Антидепрессанттар эмнеге оору учурунда маанилүү жана жаштардагы инсульттун кантип алдын алуу керек
Антидепрессанттар эчактан бери «депрессиянын дарысы» гана болуудан калган. Бүгүн алар өнөкөт ооруну, тынчсызданууну, уйкунун бузулушун жана көптөгөн неврологиялык абалды дарылоодо комплекстүү терапиянын негизги жана натыйжалуу бөлүгү болуп эсептелинет. Жогорку категориядагы врач-невролог, саламаттыкты сактоонун отличниги Эльмира Иманкулова заманбап антидепрессанттар неврологиялык оорулардын өнүгүшүнө кандай таасир берээрин жана инсульттун «жашарып» баратканынын себебин, ошондой эле, аны жаш бейтаптарда кантип алдын алуу керектигин айтып берди.
– Антидепрессанттар депрессиядан башка да кандай ооруларга колдонулат?
– Антидепрессанттар өнөкөт ооруларга, тынчсызданууга, уйкунун бузулушуна, баш ооруга, нейропатияга жана башка көптөгөн ооруларга карата терапиянын негизги бөлүгү болуп эсептелинет. Бул классикалык нейрофармакологиялык практика 20-кылымдын 70-80-жылдарынан бери колдонулуп келатат.
– Өткөн мезгилге салыштырмалуу бүгүнкү күндө антидепрессанттарды колдонуу кандай өзгөрдү?
– Мурда нейропатиялык ооруну жакшы басаңдаткан амитриптилин сыяктуу трициклдик антидепрессанттар колдонулчу. Бүгүнкү күндө арсеналда серотонин менен норадреналиндин кайра кармалышынын ингибиторлору (дулоксетин, венлафаксин) жана заманбап трициклдик антидепрессанттардын төмөн дозалары сыяктуу селективдүү жана коопсуз дарылар бар.
– Эмне үчүн антидепрессанттар өнөкөт ооруга жардам берет?
- Оору жана маанай нейромедиатордук системалар аркылуу байланышкан — серотонин, норадреналин жана дофамин жүлүндө жана мээде ооруну кабыл алууга катышат. Өнөкөт оору учурунда нейротрансмиттерлердин деңгээли төмөндөп, бул оорунун босогосун басаңдатат. Антидепрессанттар тең салмактуулукту калыбына келтирип, антиноцицептивдик жолдордун ишин күчөтөт.
– Антидепрессанттарды кабыл алуудан коркпош үчүн бейтаптар эмнени билиши керек?
– Бул дарылар адамды психикалык жактан оорулуу кылбайт жана депрессия диагнозун билдирбейт. Антидепрессанттар эйфорияны же көз карандылыкты жаратпайт, анткени, бул транквилизатор же наркотик эмес. Эффект акырындык менен өнүгөт (2–4 жума). Дарыны токтотуу дарыгердин көзөмөлүндө акырындык менен жүргүзүлөт. Дарылар ооруну басаңдатуу үчүн аз дозада дайындалат жана анын коопсуздук деңгээли жогору.
– Неврологиялык оорулардын өрчүшүнө жаш курак жана жыныс кандай таасир этет?
– Жаш курак – неврологиялык тобокелдиктин негизги жөнгө салуучусу. Жаш өткөн сайын нейродегенеративдик жана кан тамырдык өзгөрүүлөр болуп, оорулардын жаралуу ыктымалдыгын жогорулатат. Ал эми жыныс оорулардын түрлөрүнө, белгилердин пайда болушуна жана терапияга карата реакцияга таасир этет.
– Ар кандай курактык топторго мүнөздүү болгон неврологиялык оорулар кайсылар?
– Балдар жана өспүрүмдөр арасында – эпилепсия, церебралдык шал, нейроинфекциялар, аутизм жана башкалар.
Орто жашта – мигрень, чачыранды склероз, невропатия, психосоматикалык бузулуулар.
Карыларда – Альцгеймер оорусу, Паркинсон оорусу, инсульт, кан тамыр деменциясы жана башкалар.
– Неврологиялык ооруларда кандай гендердик өзгөчөлүктөр бар?
– Аялдар шакый, чачыранды склероз, аутоиммундук оорулар жана неврологиялык симптомдору бар депрессия менен көбүрөөк оорушат. Эркектерде Паркинсон оорусу, мотордук нейродегенерациялар, борбордук нерв системасынын жаракаттары, аутистикалык спектрдин бузулушу көп кездешет.
– Эмне үчүн инсульт «жашарып» кетти жана бул канчалык деңгээлде кеңири жайылган?
– Акыркы 20 жылда 45 жашка чейинки адамдардын арасындагы инсульт 40–50 пайызга өстү. Инсульттардын 15–20 пайызы 50 жашка чейинки бейтаптарда кездешет. Жаштарда инсульт көп учурда оор кармайт, анткени ал максималдуу активдүүлүк мезгилине туура келет.
– Жаштарда инсульттун өнүгүшүнө кандай факторлор себеп болот?
– Артериялык гипертензия, тамеки чегүү (көбүнчө энергетикалык суусундуктар жана алкоголь менен чогуу), кыймылсыз жашоо образы, семирүү, метаболикалык синдром, стресс, тромбофилияда оралдык контрацептивдерди колдонуу, генетикалык жана аутоиммундук оорулар.
– Жаштардагы инсультту кантип алдын алса болот?
– Алдын алуу үчүн кан басымды көзөмөлдөп, кан тамырлардын тобокелдик факторлорун (липиддер, глюкоза, коагулограмма) текшерип туруу керек. Ошондой эле тромбофилияны жокко чыгарууну, кан тамырлардын УЗИсин, эхокардиографияны жасоону камтыйт. Андан тышкары сергек жашоо образын - физикалык активдүүлүктү күчөтүп, тамеки чегүүдөн жана алкоголдон баш тартууну, стрессти башкарууну жана психотерапияны талап кылат.
– Эмне үчүн инсульт улгайган адамдардын гана оорусу эмес экенин түшүнүү маанилүү?
– Инсульт – кан тамырлардын оорусу, ал эми кан тамырлар жаш курагы боюнча эмес, жашоо образы боюнча эскирет. Заманбап инсульт барган сайын жаш жана активдүү адамдарды жабыркатууда, ошондуктан алдын алуу жаштарга, өзгөчө тобокелдик тобундагы адамдарга багытталышы керек.
