Индира Саутова: Укугу тебеленген аялдарды коргоо – тилектештик жана сезимдердин окшоштугу
Аялдардын укугунун бузулушуна байланышкан бир катар чуулуу иштерде жактоочу катары Индира Саутованын аты аталат. Үй-бүлөлүк зомбулуктан запкы көргөн, эрезеге жете элек кезинде сексуалдык зомбулукка кабылган кыз-келиндердин коргоочусуна айланып келаткан адвокат “Караван-Инфонун” суроолоруна жооп берди.
– Мен сиздин коомчулукка чыккан адвокаттык иштериңизди карап отуруп, көбүнчө аял кишилерди жактаарыңызды байкадым. Бул аялдык тилектештикпи же башка себеби барбы?
– Мен аялдардын жана балдардык укугун коргоодон тышкары жалпы эле юриспруденция жаатында иш алып барам, башка тармактар боюнча дагы адвокаттык ишмердүүлүгүмдү жүргүзүп келем. Бирок акыркы Асель Ногойбаеванын окуясынан кийин, ал кыздын адвокаты катары маалымат каражаттарына көп чыгып, аялдардын укугу, аларды коргоого байланышкан маселелер боюнча маектерди берип, маалымат жыйындарына катышып калдым. Менимче, бул нерселер мени аялдар арасына таанымал кылды окшойт. Алар бири бирине айтышып, укугу басмырланган айымдардын жеке менин персонама кызыгуусу жаралгандай.
Мен аларды эмес, алар мени тандап жатышат. Себеби белгилүү эмеспи – аял кишини аял түшүнөт, үй-бүлө, турмуш түйшүгү аялдардын баарына тааныш. Мындан улам консультация бергенде да, жактаганда да аял кишилер бири бирине ишеними, сезими менен жакын болот экен. Эркек кишиден зомбулук көргөн аялдын эркек кишиге коргоо издеп кайрылышы кыйыныраак болуп калат. Бирок мен эркек кесиптештеримдин арасынан үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркаган аялдардын ишин алгандарды кезиктире элекмин. Балким, аларга аялдар кайрылбаганы үчүндүр. Ошондуктан, айым – адвокаттын аялдардын укугун коргоого басым жасашын бир чети тилектештик, бир чети сезимдердин окшоштугу деп ойлосок туура болот.
– Сизди айым-адвокат болгонуңуз үчүн эле жакын тутуп, ишенип келгендерди байкай алдыңызбы?
– Албетте, көбү ушундай сезим менен келишет. Алар мени өздөрүнө жакын сезип кайрылышат. Сен колуңа алган иштин ийгилиги жабырлануучуну толук кандуу түшүнө алганыңдан, боор тартууңдан да көз каранды болот. Жогоруда айтканымдай, аялдын түйшүгүн аялдан өтүп ким түшүнөт, ага ылайык кылдаттык менен карайт деген ойдо болушат.
– Бир билдирүүңүздү угуп калдым, мурда деле үй-бүлөлүк зомбулук көп болчу, бирок азыркыдай ачыкка чыкчу эмес дедиңиз. Ошондой көрүнүштөр коомчулукка чыгып, чуу жаратканы иштин мыйзамдуу, туура жакка чечилээрин камсыздайбы? Чуу жаратуунун пайдасы барбы?
– Мен дайыма жеке практикама таянып айтам, үй-бүлөлүк зомбулук илгери деле аябай көп болчу, азыр да көп кездешип жатат. Болгону учурда мындай көрүнүштөргө мамлекет тарабынан маани берилип, коомчулук көңүлүн бурууда. Басма сөз кызматтары, журналисттер байма-бай чыгарып, темага басым жасап, коомду ойготууга аракет жасашты. Ошондуктан, зомбулук биздин заманда көбөйүп кеткендей туюлушу мүмкүн. Мурда үй-бүлөлүк зомбулукту аял киши дагы, коом дагы норма катары кабыл алган дагы, кылмыш катары кабыл албаган. Мындан улам андай иштер ачык-айкын айтылбаган.
Ал эми азыр мындай окуялардын коомчулукка жарыяланышы – анын норма эмес, кылмыш экенин жарандардын аң сезимине жеткирип жатат жана иштин акыйкат чечилишин кайсы бир деңгээлде камсыздаары анык.
– Ошол эле Жети-Өгүздө кордолгон 9 жаштагы кыз, Сокулукта зомбулукка кабылган 13 жаштагы кыз маселеси – мындай көрүнүштөр да мурда болгонбу же азыр замандын кичинекей кыздарга көз агыткан кара эпкинине туш келдикпи?
– Бул суроого да жогорудагы жоопту берсем туура болчудай: дагы да болсо журналисттердин мындай кылмыштарды ар бир жолу коомчулукка алып чыгып жатканынан улам көбөйүп жаткандай түр калтырат. Бирок бул кылмыш боюнча статистиканы карасаң, өсүш жок, ошол эле учурда азайган да эмес, бир калыпта стабилдүү бойдон кармалып турат. Белгилей кетчү нерсе, секелектерге, өспүрүмдөргө көрсөтүлгөн сексуалдык зомбулуктардын 90 пайызы жакын тууганы, кошунасы, ошол кичинекей кыз тааныган адам тарабынан болот, кылмышкер алыстан келбейт. Азыр заман бузулуп баратат, мындай окуялар илгери болчу эмес деп жатпайлыбы. Жабыркаган өспүрүмдөрдүн укугун коргоп чыкканымдан кийин улуу курактагы айымдар келип, анонимдүү түрдө өз окуясын айткан учурлар болду. “Мени да убагында тайкем зордуктаган, мени байкем зордуктаган, мени кошунам зордуктаган” деп айтышты. Бири ал окуя тууралуу апасына айтса, бири эч кимге айтпай жашырып койгон.
Бул эмнени билдирет? Бул деген илгертен эле секелектерге сексуалдык мүнөздөгү кол салуулар болуп келгенин туюндурат. Бирок ал убакта кыздын психологиялык абалынан дагы уятты жогору коюшкан, улуулар өздөрүн ойлошкон. Уят-сыйыт деп атып ич ара жаап-жашырып, жабылуу аякты жабылуу бойдон калтырышкан, кылмышкер жоопкерчиликке тартыла турчу деңгээлге чыгарышкан эмес. Кичине чагында зомбулукка кабылган, азыр улуу куракка келген айымдардан уккан окуялардан кийин ушундай тыянакка келдим.
– Асель Ногойбаеванын мурдагы күйөөсүнө карата чечим чыкканда “ичимде бүтпөй калган иштин сезими кетпей турат” деп жаздыңыз. Эмне себептен чечимге канааттанган жоксуз?
– Аселдин иши моралдык, психологиялык жактан оор иштерден болду. Эмне себептен ичимде бүтпөй калган иштин сезими пайда болду? Жабырлануучу тарап кылмышкерди өмүр бою эркинен ажыратууну суранды эле... Ооба, биз түшүнүп жатабыз – кылмышкер жабырлануучуну өмүр бою майып кылып таштады, бул чоң кылмыш, бирок мыйзамга тууралап келгенде, ошол эле “адам өлтүрүү” же “адам өмүрүнө кол салуу” деп атпайбызбы, ал иш адам өлүмү менен коштолбосо, курамы соңуна чыкпаган болот, башкача айтканда, кылмыш толук кандуу жасалган жок деп таанылат. Мында өмүр бою эркинен ажыратуу жазасын колдонгонго болбойт. Бул мыйзамдын гумандуулугу, бирок ошол эле учурда акыйкаттуулукка ушундай баа берилеби деген сезим болуп калды да...
Мүмкүн бул ишке мен профессионалдык жактан эле мамиле жасап койбой, айым катары жүрөгүм менен кирип, жаным кейип, өзүмдү коргогондой коргоп алганымдан уламдыр. Мыйзамдан аша албайбыз, бирок жабырлануучуну ушундай акыбалга жеткирген адамдын жазасы жеңил болуп калды дейт экенсиң. Мисалы, 20 жылга соттолгон адамдын 12 жылдан кийин жатак-колонияга чыкканга мүмкүнчүлүгү бар. Анан чыгып алып кайра эле жабырлануучуга зомбулук көрсөтүүгө аракет кылып, кадам таштаса ким коргойт? Кесепеттерин да ойлонушубуз керек да...
– Эки өлкөнүн – Кыргызстан менен Казакстандын жараны болгон, мурдагы күйөөсүнөн балдарын талашкан аялдын укугун коргоо учурунда сизге коркутуп-үркүтүү болгонун айттыңыз, адвокаттык ишмердүүлүктө мындай учурлар көп кездешеби, андан кантип коргоносуздар?
– Бир гана үй-бүлөлүк зомбулук эмес, жалпы кылмыштар менен иштеп жатканда ар кандай тараптарга туш болосуң. Эки-үч жолу коркутуп-үркүткөн эскертүү алгам. Бирок андайларга көп маани бере бербейм. Себеби, тараптар каршы тарабына болгон жек көрүүсүн аны коргоп жаткан адамдан да чыгарышат. Ошондуктан өз ишимди так, тыкан аткаруумду уланта берем, а коркутуулар боюнча өз убагында мыйзамдуу билдирүү жасап коем. Анткен менен кишинин пейили ар кандай да, апам: “Башыңа бирдеме түшүп кетеби деп корком, кызым”, - дейт. Бир туугандарым да: “Оор иштерди албай эле жөнөкөй иштерди алчы, сен да энесиң”, - дешет. Өзүм коркпосом да, мен үчүн апам, бир туугандарым, балдарым сарсанаа болуп турушат.
