Назира Бактыбекова, продюсер: «Нурлан Насип менен болгон бир маек чыгармачылык жолумду өзгөрттү»
Шоу-бизнес дүйнөсүндө эл көбүнчө сахнадагы артистти көрөт. Бирок анын артында идея, аракет, тынымсыз эмгек жана чоң жоопкерчилик турганын көпчүлүк байкай бербейт. Ыр тандоо, образ түзүү, чыгармачылык багытты аныктоо, команда менен иштөө — мунун баары продюсердин мойнундагы чоң милдет.
Бир учурда бир нече ырчынын чыгармачылык жолун жетектеп, алардын өз аудиториясын табуусуна салым кошуп келе жаткан продюсер Назира Бактыбекова менен шоу-бизнестеги жолу, устаты, артист менен иштөөнүн сырлары жана ийгиликтин артындагы эмгек тууралуу маектештик.
– Назира айым, бүгүн сиз бир нече ырчы менен иштеген ийгиликтүү продюсерсиз. Бирок бул жолдун башаты кайдан башталган?
– Менин шоу-бизнеске келген жолумда өзгөчө орду бар адам Ассол Молдокматова. Мен аны өзүмдүн ушул тармактагы устатым деп эсептейм. Ассол эже менен иштешип, бир жылдай жардамчысы болуп жүрдүм. Ошол убакта шоу-бизнестин көп сырларын үйрөндүм. Артист менен иштөө, коомчулук менен байланыш түзүү, чыгармачылык процессти туура уюштуруу боюнча чоң тажрыйба алдым. Айрыкча убакытты туура бөлүштүрүүнү, ар бир ишке жоопкерчилик менен мамиле кылууну Ассол эжеден үйрөндүм. Шоу-бизнесте бир күндө көп ишти бүтүрүүгө туура келет. Ошондуктан тартип, тактык жана убакытты баалай билүү абдан маанилүү.
Бүгүн бир нече артист менен иштеп, баарына жетишүүгө аракет кылып жатканымда ошол алган сабактарым чоң жардам берип жатат.
– Продюсерлик жолуңуздагы дагы бир маанилүү учур Нурлан Насип менен иштешүүңүз. Бул кызматташуу кандай башталган?
– Ал убакта мен журналистика тармагында да иштеп жүргөн элем. Нурлан Насип менен маек куруп, аны гезитке чыгаргам. Ошол маекти окуп, Нурлан менин ишиме, чыгармачылыкка болгон мамилеме көңүл бурган экен. Кийин өзү мага байланышып, чогуу иштешүү сунушун айтты. Бул мен үчүн чоң ишеним болду. Анткени артист менен иштөөдө анын ырын гана эмес, ички дүйнөсүн, мүнөзүн, мүмкүнчүлүгүн түшүнүү маанилүү. Ар бир артисттин өзүнчө жолу бар. Аны туура багыттай билүү продюсердин негизги милдеттеринин бири.
– Азыр бир учурда бир нече ырчынын чыгармачылыгын алып барасыз. Ар биринин мүнөзү, стили, аудиториясы ар башка. Баарын кантип тең салмактап келесиз?
– Учурда беш ырчы менен иштешем. Ар биринин өзүнүн мүнөзү, стили, багыты жана күйөрман аудиториясы бар. Менин негизги максатым — аларды бири-бирине окшош кылуу эмес, тескерисинче ар биринин өзгөчөлүгүн ачуу. Ар бир артисттин өзүнүн жүзү болушу керек.
Командадагы мамиле да абдан маанилүү. Мен иштеген ырчылардын арасында бири-бирине болгон көрө албастык, атаандаштык же бут тосуу жок. Алар бири-бирин колдоп, ийгилигине кубанып турушат. Анткени, жакшы атмосфера болгон жерде гана чыгармачылык өсөт.
– Артист сахнада көрүнөт. Ал эми анын артындагы продюсердин күнүмдүк жашоосу кандай өтөт?
– Продюсердин жумушу абдан жоопкерчиликтүү. Ар бир күнүмдү алдын ала пландап алам. Кайсы убакта эмне иш кыла турганымды жазып коём. Эртең менен машыгууга барам. Андан кийин жолугушуулар башталат. Клипмейкерлер, жарнама компаниялары, чыгармачыл топ менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөбүз. Түштөн кийин студияларга барабыз, ыр жаздырабыз, бий даярдыктары болот. Кээде бир күн толугу менен съёмкага кетет. Кечкисин тойлорго барабыз. Айрым күндөрү үйгө кечки саат 9-10дордо гана келем. Бирок бул ишти сүйгөндө убакыттын өткөнү билинбей калат.
– Сиздин көз карашыңызда идеалдуу артист кандай болушу керек?
– Артист болуш үчүн биринчи кезекте жоопкерчилик керек. Талант, үн, сахна маданияты баары маанилүү. Бирок адамдык сапат биринчи орунда турат. Кээде адамдын үнү сонун болот, бирок эмгекчилдиги жетишпейт. Кээде абдан таланттуу болот, бирок жоопкерчилиги начар болуп калат. Чыныгы артист жөнөкөй, эмгекчил, сөзүнө турган адам болушу керек. Эл артистти сахнадагы өнөрү үчүн гана эмес, адамдык сапаты үчүн да баалайт.
– Бир нече чыгармачыл адам менен иштөөдө пикир келишпестиктер жаралып турабы?
– Чыгармачылыкта ар кандай пикирлер болот. Мисалы, ыр тандоодо, клиптин идеясында, образ түзүүдө көз караштар айырмаланышы мүмкүн. Бирок эң негизгиси бири-бирин угуу. Ар бир маселени сүйлөшүү жолу менен чечүүгө аракет кылабыз. Анткени баарыбыздын максатыбыз бир — сапаттуу чыгарма жаратып, элге жакшы нерсе тартуулоо.
– Көп учурда артисттин ийгилиги көрүнөт, ал эми продюсердин эмгеги кадр сыртында калат. Сиз үчүн продюсерлик эмне?
– Мен үчүн продюсерлик жөн гана кесип эмес, чоң жоопкерчилик. Продюсер артисттин бүгүнкү күнүн гана эмес, келечегин да ойлошу керек. Кайсы ыр туура келет, кандай образ түзүлөт, элге кандай таасир берет мунун баары маанилүү. Кээде таланттуу адамдын мүмкүнчүлүгүн туура ачып көрсөтүү керек болот. Продюсер ошол жолду табууга жардам берет.
– Бир нече ырчынын ийгилигине салым кошуп келе жатасыз. Продюсер катары сиз үчүн эң чоң сыймык эмне?
– Мен үчүн эң чоң сыймык – артисттеримдин өсүп, өз ордун таап, элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болуп жатканы. Сахнада бир гана ырчы көрүнөт. Бирок анын артында чоң команда турат. Ар бир ийгиликтин артында эмгек, аракет жана ишеним бар. Продюсердин эң чоң жеңиши – колундагы таланттын ачылып, өзүнүн жолун табышына жардам берүү.
