
Абыл Калыбеков: Министр, генералдар менин колумдан өттү
Заманбап стоматология жана аскер кызматындагы стоматолог-ортопед кесибинин өзгөчөлүктөрү тууралуу чыныгы полковник, Ельцин атындагы КРСУнун медицина факультетинин ортопедиялык стоматология кафедрасынын улук окутуучусу, жогорку категориядагы врач, КР саламаттыкты сактоонун отличниги Абыл Калыбеков менен маектештик.
- Стоматолог-ортопед болушуңузга эмне түрткү болду?
-1987-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктадым. Мен окуган стоматологиялык факультет өткөн кылымдын 60-жылдарынан башталган бай тарыхка ээ. Учурда мен отурган иш бөлмөдө отуз жети жыл мурда интернатурадан өткөн элем. 25 жыл аскердик кызматтан кийин ушул жерге кайтып келдим. Интернатурадан кийин Сокулуктагы поликлиникада иштедим, бир жылдан кийин КР ИИМдин поликлиникасына сынак менен өттүм. Ал убакта протезистке жумушка орношуу кыйын болчу. Жыйырма беш гана жашта элем, арадан эки-үч жыл өтпөй Республикалык госпиталдын жана КР ИИМ медициналык башкармалыгынын поликлиникасынын стоматологиялык бөлүмүнүн жетекчиси болдум. Ал жакта 18 жыл иштедим. 2010-жылы УКМКнын медкызматынын жетекчиси болуп жөнөтүлдүм. Бул жылдар аралыгында кырк чакты сыйлыктарды алдым, анын экөөсүн (ардак грамота жана медаль) мурдагы президенттер К.Бакиев менен Р.Отунбаева “республиканын саламаттыкты сактоо тармагындагы эмгегим үчүн” тапшырышкан. Медициналык кызматта полковникке чейин жеттим. УКМКнын тарыхында стоматологдордун арасынан бир гана мен полковник болдум, ИИМде үч полковник –стоматолог барбыз, иштеп жаткандардан учурда мен элемин.
- Аскерлер менен иштешүү оңой болсо керек, анткени алар чыдамкай жана эр жүрөк эмеспи?
- Ар кандай адамдар жана кырдаалдар болот. Менин колумдан министрлер жана генералдар өттү, ушул учурга чейин бардык ардагерлер менин кабыл алуума туш болууга аракеттенишет, анткени азыр да мен аларга жакын адамындаймын. Эсимде, 2000-жылы ИИМдин поликлиникасында стоматологиянын начальниги болуп иштеп турганымда, биздин Улуу Ата Мекендик согуштун урматтуу ардагерлери, КР Эмгек сиңирген геологу Бакир Чодобаев жана СССРдин Эл артисти, белгилүү дирижер Асанхан Жумахматов менден протез жасатып калышты. Анан алар мага бата беришти. Биз Дзержинский атындагы бульвардагы кафеде чогуу отурдук, жаныбыздан өтүп бараткан досторум көрүп, менин мындай улуу адамдар менен достошуп алганыма таң калышкан.
- Андан бери стоматологиянын илими, протездөө, дарылоо ыкмалары, материалдары канчалык өзгөрдү?
- Азыр, албетте, баарыбыз жалпы стоматологияны: дарылоону, хирургия жана ортопедияны билишибиз керек. Чындыгында ушундай врачтар бар: өзү баарын билет жана баарын жасайт. Бирок мен бир гана протездөө менен алектенем. Эгерде стоматологго окутууда адистик боюнча бөлүштүрүү азыркыга чейин болсо (орнодонтия, ортопедия, терапия, хирургия, балдар стоматологиясы), демек, бул практика дагы деле өзүн актап жатат, ага кошумча сөзсүз түрдө интернатурадан өтүш керек.
Албетте, илим да, баалар да, адамдар да өзгөрдү... Бирок профессионалдык чеберчилик жана адамдын колу өзгөрүүсүз калды. Мурда, мисалы, гипстен тишке кабык жасачубуз, бейтаптарга тиштери ал кабык менен кошо суурулуп кеткендей сезилчү. Эсимде, бир жолу гипсти кайчы менен кестим, андан кийин бөлүктөрүн кайрадан курап чыктым. Мурда азыркылардан айырмаланып, механикалык орнотуулар болгон.
- Кандай сапаттарды сиз кесибиңиздеги башкы нерсе деп эсептейсиз?
- Коммуникабелдүүлүк, тактык жана пунктуалдуулук. Кол бекем болушу үчүн билим менен тажрыйба эле жетиштүү болбойт, ошол иш сен үчүн жаралган болушу жана сен аны сүйүшүң зарыл. Мен кесибимди сүйөм, так ошол стоматолог ортопед-протезист болгонумду сүйөм. Ал турмак менин хоббим – бул менин жумушум. Эмгек өргүүгө чыкканымда жумушумду сагына берем. Үч балам бар, бирок эч бири менин жолумду жолдошподу. Бул жылы 60 жашка чыктым, ИИМ министри энчилүү саат тартуулады. А мен болсо 60 жашка чыкканымды сезген деле жокмун, ата-мекениме мындан ары да кызмат кылууга даярмын.