Гүлмира Орозова: Агрессивдүү адамдар өзүн да, баланы да кыйнап тарбиячы болуп иштебей эле койгону оң
7 январь

Гүлмира Орозова: Агрессивдүү адамдар өзүн да, баланы да кыйнап тарбиячы болуп иштебей эле койгону оң

2024-жылдын соңу Кыргызстандын бала бакчаларындагы тарбиячылар тарабынан балдарга жасалган катаал мамилени чагылдырган чуулуу видеолор менен коштолду. Бул албетте, жандүйнөсүн балага арнап, өз ишине жоопкерчилик менен мамиле жасаган миңдеген тарбиячыларга да көлөкө түшүргөндөй болду. Бишкектеги Ленин районуна караштуу №55 бала бакчасында 17 жылдан бери тарбиячы болуп иштеп келаткан Гүлмира Орозова “Караван-Инфого” кесибинин оор-кыйышы тууралуу айтып берди. 

– Бала бакчадагы тарбиячылык иш оор эмеспи, көпчүлүк адамдар иштөөдөн качышат, а сизди бул тармакка эмне алып келип калды? 

– Турмуштун агымы алып келди десем туура болот. Биринчи алган билимим боюнча медицина кызматкеримин. Мындан 17 жыл мурда азыр  22 жана 20 жашка чыгып калган уул-кызымды бала бакчага берүүгө ниеттенип калдым. Бирок балдарымды эртеден кечке бейтааныш адамдар менен таштоо кыйын болду, абдан баласаак болгон окшоймун. Анан алар бала бакчага, балдарга көнгүчө жанында жүрөйүн деп, бала бакчага жумушка орношком. Ошол бойдон бул жумуш жагып калды. Бул жумуш меники экенине көзүм жетти дагы, экинчи – педагогика боюнча билимимди сырттан алып, иштөөнү уланттым. Андан бери дагы эки балам мен иштеген бала бакчадан тарбия алып чыгышты. 

Ооба, туура айтасыз, балдар менен иштөө абдан оор жана жоопкерчиликтүү иш. Эртең менен бала бакчага келгенден тартып кечинде үйүнө кеткенге чейинки убакытта ар бир баланын ден соолугуна, коопсуздугуна, кыймылына көз салып турушуң керек.  

– Тарбиячы болуп иштеген бир таанышымдын “жумуштан кийин мен тынчтыкты гана самап калам” деп айтканын уктум эле, сизде да ушундай болобу?

– Албетте, андай учурлар да болот. Ата-энелер кээде, майрамдык салтанат болгон учурда тайпага кирип калышат. Ошондо: “Абдан ызы-чуу турбайбы, кантип башыңыздар оорубай иштеп жатасыздар?” – деп таң калышат. Бирок менин жообум – мен өзүмдүн жумушумду абдан жакшы көрөм, балдардын ызылдаганы мага эч кандай билинбейт, кечинде үйгө келип эс алам дагы, эртең менен жумушка барам. Каникулга чыкканда же эмгек өргүү алганда, балдарды узагыраак убакыт көрбөй калам да, андайда кадимкидей сагынып кетем. Ойлоп көрсөм, мен жаш балдарга жакын экенмин, аларды жакшы көргөндүктөн жумушумдун оордугу билинбейт окшойт деген тыянакка келдим. 

– Тарбиячыга негизи кандай сапаттар керек жана кандай сапаттар керек эмес деп ойлойсуз?

– Биздин кесиптегилерге жакшы делген сапаттардын да эң жакшылары керек: мээримдүүлүк, түшүнүүчүлүк, ар бир баланы ал кандай болсо, ошол турушунда кабыл алып, жакшы көрө билишиң керек. Балага жандүйнөңдү ачышың кажет: бул баланын ата-энеси менен начар мамиледемин, бул баланын ата-энеси мени капа кылып койду, бул бала кир келет, бул баланын мурдунун суусу агып жүрөт, демек, жакшы көрбөйм деген мамиле орун албоого тийиш. Андай ойлонсоң тарбиячы боло албайсың. 

А керек эмес сапаттар – агрессивдүүлүк, балдарды кагып-силкип, суроолоруна жооп бербей, орой мамиле жасоо. Мындай абалда баланы да, өзүңдү да кыйнабай иштебей эле койгонуң оң. Андай адамдардын балдар менен иштөөсүнө коом деле жол бербейт го деп ойлойм. 

– Группадагы бир нече баланын көңүлүн табуу, сооротуу, алдоо кыйынбы, бул жаатта ар бир тарбиячынын өзүнүн ыкмасы болсо керек, сиздики кандай?

– Мен мамлекеттик бала бакчада иштегендиктен, менин тайпамда 55 бала бар, күн сайын 50гө чейин бала келет. Алардын көңүлүн өзүмө буруу мен үчүн эң оңой. Анткени, тарбиячы болуп иштей берсең психологдой эле болуп, кайсы балага кандай мамиле жасаш керектигин, кимисин кантип алдап, кантип сооротууга болоорун билип каласың. Баланын жаш курагынын өзгөчөлүгүнө карата күн сайын өтүлчү темалар бар да, аны ошол балдардын кызыкчылыгына жараша айтып, кызыктырып койсом, балдар андан ары өздөрү эле улап кетишет. Бала деген кымындай күнөөсү, жаман ою жок периштелер да. Тарбиячы болгонума сыймыктанам. Таптаза периштелер менен иштейм деп айтам. 

– Тарбиялануучуларды өзүңдүн балаң катары жакшы көрүп, боор тартып калуу мүмкүнбү? 

– Ар бир баланын өзүнчө кылык-жоругу, мүнөзү бар. Күн сайын алар менен аралашып жүрүп, боор тартканыңды өзүң деле байкабай каласың. Мен көбүнчө тентек балдарды жакшы көрүп калам. Себеби, көңүлүңдүн көбү ошолордо болот, аны кармаба, ага тийбе, аны урба деп эле турасың. Башка балдарды уруп жибербесин деп, тентек балдарды жанымда алып жүрөм. Анан ага мээримиң түшүп калам. Алар бала бакчаны аяктап кеткенде же башка бала бакчага которулганда, кадимкидей ичим ачышат. 

– Азыркы муундагы кичинекей балдардын психологиясындагы кандай айырмачылыктарды байкайсыз, мисалы, он жыл мурунку эле кичинекей балдарга салыштырганда? Тез өнүгүп, кенен маалыматтуу болуп жатышабы?

– Азыр телефон менен чоңойуп жаткан балдар көбөйдү. Үйдө ата-энелер жумушуна баласы жолтоо болбосун деп эле телефон карматып койгон учурлар көп. Мунун жакшы да, жаман да жагы бар. Телефондон өнүктүрүүчү нерселерди да табууга болот, ошол эле маалда баланын психологиясын өлтүрө турган көрүнүштөр да жок эмес. Телефон менен эле азыркы балдар жакшы менен жаманды айырмалап калышты. Кээде мага алар биздин убактагыдай улуулардын насааты, кеңеши жок эле чоң турмушка даяр болуп калышкандай сезилет. 

– Ушундай жоопкерчиликтүү кесип ээлеринин айлык акысы кандай? Түйшүгүңүздөрдү актай тургандай деңгээлдеби? 

– Кудайга шүгүр эле, аз болсо да берекесин берсин. Албетте, көп баланын жоопкерчилигин алып жатканыбыздан кийин көбүрөөк болсо жакшы болот эле, бирок азыркы айлык акыбызга деле ыраазы болобуз.