Айсулуу Жамангулова: “Туңгуч” онлайн-мектеп аралыктан окутуунун жаңы мүмкүнчүлүктөрүн ачат
Ушул жылдан тартып Кыргызстанда “Туңгуч” онлайн-мектеп – балдар тапшырмаларды аралыктан окутуу форматында, педагогдордун жетекчилиги астында аткарган билим берүү платформасы иштеп баштады. Мектеп Бишкек шаарындагы Улуттук компьютердик гимназиянын базасында жайгашкан жана окуу кадимки мектептердегидей эле тартип боюнча уюштурулган.
Мектептин директорунун милдетин аткаруучу Айсулуу Жамангулованын айтымында, долбоор 5-11-класстардын окуучуларын камтыйт, материалды өз алдынча окууну жана онлайн-сабактарды айкалыштырат, ошондой эле баланын жашаган жерине жана турмуштук шарттарына карабастан сапаттуу билим алууга бирдей мүмкүнчүлүк берет.
– Сиздин программаларыңыз балдардын кайсы курактагы топторуна же категорияларына багытталган?
– «Тунгуч» – Кыргызстандын мамлекеттик стандарттары боюнча иштеген жалпы билим берүүчү онлайн-мектеп. Белгиленген категориялардын чегинде 5-класстан 11-класска чейинки окуучуларды кабыл алабыз. Биз кабыл ала турган окуучулардын категориялары:
* Кыргыз Республикасынын жарандарынын жана чет өлкөдө жашаган этникалык кыргыздардын балдары, анын ичинде эмгек мигранттарынын балдары;
* Ден соолугуна байланыштуу күндүзгү мектепке бара албаган балдар;
• Эл аралык предметтик жана спорттук программалардын катышуучулары, кайсы бир иш-чарага кеткен окуучулар;
• Үй-бүлөлүк же турмуштук шарттарга байланыштуу билим берүү системасынан чыгып калган жана окуусун улантууну каалаган адамдар.
– Мектепте учурда канча окуучу окуйт жана алар менен канча мугалим иштешет?
– Мектеп 2025-жылдын октябрь айынан баштап пилоттук режимде иштеп жатат. Учурда 2400 окуучу билим алат жана 51 мугалим иштейт.
– Өнүгүүсүндө ар кандай бузулуулары бар балдар үчүн онлайн окутууда кандай өзгөчөлүктөрдү колдоносуздар?
– Азыркы этапта бизде өнүгүүсүндө бузулуулары бар балдар үчүн өзүнчө адаптациялар жок – бирдиктүү жалпы билим берүү программасы ишке ашырылууда. Форматтын ийкемдүүлүгү (асинхрондук окутуу, сабактардын жазууларына жеткиликтүүлүк, материалды өздөштүрүүнүн жеке темпи) окуучулардын кеңири чөйрөсү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт. Адистештирилген адаптивдүү модулдарды келечекте ишке ашыруу пландаштырылууда.
– Бул мектептеги программа жардамчы мектептердин же коррекциялык класстардын программаларынан айырмаланабы?
– Ооба, түп-тамырынан бери айырмаланат. «Тунгуч» Кыргызстандын Билим берүү стандартына ылайык, негизги жана орто жалпы билим берүүнүн стандарттуу мамлекеттик билим берүү программасын ишке ашырат. Биз коррекциялык мектеп эмеспиз жана жардамчы окутуу программалары боюнча иштебейбиз.
– Жардамчы мектептердин жана коррекциялык класстардын окуучулары сиздердин онлайн материалдарыңыздарды колдоно алабы?
– Убактылуу жобого ылайык, мектеп Кыргызстандын бардык жарандарын кабыл алат, мында деп соолугуна байланыштуу чектөө жок. Бирок программа коррекциялык адаптацияларсыз мамлекеттик билим берүү стандартына ылайыкташтырылган. Жардамчы мектептердин программалары менен шайкеш келтирүү маселеси жеке тартипте чечилет.
– Онлайн мектепте балдар кайсы класска чейин окуй алышат?
– Мектеп негизги жалпы билим берүү (5–9-класстар) жана орто жалпы билим берүү (10–11-класстар) программаларын ишке ашырат. Окутуу аттестат алганга чейинки толук циклди камтыйт.
– Бүтүрүүчүлөр окууну аяктагандан кийин кандай документ алышат?
– Окууну ийгиликтүү аяктаган жана бүтүрүү экзамендерин тапшырган бүтүрүүчүлөр Кыргызстандын мыйзамдарына ылайык, мамлекеттик үлгүдөгү документ – күбөлүк (негизги жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин) же аттестат (орто жалпы билим берүүнү аяктагандан кийин) алышат. Окууну аяктабаган адамдарга белгиленген үлгүдөгү маалымкат берилет.
– Онлайн мектепте окууну көмөкчү же коррекциялык мектепте окуу менен айкалыштырууга болобу?
– Жобо ата-энелерге билим алуу формасын, анын ичинде онлайн жана гибриддик формаларды тандоо укугун берет. Башка билим берүү уюму менен айкалыштырууга болот, бирок жекече карап чыгууну жана макулдашууну талап кылат. Бул боюнча азыркы документтерде түз норма жок.
– Окуу процесси кандай курулган?
– Негизгиси – асинхрондук окутуу: окуучулар материалды билим берүү порталы аркылуу өздөрүнө ыңгайлуу убакта өтүшөт. Бул синхрондук агымдык сабактар – мугалимдер менен түз талкуулар жана консультациялар менен толукталат. Бардык синхрондук сабактар жазылып алынат жана кайра кайталап көрүүгө жеткиликтүү болот. Мугалимдер электрондук журнал жүргүзүшөт, учурдагы жана аралык көзөмөлдү жүргүзүшөт, окуучулар менен байланышта болушат.
– Мугалимдер кайдан келишет, атайын окуудан өткөндөрдү аласыздарбы?
– Педагогдор Кыргызстандын билим берүү жана эмгек жөнүндө мыйзамдарына ылайык кабыл алынат. Мында мугалимдин жаңы ролго - классикалык сабактан тьютордук коштоого жана санариптик билим берүү контентин түзүүгө өтүүсүнө басым жасалат.
– Окуу сабактарынан тышкары балдарга кандай кошумча ресурстарды же кызматтарды сунуштайсыздар?
– Убактылуу жобого ылайык, мектеп ар кандай билим берүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде кошумча курстарды жана иш-чараларды берүүгө милдеттүү. Колдонуучулар үчүн чат-бот жана ишеним телефону системасы иштейт, алар азыр иштеп чыгуу стадиясында. Пилоттук этапта негизги билим берүү программасын иштеп чыгууга артыкчылык берилет. Платформа өнүккөн сайын кызматтарды кеңейтүү пландаштырылган.
– Балдардын жетишкендиктерине жана ата-энелердин билим берүү процессине катышуусуна кантип көз салып турасыздар?
– Билим берүү платформасы окуучулардын активдүүлүгүн, катышуусун жана жетишкендиктерин автоматтык түрдө көзөмөлдөйт. Мугалимдер күн сайын сабакка катышуу жана электрондук журналды жүргүзүшөт. Ата-энелердин жеке кабинетине өзүнчө кирүү мүмкүнчүлүгү бар, ал жерден баланын окуу процессин реалдуу убакытта көзөмөлдөп, мектеп администрациясы менен байланыша алышат.
– Өлкөдөгү өзгөчө муктаждыктары бар балдар үчүн онлайн билим берүүнүн келечегин кандай элестетесиздер?
– "Тунгуч" Министрлер кабинетинин токтому менен, дал ушул географиялык, физикалык себептерден же ден соолугуна байланыштуу кадимки мектепте окуй албагандар үчүн иштеген чечимдерди табуу максатында 2025–2028-жылдарга пилоттук долбоор катары түзүлгөн. Биз келечекте жасалма интеллектти колдонуу менен адаптивдүү билим берүү маршруттарын түзүүгө мүмкүн болгон инфраструктураны түптөп жатабыз. Бул адистештирилген мекемелерге атаандаштык эмес, бул билим алууга мүмкүнчүлүк жок жерлерде билим алуунун кошумча куралы.
