Мээрим Саркулова: Мыйзамдагы бир сүйлөм адамдын жашоосун кантип өзгөртө алаары тууралуу
Кыргызстанда социалдык саясаттын жаңы философиясы калыптанууда, ал бир топ абийирдүү, ийкемдүү жана өнүгүүгө багытталган. Эмнелер жасалды жана алдыда жарандар үчүн эмнелер өзгөртүлөт – бул тууралуу КР Президентине караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун (НИСИ) социалдык блок боюнча бөлүмүнүн башчысы Мээрим Саркулов менен маектештик.
– Учурда мамлекет социалдык саясаттын көңүл чордонунда адам болгон жаңы моделине өтөөрү көп айтылып жатат. Мындай максатты сиз кандай түшүндүрөсүз?
– Социалдык саясат бир убакта үч компонентти камтышы керек деп эсептейм – коргоо, колдоо жана адамдык өнүгүү. Булар бири бири менен тыгыз байланышкан.
Коргоо – бул аярлуу катмардагы жарандарга жардам, ооруканаларга жеткиликтүүлүк, жөлөкпул.
Колдоо – бул билим алууга, жумушка орношууга жана акча табууга мүмкүнчүлүк.
Эң башкы максат – бул адамдын өнүгүүсү. Жеке инсандык өнүгүүсүн өнүккөн коомдун болушу мүмкүн эмес.
– Сиздердин институттун кандай демилгеси коомчулуктун колдоосуна көбүрөөк ээ болду?
– Коомчулук майыптыгы бар адамдарга, инклюзивдик билим берүүгө, маалымкаттарды кыскартууга жана санариптештирүүгө багытталган реформаларды абдан оң кабыл алды. Анткени булар эл эң бир талылуу бюрократиялык тоскоолдуктарга туш болгон багыттар.
– Майыптыгы бар адамдар үчүн өзгөртүүлөргө кененирээк токтолсоңуз. Практика жүзүндө эмне өзгөрдү?
– Биз кырдаалды иликтөөнү баштаганыбызда, көбүнчө биринчи топтогу – оор дарттан же инсульттан кийин майыптыкка кабылган адамдар ар бир эки жылда кайра текшерүүдөн өтөөрүнө күбө болдук. Алар жол жүрүшүп, толтура маалымкат топтошуп, узун кезекке турушчу. Эми бул мөөнөт 7 жылга узартылды. Экинчи топтогулар үчүн 1 жылдан 4 жылга чейин.
Үчүнчү топтогулар үчүн дагы мөөнөт узартылды. Дагы бир маанилүү жагдай – эгер адам саламаттыгын жакшырта алса, ал өзү майыптыгы бар деген макамын жокко чыгаруу боюнча арыз бере алат. Мурда мындай кылуу мүмкүн эмес болчу.
– Колоссалдуу өзгөрүү...
– Ооба, бул убакытты, нервди, акчаны үнөмдөйт жана адамга өзүн өзү сыйлоо сезимин кайтарып берет.
– Инклюзивдүү билим берүү деңгээлин кандай баалайсыз жана реформадан кийин эмне өзгөрөт?
– Билим берүү боюнча мыйзам 2023-жылы өзгөртүлгөн, бирок мекемелер 1995-жылдагы жана 2004-жылдагы документтер менен иштөөнү улантышкан. Ажырымды элестете бериңиздер. Биз нормативдик ченемдерди карап чыгып, ата-энелер жана адистер менен сүйлөштүк. Азыр Агартуу министрлиги 1500дөн ашуун ички буйруктарын жокко чыгарды жана заманбап, балдардын реалдуу суроо-талабына жана ата-энелердин катышуусуна ылайыкташкан жаңы эрежелердин үстүндө иштеп жатат. Бул алдыга ташталган чоң кадам.
– Калыбына келтирүү жана протездик кызматтарды модернизациялоо боюнча кандай жаңылыктар бар?
– Мурда адам бир мекемеге, андан кийин экинчисине барып, абалды кайрадан түшүндүрчү. Азыр биз калыбына келтирүү борборун жана протездөө борборун бириктирдик. Бул жарандын жолун жеңилдетип, адистердин ишин оптималдаштырат.
– Санариптештирүү бюрократияны жоюунун негизги багыттарынын бири эмеспи. Учурда эмнелер ишке кирди?
– Эң жөнөкөй мисал – психикалык саламаттык жөнүндө маалымкат. Мурда адамдар узун кезекте турууга аргасыз болушчу. Бирок бул маалымкат, негизинен, адамдын диспансердик каттоодо бар-жогун гана текшерет. Биз муну санариптик форматка өткөрдүк, эми ар бир адам "Түндүк" тиркемеси аркылуу ала алат. Дагы бир маанилүү эреже - мындан ары мамлекеттик органдар жарандардан "Түндүктө" бар документтерди талап кылууга укугу жок. Бул тыюу салуудан кийин алгачкы эки айда системага суроо-талаптардын саны 15 миллионго чейин өстү. Элестетиңиз, бул жарандардын канча убактысын жана кагазын үнөмдөдү.
– Социалдык адилеттүүлүк маселеси – бул география маселеси эмеспи. Бишкек менен аймактардын ортосунда ажырым барбы?
– Бар, болгондо да олуттуу. Инклюзия, реабилитация, саламаттыкты сактоо боюнча мекемелердин көбү борбордо жайгашкан. Аймактарда жашагандар Бишкекке келүүгө аргасыз. Санариптештирүү жана аймактык кызматтарды өнүктүрүү бул ажырымды акырындык менен кыскартууда. Бул туура багыттагы узак жол.
– Сиз башкаруунун вертикалдык моделинен горизонталдык моделге өтүү жөнүндө да айткан элеңиз. Бул эмнени билдирет?
– Вертикалдык модель – бул "жогору жактагылар жакшы билет". Бирок ал кызматты иш жүзүндө алгандардын пикирин эске албайт. Горизонталдык модель – бул мамлекет менен коомдун өнөктөштүгү. Биз дайыма коомдук уюмдар, ата-энелер, эксперттер менен кеңешебиз. Иштей турган чечимдерди ушундай гана жол менен түзүүгө болот. Башкача айтканда, бюрократиядан арылуу болуп саналат.
– Стратегиялык демилгелер улуттук институтунда иштөө – бул көптөгөн документтер жана аналитика экени белгилүү. Жеке өзүңүзгө таасирин тийгизген учурлар болобу?
– Абдан көп болот. Документтерди окуп, адамдардын окуяларын угуп, ар бир саптын артында бирөөнүн тагдыры турганын түшүнөсүң. Кээде көйгөйдү чечүү үчүн мыйзамдагы бир эле сүйлөмдү өзгөртүү жетиштүү. Бул укмуштуудай сезим. Бирок кээде система каршылык көрсөтөт. Ооба, бул чакырык. Бирок алдыга жыла беребиз, анткени бири бирибизге каршы эмеспиз, аны түшүнөбүз.Биргеликте гана иштешишибиз керек.
