Буалима Назаркулова, психотерепевт: “Жамандыктан башканы ойлобогон адамдар инсульт же инфаркт алышат”
– Буалима Түлкүбаевна, акыркы мезгилде психолог, психотерапевт, психиатрдын кимиси менен сүйлөшпө баары ооруунун көбү адамдын психикасына байланыштуу экенин айтышат. Психиканы бузбоонун жана жаман ойлордон арылуунун жолу барбы?
– Бар. Ал сабырдуулук. Маселен, адамдын коркуу сезими өөрчүп турган чакта "ооруп жатат окшойм же ооруп калбаймынбы" деп күмөн санап дүрбөлөңгө түшпөстөн, "менин деним сак, мен оорубайм" деген ишенимди жаратышы керек. Анткени көпчүлүк оору жан дүйнөнүн абалынан улам жаралат. Ичибиздеги таарыныч, стресс, ачуулануу, кайгыруу сыяктуу психикалык факторлор ден соолугубузга терс таасирин тийгизет. Адамдын психикасы көйгөйлөр менен күрөшө албай калганда негатив ойлордун баары аң-сезимге чогула берет да, организм көтөрө албай калат. Башкалардан жашырып, керек болсо өзүбүз моюндабаган маселелер топтолуп отуруп кайсы бир ооруну жаратат. Тагыраагы, адамдагы оорулардын 70 пайызы негативдүү эмоциялардан пайда болот.
Үй-бүлөдөгү чыр-чатак, жумуштагы көйгөйлөр же калыптанган мүнөз, жүрүм-турум, керек болсо кубанычтуу окуялар да стрессти жаратат. Эгерде психика бекем болсо, адам өзгөрүлүп жаткан шарттарга тез көнүп, кайгыга батып кетүүдөн алыс болот. Психикасы начар адамдар көйгөйлөрдү чечүүгө күч жумшабастан, ичинен эле тынчсыздана беришет. Жыйынтыгында организм өзүн-өзү жөнгө сала албай оор илдетке кабылат. Ошон үчүн ар бирибиз уруштун сөзүн сүйлөбөй жагдайды жакшыртканга аракет кылышыбыз керек.
– Ооба, бирок азыр көпчүлүктүн нерви жука го?
– Кептин баары ошондо болуп атпайбы. Мен жумуштан кийин коомдук транспортко түшкөндө ызырынган, ар бир сөзгө туталанган адамдарды көп көрөм. Меники туура болуп турса да алар менен сөз талашпайм. Тескерисинче, кечирип коюңуз, бул жакка өтүп алыңыз деп кырдаалды курчутпаганга аракет кылам. Себеби “бутумду басып алдыңыз” десең, “анда таксиге түш да, коомдук транспортко түшпөй” деп ызырынышат. Ошон үчүн кимисине болбосун “кечирип коюңуз” деп коём.
– Адамдын психикасын стресс канчалык деңгээлде бузат?
– Адам стресске кабылганда психикасы эле бузулбастан, көп илдеттин өөрчүшүнө шарт түзүлөт. Ошондой эле менин дартым кооптуу окшойт деген санааркоо, дүрбөлөңгө түшүү дагы кооптуу дарттардын күч алышына себеп болот. Мээде, жан дүйнөдө тынчтык болбосо адам көп оорууга кабылат. Ошон үчүн кары-жаш дебей баарыбыз сабырдуу болууга аракет кылышыбыз керек.
Студент кезде бизге билим берген профессор “бир убакта депрессия эң алдыңкы сапка чыгып калат. Психотерапияны окугула” десе, эл эмнеге депрессия болмок эле деп таң калчубуз. Азыр ошол профессордун айтканы келди: биринчи орунду жүрөк-кан тамырлар оорусу ээлесе, депрессия экинчи орунда болуп калды. Себеби союз тарап, эл эмне кыларын, кантип күн көрөрүн, кантип бала-чакасын багарын билбей калган мезгилде жалпы эл стресске кабылды. Ошол жагдай көп адамды оорулуу кылды.
Турмуш эпке келип, эл өз оокатын кылып калганда пандемия болду. Тойду кой, туугандар менен жолугууга да зар болгон күндөрдү баштан кечирдик. «Ал ооруп жатыптыр», «бул каза болуптур», «ковид катаал вирус экен», «мутант болуп кетиптир» деген маалыматтын баары көп адамга сокку болду. Кыргыздын аттуу-баштуу инсандарынын каза болгону дагы бүтүндөй мамлекетти стресске алып келди. Акчасы барлар, телегейи тегиздер каза болуп жатса, мен аман каламбы деген ой ар бир адамдын жүрөгүн өйүдү. Жагдай жакшырганы менен азыр биз ошол ковиддин кесепеттерин дарылап жатабыз. Ошол мезгилде ооруган адамдарга дары, ачка калгандарга тамак-аш ташып жүргөн жаш балдар да стресс алды. Стресс жогоруда айткандай көп илдеттин күч алышына шарт түздү.
Мен Америкага же чет жакка барып, иштеп жаткандар деле стресске кабылышарына көп жолу күбө болдум. Башында баары алар ойлогондой болбой, иштин көзүн тапканча кыйналышат экен. Ошол кыйналуу стресске алып келип, ден соолукка бир топ залакасын тийгизет. Көпчүлүгү менден дарыланышат.
– Ызырынган, сөгүнгөн адамдардын да психикасы бузулган болобу же ал анын кыялыбы?
– Кыял деле ата-энеден балага өтөт. Атасынын же апасынын эле кыялын тартыптыр деп маани бербей койбош керек. Учурунда тиешелүү адистерге көрүнүп, илдеттен сакаюунун аракетин көрбөсө, ал кыял кооптуу психикалык илдетке кабылтып коюшу ыктымал.
Эч кимге жакшылык каалабаган, эч бир адамдын ийгилигин көрө албаган, үй-бүлөсүнө тынчтык бербеген, жамандыктан башканы ойлонбогон адамдардын көбү инсулть же инфаркт алышат экен. Ошон үчүн пейилди кең коюп, жашоону жаркыратып жашаш керек. Ар бир нерседен эле кыйкым издеп өзүңдүн дагы, башканын дагы нервин коротпой адамдар бири-бирин аяп жашаганды адат кылышы керек. Керек болсо, адам ооруп калганда дарыгердин салттуу дарылоосу менен катар оорунун психологиялык себептерин жеңиш үчүн психотерапевт, невропатолог, психиатрга да кайрылышы керек. Оорунун келип чыгышына себеп болгон психикалык абалын калыпка салмайын эч кандай ооруну түп тамыры менен айыктырууга мүмкүн эмес.
– Акылдан адашып, эс- тутуму начарлап бараткандарга жардам берсе болобу? Же ал кезде кеч болуп калабы?
– Инсулттан кийин же өзү эле акыл-эси начарлап бараткандарды да дарыласа болот. Бат айыгып кетпесе дагы жардам берип, абалдан чыгышына шарт түзсө болот. Уйкусуздук башталган учурда кайрылбаса, кийин эч нерсе жардам бербей калышы да ыктымал. Ошондуктан, кандай илдет болбосун учурунда дарыгерге кайрылышы керек.
– Стресс абалда узак убакытта жүрө берсе адамды эмне күтөт?
– Эгерде адам узак убакыт стресстик абалда жүрсө, адегенде ал баарына тынчсыздана бергенди адат кылып алат. Убакыттын өтүшү менен бул абал депрессияга айланып кетет. Себеби денедеги коргоочу механизмдер түгөнүп, ошол эле учурда иммунитет төмөндөйт. Адам суук тийгенде ооруйт. Муну психосоматикалык оору деп атоого болбойт, бирок стресстин таасири астында иммунитет төмөндөп, адам вирустук инфекцияларга көбүрөөк чалдыгат. Ошон үчүн ар бирибиз бардык нерсе психикалык маанайдан көз каранды экенин түшүнүшүбүз керек. Оору – бул алдыга жылуудан баш тартуу. Андыктан психикалык абалыбызды жөнгө салып, оорудан оолак болууга ар бирибиз аракет кылышыбыз керек. Тагыраагы, туура ойлонуп, жакшы сезимдерди тарбиялап, жаман ойлор менен күрөшүп, көптөгөн оорулардын алдын алса болот. Терс эмоциялар кан басымынын жогорулашына, жүрөктүн тез кагышына алып келет. Ар бир адам, мисалы, коркуу же ачуунун фонунда инфаркт жана инсульт алып калышы ыктымал.
– Жашоого тойдум деп өлүмдөн башканы ойлобогондорду дагы дарылайсыздарбы?
– Ооба. Бизге кайрылгандардын көбү ызага муунуп, жанын жай алдыра албай кайгы-капага баткандар, өлүмдөн башканы ойлобогондор болот. Аларды жакшы сөз менен да, жылуу мамиле менен да дарылайбыз. Бир окуя эсиме түштү. Мындан бир нече жыл мурун бир үй-бүлө үч баласы менен Бишкекке келатып катуу авария болот. Беш адамдын ичинен 16 жаштагы улуу кызы гана оор жаракат алып аман калат. Ата-энесинен, бир туугандарынан бир учурда ажырап өлөм деп турган мезгилде ошол кызды дарыладым. Ыйлайт, сооротом. Жакшы сөз айтып, жашоосуна үмүт берем. Эки жолу келип дарыланды. Беш жыл өткөндөн кийин бир келин колуна бала көтөрүп, кичинекей кызды жетелеп кабинетке кирип келди. Сен бизде каттоодо турасыңбы? – десем, “Эже, мени тааныбай жатасызбы? Мен сизге рахмат айтып, кубанычымды бөлүшөйүн деп келдим. Мен өлөм деп канча аракет кылсам да сиз дарылап, аман алып калгансыз. Жакшы жерге турмушка чыктым. Кайнене, кайнатамды өз ата-энемдей кабыл алдым. Эки балалуу болдум. Жолдошум да жакшы адам болду”, – деди. Ата-энеси каза болуп, тагдырдын оор сыноосуна туш болсо да, жакшы адамдардын үй-бүлөсүнө мүчө болгонуна, учугу уланганына чын дилимден сүйүндүм. Экөөбүз бир сааттай сүйлөшүп, бакыт каалап узаттым. Өлүмдөн башканы ойлобой калган адамдын жашоосу жакшы нукка бурулганына кубандым...
