«Ислам кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхында»: Экстремизмден элди туура диний багыт берүү менен гана сактай алабыз
2025-жылдын 28-майында Бишкекте дин таануучулар тарабынан даярдалган «Ислам кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхында» аттуу жаңы окуу-методикалык колдонмонун бет ачары болуп өттү.
Китептин авторлорунун бири Канат Мурзахалиловдун айтымында, колдонмо исламды, дин таанууну жана социалдык-гуманитардык илимдерди изилдеген магистранттар, аспиранттар жана докторанттар үчүн арналган.
Презентация ачык талкуу форматында өттү жана кесиптик пикир алмашуу аянтчасына айланды. Иш-чарага Улуттук илимдер академиясынын, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын, Агартуу министрлигинин, жогорку окуу жайларынын, аналитикалык борборлордун, коомдук жана диний бирикмелердин, дин таануу, саясат жана улуттук коопсуздук жаатындагы эксперттик коомчулуктун өкүлдөрү катышты.
Алар китеп, Кыргызстандагы ислам дининин өнүгүшү, орду тууралуу төмөнкүдөй пикирлерин айтышты.
Бактыбек Жумагулов, саясат таануучу:
Чынында абдан керектүү, көптөн күткөн колдонмо жарыкка чыкты. Кыргызстан калкынын 90 пайызы мусулманмын, бирок басымдуу бөлүгү динди терең эмес, үстүртөн тааныгандар. Эгемендүүлүк алгандан кийин дин жайылды, мен ИИМдин динди жамынган экстремисттик уюмдарга каршы күрөшүүчү кызматында 20 жылдай эмгектендим. Ошондуктан, ислам динин элге туура жайылтуу, туура таанытуу канчалык маанилүү экенин жакшы билем. Ошол эле Сириядагы согушту алалы. Динди жакшы таанып билбегенинен улам канча кыргызстандык ошол согушка тартылды. Кыргызстанда расмий маалыматтарга караганда, 1000ден ашуун жаран Сирияга согушка катышкан, анын 90 пайызы Ош жергесинен болсо, ошонун дагы 90 пайызы Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунан. Элдин диний сабаттуулугун ачуу жаатында жасай турган иштерибиз көп, анын бир боштугун бүгүн бет ачары болуп жаткан колдонмо толтурат деп ишенем.
Нургүл Осмонова, профессор:
Авторлорго ыраазычылык билдиребиз, бул өтө чоң эмгекти талап кылган китеп. Диний жааттагы илимий-иликтөө, Кыргызстанга ислам дининин киргизилишинин тарыхы жана азыркы абалы, деги эле керектүү болгон бардык маалыматтар камтылган. Эми теологиянын студенттери, магистратурада, аспирантурада окугандар Орто Азиядагы ислам боюнча даяр маалыматтарды ала алышат, ага таянып билимин андан ары да бекемдешет. Бул иш башталышы гана болсун, авторлор мындан ары бул теманы дагы терең изилдеп, диний христоматия түзүүлөрүн сунуштайт элем.
Дин – талаштуу маселе, бул боюнча бир пикирге эч убакта келе албайбыз. Бирок кандай пикир болбосун ал мыйзамдык-укуктук базага таянышы керек. Теологдордун өздөрүнүн да көз караштары кайчы келген жагдайлар бар. Ошондуктан, олуттуу карап, илимий изилдөөлөрдүн негизинде орток жыйынтыкка келүү аракетин жасоо зарыл.
Сайфулла Базаркулов, теолог:
Ушундай Кыргызстандын элине, коомдук жашоосуна пайдасы тийген китептер көбөйө берсин. Учурда Кыргызстанда исламдашуунун кайра жандануусу активдешип жатат. Мындай маалда маалыматты таасын берген диний колдонмолор керек жана бул кыргыз тилинде да чыгышын каалайт элем. Исламдашуу жараяны жакшы нерсе, бирок бардык нерсени сыноодон өткөрүү керек.
Диний ишеним – Кыргызстандын ар бир жаранынын жеке эркиндеги маселе. Медресе – бүгүнкү күндө өз ыктыяры, суроо-талап жасаган тараптын демилгеси менен келген уюм. А мектеп – мамлекеттик стратегиялык мекеме. Айрым учурларда мектеп менен медресени салыштырышат, бул такыр туура эмес. Экөөнүн функциялары эки башка жана эч убакта бирин бири толуктабайт. Сунушум – муфтиятты мечиттердин курулушуна көзөмөл кылса. Мисалы, бир айылда төрттөн мечит курулуп калган. Кайсы бир жакка мечит курууда ага муктаждык барбы же жокпу, караш керек.
Нурмамат Эсенгулов:
Ислам дининин жанданышы бизге өз убагында, эл ислам дини аркылуу илимий-маданий казынага, ыймандуулукка суусаган убакта келди. Ислам – бул руханий байлык. Муктаждык исламды жандандырды. Бул жерде молдолордун ишмердүүлүгү тууралуу сөз болду. Жаназа окуганга, нике кыйганга чоң суммадагы акча алып жатышканы айтылды. Менимче, молдо ар тараптуу билимдүү, терең инсан болууга тийиш. А азыр медресени аяктагандар билимден аксайт, арасында бир кесиптин ээси боло албай калгандар кездешет. Андан улам жаназа, нике кыюудан түшкөн акча менен жашоого аргасыз.
Ошондой эле, динди айтканда анын коопсуздугун да кароо керек. Азыр дүйнөдө эмнелер гана болуп жаткан жок. Палестинаны эле алалы. Биз да динге азыртан мамлекеттик туура мамиле жасап, жолго сала албасак, 20 жылдан кийин азабын көрүп калышыбыз мүмкүн. Жаштар «губка» сыяктуу, бардык маалыматты өзүнө сиңирип алат. Ошондуктан, дин боюнча маалымат берүүдө чындыкка гана ыктап, апыртмаларга жол бербешибиз керек. «Чымчык сойсо да касапчы сойсун» дейт. Дин сабатына ээ адамдарды гана угууга тийишпиз.
Нургазы Кыргызбаев, КР президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин өкүлү:
Белгилүү болгондой, Кыргызстандын Баш мыйзамында «Кыргызстан – светтик жана социалдык мамлекет жана эч бир дин мамлекеттик же милдеттүү дин катары кабыл алынышы мүмкүн эместиги» жазылган. Дин тутуу бизде эркин, ар бир жаран каалоосуна жараша тандай алат. Эч бир адам туткан динине, ишенимине карата басмырланышы мүмкүн эмес.
Расмий маалыматтарга келсек, 1991-жылга, эгемендүүлүк алганга чейин Кыргызстанда 39 мечит болгон. Советтер союзу урагандан кийин динге кызыгуу өтө күчөп, жыйынтыгында, учурда өлкөдө 4362 диний уюм өз ишмердүүлүгүн расмий жургүзүүдө. Анын 3966сы ислам багытында, 390 христиан багытында, 1 еврей жамааты, 1 будисттик коом бар. Ар бир диний уюм каттоолон өтөт. Биз алардын ишмердүүлүгү тууралуу жыл сайын отчет алып, көзөмөлдөп, мамлекеттик саясатка карама каршы келбей жатабы, карап турабыз.
Мамлекеттик саясатты диний чөйрөдө реформациялоо процесси жүрүп келген. Анын негизинде 2014-2020-жылга карата КР диний чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясаттын концепциясы кабыл алынган. Үч негизги максаты бар:
Диний уюмдардын ишин жөнгө салуу.
Диний билим берүү системасын жөнгө салуу.
Диний ражикализм, экстремизмдин алдын алуу.
Ал эми учурда 2021-2026-жыога карата кабыл алынган жаңы концепциянын негизинде иш алып барабыз. Анда негизги багыттар көбөйтүлүп, 5 башкы максат аныкталган. Ага ылайык, орто билим берүү мектептеринде, орто жана жогорку окуу жайларында диний билим берүү боюнча атайын сабактар киргизиле баштады. Ошондой эле, диний негиздеги чыр-чатактардын алдын алуу боюнча мониторинг жүргүзүп, иштеп жатабыз.
Жакында эле дин тутуу эркиндиги боюнча мыйзам иштелип чыгып, ага президент Садыр Жапаров кол койду. Мыйзам ушул жылдын 1-февралынан тартып күчүнө кирди. Негизги максаты – Конституцияда бекитилген дин эркиндигин, светтик принциптерди камсыз кылуу, диний бөлүнүп-жарылууну алдын алуу, диндер аралык мамилени жакшыртуу жана динди саясатташтырбоо.
Мыйзамда жүзүн чүмбөттөп жүрүүгө, диний багыттагы объектерден тышкары диний адабияттарды, аудио-видео материалдарды коомдук жайларда, муниципалдык жана мамлекеттик мекемелерде, билим берүү жайларында таратууга тыюу салынат. Мыйзам бузууга барган жеке тараптарга 20 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом эсептик көрсөткүчтөгү айыппул салынат.
Марат Абдылдаев:
Динди эки аспектиден кароого болот, анын бири философия. Баарыбыз мусулманбыз дейбиз, бирок бир пикирге жете албай, айрым талаштуу маселелерге такалып калабыз. Мисалы, түбөлүк бейиш, түбөлүк тозок түшүнүгү. Ушул нерсени кийинки изилдөөлөрүңөргө кошо кетсеңер деп колдонмонун авторлоруна кайрылат элем. Бул кандай түшүнүк: тастыкталганбы же адамдарды коркутуу/шыктандыруу максатында жаралганбы?
Алмазбек Канаев, күч түзүмүнүн өкүлү:
Мындай концептуалдуу китеп жөн жерден жаралган жок. Методикалык жактанбы, түшүнүктү калыптандыруу жактанбы, студенттерге, аспиранттарга абдан керектүү окуу куралы. Авторлорго терең ыраазычылык.
Орозбек Молдалиев, коомдук ишмер:
Кыргызстандын калкы 7 миллион, анын 6 миллиондой ислам динин туткандар. Биз көп иштерде муфтиятка жардам беришибиз керек. Мына, эки муфтий гана жакшы атын сактап кетпесе, калганы ээлеген кызматынан чыр-чатак менен бошотулду. Жакында эле Ошто казы мыйзамсыз иштерге кириптер болуп кармалды. Ушунун баары жаштарга кандай үлгү болот? Үлгү көрсөтчү иштерге басым жасап, эгерде элдин дин боюнча түшүнүгү туура калыптансын десек, анда терс көрүнүштөрдү болтурбоого тийишпиз.
