Аниса Аталова: Бизнести баштоого караганда, аны алып кетүү кыйын
25 октябрь

Аниса Аталова: Бизнести баштоого караганда, аны алып кетүү кыйын

Аниса Аталова Unicum Sport спорт комплексинин тең негиздөөчүсү. Ал бул ишкерчиликке кандай келгенин, эмнеге балдарга арналган спорттук машыгууларды бизнес-идея катары тандап алганын айтып берди.

– Учурда 30 жаштамын. АУЦАны аяктагам. Бизнесте жүргөнүмө көп жыл болду, университетте 3-курста окуп жүргөндө эле, 20 жашымда курбум экөөбүз Ош шаарынан косметика дүкөнүн ачканбыз. Ал убакта акчабыз жок, ата-энебизден миң доллардан алып, ошону менен бизнесибизди баштаган болчубуз. Кийинчерээк ошондой эле дүкөндү Бишкек шаарында ачтык. Жалпысынан бизнестин бул түрүндө алты жылдай жүрдүм. Баары жакшы болчу, киреше туруктуу. Бирок акырында менин миссиям эмне деген суроо ойлондура баштады. Анткени, университетте бизди абдан күчтүү профессорлор окуткан жана алар: “Ар бир бизнестин миссиясы болушу керек, ал коомго бирдеме алып келгендей болушу шарт”, – деп көп кайталашчу.

Косметика сатуу пайдалуу, кирешелүү болгону менен маани-маңызы жоктой сезилип туруп алды. Анан турмушка чыктым, бала күтүп, эмгек өргүүсүндө отуруп калды. Жолдошум фитнес тармагында иштечү. Мен ага барып турчумун. Бир ирет кардарлардын бири келип: “Силердин бул ишиңер абдан жакшы. Балдар үчүн да спорт комплекс ачсаңар жакшы болот эле, менин кичинекей кызым бар”, – деп калды. Бул мага ой жаратты. Албетте, бир кардардын айтуусу менен эле баары башталып кеткен жок, андан башка да адамдар айтып жатты, анын үстүнө, мага спорт комплекс ачуу коомго пайдасын тийгизе турган, олуттуу миссиясы бар бизнес сыяктуу сезилди. Ошентип, арадан 1-2 жылдай убакыт өткөндөн кийин, 2022-жылы жаңы ишибизди баштап, иштетип келатабыз.

– Өзүңүздүн балалуу болгонуңуз дагы балдар спорт комплексин ачууга түрткү болдубу?

– Албетте, бул дагы бир факторлордун бири болуп калды. Балалуу болгондон кийин анын өнүгүүсүнө кантип жакшы чөйрө түзөм деп ойлоно баштайт экенсиң. Негизи, дүйнөлүк адистердин изилдөөсүнө караганда, баланын кыймылы канчалык көп болсо, интеллектуалдык жактан да ошончолук жакшы өнүгөт. Айрыкча, бул 1 жаштан баштап 5 жашка чейинки убагында.

Спорт комплексин жөн гана ачып койгон жокпуз, алгач изилдедик. Дүйнөлүк көптөгөн изилдөөлөрдү окуп чыктым. Жогоруда айтканымдай, баланын мээсиндеги 80 пайыз нейрондук байланыштар кыймыл учурунда болот. Биз спорт десе эле, чоң спортту – Айсулууну, Акжолду элестетебиз. Жок, бир гана профессионалдык машыгуу гана эмес, кичинекей балдардын кыймыл-аракети да спорт. Илгери ата-энелерибиз тоолордо, айылдарда жашашчу. Алардын күнүмдүк тиричилигинде эле кыймыл абдан көп болчу. Мен да айылда төрөлүп-өстүм. Биз жаратылыштан кыймылдуу болуп чоңойдук. Ал эми азыркы шаардын балдары көп кабаттуу батирде жашашат, кыймыл аз. Анан ойлонуп отуруп, балдарда спорт аркылуу болсо да кыймыл көбүрөөк болсун деген тыянакка келдим.

– Бизнесте кандай кыйынчылыктарга туш келдиңиз?

– Ар бир эле бизнес жаңы башталганда кыйынчылыктар менен коштолсо керек. Ишкерчиликке аралашканыма он жыл болуптур. Аябай кыйынчылыгы да, кубанычы да болду. Ишкерликке үйрөнүү абдан кыйын. Мисалы, мен Кыргызстандагы эң жакшы университетте, “Бизнести башкаруу” факультетинде билим алдым. Ал алган билимдерим абдан пайдалуу болду, бирок баары бир ишкерчиликти үйрөнүү үчүн ошол жолду басып өтүүң керек. Беш-он жылдан кийин өзүңдү жакшы сезип каласың. Ал эми социалдык ишкана ачууда кыйынчылык андан да көп болот. Себеби, бул жакта акча азыраак. Биринчи ишти баштайлы деп жатканыбызда, спорт борборлор дээрлик жоктугун көрүп, боштукту биз толтурабыз деген ойдо жакшы кабыл алгам. Кийин гана мага жетти: көрсө, эмнеге бул тармакта бизнесмендер жок, демек, эч ким инвестиция кылган эмес. Негизи, инвесторлор мындай социалдык долбоорлорду анчалык жакшы көрө беришпейт. Инвестицияда акчанын кайтып келүүсү болууга тийиш. Мисалы, завод ачса же башка ишкана ачса, акчанын кайтып келүүсү көбүрөөк болот. Ал эми социалдык долбоордо андай эмес. ошондуктан, бизде биринчи көйгөй – каражат табуу болду. Бирок азыр, акыркы беш-алты жылдан бери кырдаал жакшырды. Unicum Sportту “Оптима банктан” алынган кредит менен ачканбыз, жолдошум экөөбүз биргеликте.

Экинчи көйгөй – кадр. Бизде спортко көптөгөн жылдар жакшы көңүл бурулбай келген. СССР тарагандан кийин көп спортчулар бизнеске же башка өлкөлөргө кетип калышкан. Биз спорттук комплексти спорттук гимнастиканы негиз кылып ачканбыз да. Спорттун бул түрү Кыргызстанда абдан эле көңүл сыртында калган эле. Бир гана машыктыруучу жай бар болчу, анда да жабдыктары эскирген. Ошондуктан, спорттук гимнастиканы жандандырабыз деп ойлогонбуз. Бирок тренерлер жок болуп чыкты. Залыбыз спорт гимнастикасы болушу керек эле, тренерлер жетишпегендиктен, спорттун башка түрлөрүн коштук.

– Ишти баштоо кыйынбы же аны алып кетүүбү?

– Экөө тең кыйын. Бирок экинчиси биринчисине караганда кыйыныраак деп ойлойм. Баштаганда мотивация болосуң, өзүңдү мыкты сезесиң, баары шыр эле жолго түшчүдөй элестетесиң. Бирок тилекке каршы, 95 пайыз долбоорлор орто жолдон жабылып калат. Бул дуйнөлүк статистика. Ошондуктан, ишкер болом десең, чыдамкай болушуң керек. Бардык кыйынчылыктардан өткөндөн кийин гана үзүрү болот. Менде деле таштайм, башканы баштайм деген ойлор болгон. Бирок убагында акыл токтотуп, чыдап, эми минтип бир нукка түшүп алдык.