Алмаз Өмүров, өндүрүшчү: “Ажого арнап бут кийим тигип жатам, ал белегимден баш тартпайт деген үмүттөмүн”
Кээде жашоо адамды эң оор сыноолордон өткөрөт. Мындай учурда көптөр багынып бериши мүмкүн. Бирок бүгүнкү каарманыбыз кыйынчылыктарга моюн сунган жок. Ал өзүнүн өнөрүнө ишенди.
Бүгүнкү күндө Алмаз колунан чыккан бут кийимдери менен жүздөгөн кардарлардын ишенимине ээ болуп келет. Анын эмгектери фабрикалык өндүрүштөн кем калбайт. Ал тургай учурда ажого арнап өзгөчө бут кийим тигип жатат. "Өнөрлүү өлбөйт, ушул өнөрүм кайрадан мени бутума тургузду" деген Алмаз мырза менен өнөрдүн күчү, ийгиликке алып келген өжөрлүк жана чоң кыялдар тууралуу маек курдук.
– Алмаз мырза, бут кийим тигүү өнөрүн кимден үйрөнгөнсүз?
– Мен Сүймөнкул Чокморов атындагы училищеде булгаарыны иштетүү, андан сувенирлерди жасоо жагында кыска мөөнөттүү окууда окугам. Ошол жакта бизге сабак берген Бакыт деген агай бут кийим жасачу экен. Ал агайдан сабактан тышкаркы убактарда кеңеш алып, кызыгып жүрүп практиканын негизинде үйрөнүп кеттим.
– Эң биринчи эмгегиңиз эсиңиздеби? Аны кимге жасадыңыз эле?
– Анда 2013-жылдар эле. Ошондо ишти 350 сом менен баштагам. Ага материал алып, манжанын арасына илип ала турган эки тапичке жасадым. Экөөнү эки жерге таштап коюп бир жума күтүп жаттым. Же аларым өтпөйт. Кыргыздын өзүнүн өндүрүшү болушу керек деген патриоттук сезим менен бетине оюу салып койгом да. Ал жылдары улуттук колориттеги кийимдер азыркыдай бааланчу эмес. Ошол себептен көптө өттү. Эсимде, экөөнүн акчасы 550 сом болгон. Ага кайра эле материал алдым да, ишимди андан ары улантып кеттим. Жай аяктап, тапичкенин сезону да бүткөндө күзгү бут кийимдерди чыгарыш керек болду. Ага болсо калып жок. Ойлонуп отуруп Дордойго барып 39дан 44кө чейинки бир линия бут кийим алып, анын ичине пакет кийгизип туруп гипс куйдум. Көрсө, гипс кургабай, жармашып калат экен да. Ошентип жаңы бут кийимдер да өлдү, калып да жок...
– Ишкерликте мындай ийгиликсиз учурлар сөзсүз болот да?
– Албетте, ансыз болчу беле. Тажрыйбанын негизинде бышасың да. Акыркы акчама материал алып келип, брак кылып алган учурлар далай болду.
– Андайда баарын таштап салгыңыз келчү беле?
– Таштап эле салдым. Ортодо башка тармакка кетип калдым. Иш жакшы башталып, атүгүл 4-5 бала алып аларга да үйрөтүп койгом. Бут кийим жасоодо колдонулган колодка (калып), тамандар Россиянын Ростов-на-Дону шаарында сатылат экен. Ал жакка атайын барып керектүү материалдарды көп кылып алып келсем балдар кетип калып жатышпайбы. Ошондо бул жумуштан көңүлүм калды. Карасам, эркек балдардын баары эле курулушта жүрүшөт. Баарын таштадым да, мен да курулуш тармагына кетип калдым. Фирма ачып, жумуш абдан жакшы кетти. Жети облусту кыдырып буйрутма алып, жер үйлөрдү салчубуз. Чоң командам бар эле. Тилекке каршы, ал жактан банкрот болуп калдым. Баштаган үйлөр бүтпөй көп адамдарга карыз болдум. Эсиңиздеби, былтыр мен социалдык тармактардан “Өзүмдү 100 миң долларга сатам” деп чыкканмын.
– Ооба, көргөм. Чын эле ошондой муктаждык жаралды беле?
– Ооба, ошондон башка айлам калбай калган. Өнөрүм бар, буйрутмалар турат, бирок иштеп акча табайын десем ага мүмкүнчүлүк беришпейт. Карыздарым улам доолап келет, бир жагынан милиция... Анан ушундай идея келди: колунда бар бирөө мага 100 миң доллар акча берип турса, карыздарымды таратып берип көңүлүмдү тынчытып, оюмду бир жерге коюп күнү-түнү болсо да иштемекмин да, бир жыл ичинде ачканы чыгарып бермекмин. Соцтармактарга абалымды түшүндүрүп айтып, ушинтип кайрылгам.
– Реакция кылган адам болдубу анан? Ошондон кийин жашооңузда кандай өзгөрүү болду?
– “Мен сага 100 миң доллар берем” деген деле эч ким болгон жок. Бирок андагы комментарийлер, чалуулар мага кадимкидей дем-күч берди. “Сен өзүңдү сатсаң да карызымды берем деп жатпайсыңбы, адам экенсиң!” дешкен көпчүлүгү. Ушундай создөргө шыктанып мүңкүрөп жатып калган жокмун, депрессияга кирип ичип кетпедим, эч нерсе болбогондой ишимди кыла бердим. “Өнөрлүү өлбөйт” деген чын экен, ушул өнөрүм кайрадан мени бутума тургузду. Былтыркы жылы 50 миң доллар карызымды жаптым, быйыл да чекеден берип келатам. Айына 2,5-3 миң доллар карыз берем. Андан тышкары үй-бүлөмдү каржылайм, өзүмдүн керектөөлөрүмө иштетем.
– Бир күндө канча жуп бут кийим жасай аласыз?
– Өзүм жалгыз күнүнө 10 даана бут кийим жасайм. Ар биринин баасы 5 миң сомдон.
– Негизги кардарларыңыз кимдер?
– Мен жасаган бут кийимди бир кийген адам башка бут кийим кийгиси келбей калат. Анткени өзүбүздөн чыккан таза булгаарыдан жасалган бул бут кийимдер терини кадимкидей дем алдырат. Ошондуктан бут жыттанбайт. Абдан ыңгайлуу дагы. А жаңы кардарлар инстаграм, тик-ток социалдык тармактары аркылуу келет.
– Ушул социалдык тармактарда сиздин президентке арнап тигип жаткан бут кийимиңиз ажиотаж болуп атыптыр.
– Ооба, бул менин мурдатан келаткан кыялым. Өзүбүздүн өндүрүшүбуздөн чыккан бут кийимди президентибиз кийсе дечүмүн. Акыры колго алып, ага арнап атайын жасай баштадым. Биринчи күндөн баштап ар бир этапты катталуучуларыма көрсөтүп, чогуу жасап атабыз десем болот.
– Ал бут кийимдин өзгөчөлүгү эмнеде болот?
– Негизги озгөчөлүгү – эч жеринен бириктирилбей бүтүн бойдон жасалгандыгында. Кандай гана бут киийм болбосун, ал артынан же алдынан кошулуп тигилет. Бул болсо андай эмес, бир да жип пайдаланылбайт. Мындай ыкма дүйнөлүк ири бут кийим фабрикаларында колдонулат жана абдан бааланат. Ошондой эле өзүбүздүн таза булгаарыдан жасалып, боосуна чейин булгаарыдан болот.
– Качан даяр болот? Белегиңизди тапшыруу боюнча сүйлөшүүлөр болдубу?
– Бир буту толук бүткөн. Экинчисинин да акыркы этаптары калды. Бирок бүткөн бут кийимди сюрприз кылып эч кимге көрсөтпөй атам. Баары даяр болгондо соцтармактар аркылуу президентибиздин өзүнө кайрылуу жасайын деп атам. Эч кандай сүйлөшүүлөр болгон жок, бирок президентибиз белегимден баш тартпайт деген үмүттөмүн. Мен муну менен өзүбүздүн өндүрүшүбүздү даңазалагым келет.
– Бут өлчөмүн, табитин болжолдуу түрдө эле тандадыңыз да э?
– Ооба, бутунун өлчөмүн көз болжолго салдым. Табитинен да адашпайм деген ойдомун. Анткени бул кадимки эле классикалык бут кийим.
– Эгерде бул белек эмес, сатыла турган эмгек болсо канча сомго бааламаксыз?
– Эмгегимди орус эксперттерине баалаттым. Алардын эсеби боюнча болжол менен 250-300 миң сомдук эмгек экен. Бирок менин бир сом алайын деген оюм жок. Президентибиздин белегимди кабыл алганы – мен үчүн чоң жеңиш. Негизи мен абдан позитивдүү адаммын. Бардык кырдаалга оң жагынан карайм. Бул жолу да белегимдин ажонун өз колуна жетерине жүз пайыз ишенип турам.
– Өнөрүңүздү улаган окуучуларыңыз барбы?
– Азыр менде шакирт таптаганга убакыт жок. Бат-бат иштеп карыздарымдан кутулушум керек. Окуучуларга көбүрөөк убакыт бөлүүгө туура келет. Тажрыйбасы жок болгондон кийин ал сөзсүз брак кылат, аны кайра-кайра жасатыш керек дегендей. Бирок мен президентке бут кийим тигип баштагандан бери “мага да үйрөтүңүзчү” дегендер көбөйдү. Буюрса сөзсүз үйрөтөм. Команда чогултуп, өндүрүшүбүздү кеңейтели деген ойлор албетте бар.
