чыгып, жаңы энергия айлана баштайт. Ошондуктан көпчүлүк кардарлар процедурадан кийин жеңилдеп, маанайы көтөрүлүп калганын айтышат. Ички жана сырткы тазалануу бирдей жүргөндө адамдын жалпы абалы өзгөрүп денеси дагы, жан дүйнөсү дагы жеңилдикти сезет. Аял – үйдүн куту. Ал – улуттун күзгүсү. Келечекте мыкты уул-кыздар төрөлүшү үчүн аял өз ден соолугуна кам көрүүгө милдеттүү. Биздикиндей жаңы ыкмалар ден соолукту дагы да жакшыртат. Келиңиздер, ден соолугуңуздарга кайдыгер карабаңыздар, урматтуу айымдар!

Байланыш номерибиз: 703311564