
Улуттук билим берүү системасын кандай өзгөрүүлөр күтүп турат?
Кыргызстан дүйнөнүн 155 өлкөсүндө кирген 12 жылдык окутуу моделине өтүү босогосунда турат. Билим берүү жана илим министрлигинин медиа-эксперти Тагжана Айдаралиева «Караван-Инфо» редакциясына реформанын негизги максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди.
— Чындыгында эле 12 класс киргенден кийин билим жакшырабы?
— Ооба, анын эң негизги үч себебин түшүндүрүп берели.
1. Балдар жаңы китептер жана усулдар боюнча билим ала башташат. Билим берүү окуучу бир эле учурда жөндөмдүү жана ийкемдүү болуп чыгышына ылайыкташкан. Башкача айтканда, техникалык жактан билимдүү, башкалар менен бат тил табышы кете алган, критикалык ой жүгүртө билген, чыгармачыл, финансылык сабаттуу, жоопкерчиликтүү, коомдук турмушка катышкан жана айлана-чөйрөгө кам көргөн.
2. Педагогдорду даярдыгы жана аларды окутуу: Азыртадан тарта мугалимдерди даярдоо жана кайра даярдоо жүрүп жатат. Алар жаңы окуу китептерин, усулдарды колдонуу жана санариптештирүү аркылуу сабак өтүшөт.
3. Мектептерди жакшыртуу: Мектептер жаңы жабдууларды жана компьютерлерди алышат. Жаңы заманбап мектеп жана корпустар курулууда. Окуу жана окутуу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү иштери жүрүүдө.
Белгилей кетсек, “Караван-Инфо” буга чейин Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине эмне үчүн өтүшү керектиги тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин жообун жарыялаган. Материалдык толугу менен бул жерден окусаңыз болот. (https://caravan-info.kg/kg/science/442666-pochemu-nuzhen-perehod-na-12-letnyuyu-model-shkolnogo-obrazovaniya-otvet-minobrazovaniya.html)