Жеке ишкердин (ИП) катарына кошулуу алдында эмнелерди билүү керек? 
11 октябрь

Жеке ишкердин (ИП) катарына кошулуу алдында эмнелерди билүү керек? 

Бүгүнкү күндө патент системасы жоюлуп, анын ордуна Жеке ишкер (ИП) менен иштегендер көбөйүп жатат. Мамлекеттик салык кызматынын өкүлү Галина Макарова “Караван-Инфо” редакциясына ИП менен иштегендер жана иштөөнү пландап жаткандар эмнелерди билүүсү керектигин айтып берди.  

- Кандай учурда жарандарга жеке ишмердүүлүгү үчүн ИП түзүүгө туура келет?

- Мисалы, эгерде жаран жеке ишкердик менен алектенбей же юридикалык жак болбой туруп дыйкан чарбасын түзүүнү чечкен болсо, анда аны баштоо үчүн Мамлекеттик салык кызматында жеке ишкер катары каттоодон өтүшү керек. КР салык мыйзамдарына жана КР мамлекеттик социалдык камсыздандыруу жөнүндө мыйзамдарына ылайык, салык төлөөчүлөр болуп саналган субъекттер Кыргыз Республикасында салыктык каттоодон өтүүгө тийиш. 

- Жеке ишмердүүлүгүн ИП аркылуу тастыктоо жарандарга кандай пайда алып келет? 

- ИП менен иштеген жаран салык төлөөчү укугуна ээ болот жана ишкерчилигин мыйзамдуу жүргүзө алат. Каттоо учурунда ишмердүүлүктүн түрү аныкталат жана ал аркылуу мыйзамдуу иштейт жана мыйзамдуу киреше табат. Ишмердүүлүктүн кайсы түрүн тандаары ошол адамдын өзүнүн жеке чечими менен аныкталат. Биз азыр санарип заманында жашап жатабыз, эгерде жаран ИП катары катталбаса, эсеп ача албайт жана ИП менен иштеген тараптар менен ишкерчилик жаатында каржы байланышын жүргүзө албайт. Андан сырткары ИП аркылуу киреше эсебин оңой ыргакка салат жана социалдык чегерүүлөрдү кеткендиктен кийин пенсия алууга мүмкүнчүлүгү кеңейет. 

- ИП ачуу үчүн эмнелерди жасоо керек жана кандай документтер талап кылынат? 

- Жеке ишкерди ачуу жана каттоо үчүн аймактык салык органдарына тиешелүү арыз (163 формасы) жазып жана Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн паспорттун түп нускасын гана көрсөтүү жетиштүү. Ал эми чет өлкөлүк жарандар паспортунун мамлекеттик же расмий тилдеги нотариалдык күбөлөндүрүлгөн котормосу менен түп нускасын, Калкты тейлөө борборунан алынган КР жеке идентификациялык номерин ыйгаруу жөнүндө документ, Калкты тейлөө борборунан алынган убактылуу жашап жаткан дарегин көрсөтүү менен каттоо талонун бериши керек. 

- ИП ачкандан кийин эсепти канча убакыттын ичинде ачышы керек? Ачпай койсо эмне болот? 

- Азыр Мамлекеттик салык кызматы жана коммерациялык банктар өз ара аракеттенүүдө. Ошондуктан салык төлөөчү салык органына тастыктама алууга келбей эле, ИП катталгандан кийин коммерциялык банкка барып эсеп ача алат. Ал жактан банк Салык кызматындагы каттоосун текшерет дагы, эч кандай кошумча суроо бербей туруп эсеп ачат. Эгерде эсеп ачылбаса ИП ачкан тарап башка тарап менен каржы байланыштарын жасай албай калат. 

- ИП ачкандан кийин жарандар отчеттор боюнча эмнелерди билүүсү керек? Эгерде отчет тапшырбай койсо эмне болот? 
- Салык төлөөчүлөрдүн милдети – отчет берүү жана салык төлөө. Салык кодексинде салык отчетторунун мөөнөтү көрсөтүлгөн. Эреже бузуу кодексинин бир катар беренелерине ылайык, өз убагында тапшырылбаган отчет үчүн салык төлөөчүгө айыппул салынат. Эгерде ИП бирдиктүү салык режиминде болсо, соода иштеринде экспорт, импорт болбосо, дары-дармектер жана медициналык жабдыктар менен алектенбесе жана товар жүгүртүүсү 30 миллион сомго чейин болсо 0,5 пайыз салык төлөйт. 30 миллиондон 50 миллион сомго чейин 1 пайыз, андан өйдө болгондо стандарттык ставка – 4 жана 2 пайыз. 4 пайыз накталай төлөмдө, 2 пайыз накталай эмес төлөмдө. 

- ИП менен иштеп жаткандардын арасында отчетту убагында тапшырып, салыкты убагында төлөп жүрсө деле салыкка карыз болуп калгандарын айтып жатышат. Алар эмнеден ката кетиришүүдө?

- Жогоруда айтылгандай, жеке ишкердин милдети – өз убагында салык төлөө. Товар жүгүртүүсү 30 миллион сомго жетпеген ишкер нөлдүк ставкада турат. Бирок ошол эле убакта бир катар шарттарды сакташы керек. Каттоо, ККМ жана соода аянтчасынын болушу зарыл. Андан тышкары нөлдүк ставка - бул Соцфондко чегерүүлөрдү бербей эле койсо болот дегенди билдирбейт. Баарын туура жасап, шарттарды так аткарышса, карыз болушпайт. 

- ИП ачтырууну ашыкча түйшүк катары кабыл алгандар бар. А чындыгында кандай? 

-Эгерде ишкерчилик кылууну чечкен жаран ачык иштөөнү кааласа, ИП ашыкча түйшүк эмес, тескерисинче легалдуу ишкерчиликке ташталган кадам. Мыйзамдуу иштөөгө умтулган тараптар менен кызматташа алат. Көп мүмкүнчүлүк ачылат. 

- ИП кайсы жактан менен келишим түзөт алат жана кайсы жактар менен келишим түзүүгө болбойт?

- Каалаган чарба субъектилери: дыйкан чарба, фермердик чарба, юридикалык жак ж.б. келишим түзө алат. Бул бир гана өзүнүн каалоосу жана укугу. 

- ИП эсебин эмнелерге колдонууга болот жана эмнелерге колдонууга болбойт? 

- ИП эсептер бир гана ишкерчилик ишмердүүлүгүн жүргүзүү үчүн гана керек.  

- Эсеп камакка алынып калса кандай аракеттерге баруу керек жана эмне себептен камакка алынат? 

- Эсеп салык карыздары убагында төлөнбөгөн маалда блокко түшөт. Банктар бул тууралуу салык төлөөчүгө кабар беришет. Эгерде салык төлөөчү салык карызы бар экенине макул болбосо, салык кызматына кайрылып, себебин аныктай алат. Салык карызы бардыгы аныкталгандан кийин аны төлөп, эсебин ачтыра алат.