
Кыргызстан 12 жылдык билим берүү моделине эмне үчүн өтүшү керек? Билим берүү министрлигинин жообу
1. 12 жылдык мектеп – реформа үчүн жасалып жаткан реформа эмес, бул – өнүгүү. Бул деген жаңы заманбап китептер, медотикалар жана санариптештирүү.
2. Бул орто мектепте предметтерди тандоо эркиндиги. Мисалга, келечекте дарыгер болууну каалаган окуучу биологияны, инженер – физиканы, айтишник – информатиканы негизги сабак кылып тандап алса болот.
3. Бул аттестат менен бирге жумушчу кесиби боюнча күбөлүк алуу мүмкүнчүлүгү. Бүтүрүүчү мектепти аяктары менен иштеп баштап, же тандаган тармагы боюнча окуусун уланта алат. Бул ийгиликтүү карьера үчүн чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачып, көбүрөөк көз карандысыз болууга жардам берет.