Төө буурчактын таттуу тагдыры
Таластын шамалына термелген буурчак талааларын көптөр жөн гана түшүм катары көрөт. Ал эми ишкер Улан Тазабеков үчүн бул – мүмкүнчүлүк, идея, келечек. Кечээ гана мүшөккө салынып, чийки бойдон сыртка кеткен төө буурчак бүгүн кооз таңгакка оролуп, ал тургай таттуу печеньеге айланып, текчелерге коюлуп сатылып жатат. Бул өзгөрүүнүн артында бир адамдын тобокели, жыгылып кайра турган өжөрлүгү жана “эмнеге болбосун?” деген дымак турат.
Идея келген күн
Баары кампада башталган. Кадимки эле күндөрдүн бири. Төө буурчак жыйналган складга жапон адистери кирип келет. Алар JICA уюмунун өкүлдөрү экен. Ошол күнү Улан мырза алардан биринчи жолу “бир айыл – бир азык” деген түшүнүктү угуп, “чийки саткан эл байыбайт, кайра иштеткен эл өсөт” – деген сөзү кулагында калат.
Ошол маек багытты өзгөртөт. 25-50 килолук мүшөктүн ордуна 300 граммдык таңгак пайда болот. Кийин 500 граммга өтөт. Карапайым буурчак акырындык менен товарга, товар брендге айлана баштайт.
Жыгылбай ийгилик болбойт
Бүгүн ийгиликтин даамын таткан ишкер бул жол жеңил болбогонун жашырбайт. Бир эмес, бир нече жолу банкротко учураган. Мурда загатовка менен гана чектелип, башкалар үчүн иштеп жүргөн күндөрү да болгон. Бирок 2017-жылы бир чечим кабыл алып, “Өзүбүз эмнеге жасабайбыз?” деген ой менен алп урушуп баштайт. 2018-жылы өз ишканасын ачат. Ошондон кийин ишти илгерилеүү аракети башталат.
“Ар бир кыйынчылык жаңы идеяга түрттү,” – дейт Улан мырза.
Ошол изденүүлөрдүн бири төө буурчактан печенье жасоо болду. Көптөр ишенген эмес. Бирок ал даам табылды. Азыр дал ошол печенье – ишкананын жүзү.
Даам менен атаандашуу
Бүгүн ишканада үч негизги багыт бар:
- төө буурчак печеньеси
- таңгакталган төө буурчак
- кургатылган кара өрүк
Айрыкча Бакай-Атанын кара өрүгү кардарларын бат тапкан. Табигый, кошулмасыз азыкка суроо-талап өсүп жатканын ишкер даана байкайт. Көп кардарлар “таза азык” издеп келет. Түрк дүкөндөрү да туруктуу алышат. Бирок Улан Тазабековдун көздөгөнү мындан алыс. Акыркы беш жылда продукциялар бир катар өлкөлөргө дегустацияга жөнөтүлгөн. Жооп жаман эмес.
“Экспорттосоңор алабыз” дегендер көбөйгөн
Бир гана тоскоолдук – эл аралык сертификаттар. Бирок ишкердин ишеними бекем: сапат болсо – жол табылат.
Печенье Голландиялык сорттогу төө буурчактан жасалат. Даамы өзгөчө. Максат – ошол даам менен дүйнөлүк рынокко чыгуу. Улан мырза Кыргызстандын эң чоң артыкчылыгын бир сөз менен түшүндүрөт: Табигыйлык. Экологиялык таза азык бүгүн дүйнөдө баалуу. Ал эми Кыргызстан бул жагынан бай өлкө.
“Сапатты түшүрбөсөк, дүйнө өзү издейт,” – дейт ишкер ишенимдүү.
Таластын талаасында өскөн буурчак эми жөн гана түшүм эмес. Ал – дүйнөгө жол издеген даам. Балким, эртең кыргыз буурчагынан жасалган печенье чет өлкөдө “organic Kyrgyz snack” деген ат менен сатылып калар.
Ал күн алыс эместей.
