Айжамал Майрамбекова: Курут, сары май, чөбөгө, сүзмө. Нукура азыктардын жасалма азыктардан айырмасын билесизби?
23 декабрь

Айжамал Майрамбекова: Курут, сары май, чөбөгө, сүзмө. Нукура азыктардын жасалма азыктардан айырмасын билесизби?

Акыркы учурда адамдар экологиялык таза азыктарга басым жасап башташты. Жегенден мурда ошол тамак-аштын курамын иликтеп отуруп ар бир адам бул жаатта адиске айланууда. Кыргызстандын дээрлик тең жарымын экологиялык азыктар: сары май, чөбөгө, сүзмө, каймак, кымыз жана эт менен камсыздап келаткан ишкер айым Айжамал Майрамбекова улуттук даамдардын пайдасын жана аларды жасалма даамдардан кантип айырмалоо керектигин “Караван-Инфо” редакциясына айтып берди. 

– Базарда, дүкөндөрдө сатылган сары майлардын сапатын кантип аныктоого болот, чыныгы сары май менен жасалма сары майды айырмалоонун ыкмалары барбы? 

– Биринчи кезекте өңүнө, жытына маани берүү керек, эгер анда да айырмасын таппай жатсаңыз даамдап көрүңүз. Бир жолу экологиялык азыкты колдонуп көргөн адам анын даамынан эч убакта адашпайт, абдан окшоштурулуп жасалган учурда дагы жасалма даамдарды оңой эле ажырата алат. Мисалы, кардарларымдын айтуусунда, айрым сары майларга хазар майы (өсүмдүк майы – ред.) кошулуп сатыкка чыгарылат экен. Канчалык жымсалдаса деле, мындай майлардын балким, жыты менен өңү чыныгы сары майдай болоттур, бирок жытын буркуратып окшоштуруу мүмкүн эмес. Белгилей кетчү нерсе, сары майда сөзсүз буркураган жагымдуу жыт болот, жыты жок сары май болбойт. 

– Акыркы учурларда адамдар экологиялык азыктарга басым жасап башташканы сизге байкалабы? Таза азык сурап кайрылгандар көппү?

– Ачыгын айтканда, жасалма азыктардан жадагандар көп. Кээде кардарларымдын баяндарын угуп отуруп, кейип кетем. Анткени, алардын көбү таза азык деп жасалма азыктарга туш болуп, көп жолу ишенимин кайтарышкан. Ошондон улам, мен азыр Алай районунда жашайм да, ушул аймакта өндүрүлгөн экологиялык азыктарды сатуу менен алектенем, жолдун узактыгына карабай, бизден тапшырык кылып алдырышат. Экологиялык азыктарга басым жасоонун ушундай кыйынчылыктары бар: чыныгы азыкка жеткенге чейин бир топ кыйынчылыкты басып өтүүгө туура келет, жасалма даамды чыныгы даам катары сатууга аракеттенгендерге туш келесиң. Бул мени абдан кейитет. Башканы жасалмаласак да, улуттук азыктарыбызды жайына койсок болот эле... Ал эми кыргыздын таза, пайдалуу даамдарына кызыгып, өзөгүнө кайта баштаган адамдардын көбөйгөнү кубандырат.  

– Ошол эле сары май, сүзмө, чөбөгө адамдын ден соолугуна канчалык пайдалуу? 

– Ичибиз, ашказаныбыз ооруса дароо дары ичип келгенбиз. Менин кубанганым – азыр адамдар улуттук азыктарыбызды колдонуу менен ден соолугун чыңдаганга, иммунитетти табыгый жол менен көтөрүүгө аракеттенип башташты. Мисалы, биз кичине кезде ичибиз ооруса, энелерибиз сары менен шыбап коюшчу, жөтөлсөк сары майды ээритип ичиришчү. Мунун деле өзүнүн касиети болсо керек.  

– Эзме курут да популярдуу боло баштагандай, ушул азык тууралуу айтып берсеңиз?

– Ооба, азыр эзме курутту сүйүп ичкендер көп. Ушул жерден бир нерсени айта кетейин: эч убакта базарларда сатылган кайра-кайра кайнатылган ысык курутту ичпеңиздер. Анткени, курутту бир кайнатуу жетиштүү, көп кайнаса курамындагы пайдалуу заттар жок болот, экинчиден, ирип кетет. Ошондуктан, мүмкүн болушунча үй шартында жасап ичүүгө аракет кылыңыздар. 

– Ал кантип даярдалат, рецебин айтып бере аласызбы? 

– Мисалы, биз жасаган куруттун жасалыш технологиясы башкача. Ал үчүн курутту биринчи жууп, анан таза сууга коюу кылып эзип алгандан кийин чынынын жарымына чейин куюп, үстүнө чыны толгудай кайнак суу кошуп, сары май салып койсоңуз жетиштүү. 

– Куруттун да жасалмалары көп, аны кантип айырмаласак болот? 

- Жасалма куруттарга ун жана дагы бир бор сыяктуу зат кошулат деп угуп калабыз. Бор сыяктуу зат курутту тез кургатса, ун кооз томолоктоого жардам берет экен. А чыныгы курут сүзмөдөн, болгондо да кайнатылган сүттү уютуп жасаган сүзмөдөн жасалат. Айран уюгандан кийин аны калтага салып, суусун бир күн сарыктырып алуу керек. Буга убакыт керектелет. Ушундан улам, чыныгы курут одур-бодур болот, кооз томолоктолбойт деп жыйынтык чыгара бериңиз. Бул эми көз менен карагандагы айырмачылык, болбосо чыныгы курут менен жасалма куруттун даамынын айырмасы асман менен жердей да. 

– Сиз Бишкек менен Ошту экологиялык азыктар менен камсыздап келесиз. Ошончо адамдарга жеткирүү үчүн канча көлөмдөгү азык керек? 

– Биз Бишкек шаарына эле эң азы 500 кг, эң көбү 1 тоннага чейин азыктарды алып келебиз. Анын баары сатылып кетет. Көбү эле алдын ала тапшырык бергендерге таратылат. Бул бир гана менин эмес, Алай районунун дээрлик бардык жашоочуларынын эмгеги. Биз район тоолуу аймак, андагы тургундардын дээрлик баары мал кармайт, мал чарбачылыгы аркылуу оокат кылабыз. Районубуз менен Кыргызстанды нукура азыктар менен камсыздоого киришип кеттик десем болот. “Экспорттоочусу” – мен.