Равшан Жамгырчиев: Сулайман-Тоого улук аалымдардын сөөгү көмүлгөн, ал жерди паркка айландыруу Кыргызстанга оор кесепеттерди алып келиши мүмкүн
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев жакында Сулайман-Тоонун түштүк боорундагы мүрзөлөрдү рекультивациялап, анын ордуна парк куруу идеясын билдирген. Бирок диний чөйрөнүн өкүлдөрү айтылган жерде улук аалымдардын сөөгү коюлганын, аны түрттүрүү кыргыз коомчулугуна орду толгус кесепетти алып келиши мүмкүндүгүн билдирип, коңгуроо кагышууда. Алардын айтымында, дүйнө жүзүндөгү медреселерде эмгеги окутулуп, аты таанылган аалымдардын бейитин тескерисинче, тарыхый документтер аркылуу далилдеп, оңдоп-түзөп, зыярат кылуучу жайга айландыруу – туризмдин зор агымын жаратат. Бул боюнча биз И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин Дин таануу институтунун магистраты Равшан Жамгырчиевден сурадык.
– Сулайман-Тоодогу түрттүрүлүшү мүмкүн делген мүрзөлөр боюнча айтып берсеңиз, эмнеге ал жердин паркка айлануусуна каршы болуп жатасыздар?
– Менин магистрдик диссертациям Ош аалымдары жана алардын руханий мурастарын сактоо багытында болгондуктан, Сулайман-Тоонун түштүк боорунда жайгашкан мүрзөлөр тууралуу абдан көп маалыматка ээмин. Айтылган жерде дүйнөлүк диний чөйрөдө өтө таанымал, атактуу аалымдардын сөөгү жайгашкан болушу мүмкүн. Бул документалдык жактан толук кандуу далилдене элек, бирок эгерде мамлекеттик деңгээлде жакшылап изилдесек, бир катар аалымдардын күмбөзү Сулайман-Тоодон табылат.
Мисалы, Сиражидин ал-Оший. Ал 12-13-кылымда Ош шаарында төрөлүп-өскөн, кийин билим издеп дүйнө жүзүн кыдырган, дүйнө жүзүнө таанымал ислам аалымы. Көптөгөн китептерди жазган жана ал китептер ушул азыр да дүйнөдөгү дээрлик бардык медреселерде окутулуп келет. Анын кабырын нечен жылдан бери дүйнөлүк диний чөйрө издеп, тапкан эмес. Кыргызстан эгемендүүлүк алгандан кийин түрктөр да кызыкдар болуп издешкен. Эми ошол кишинин кабырын тапсак, далилдесек өлкөбүз үчүн жакшы болмок. Анткени, улук аалымдын кабырына дүйнө жүзүнөн зыярат кылуучулардын агымы сөзсүз чоң болот, мындан улам өлкөбүздүн туризми өнүгөт.
– Аалымдын мазары Сулайман-Тоодо болушу мүмкүн деген божомол ал кишинин Ош шаарында төрөлүп-өскөнүнөн улам эле айтылып жатабы же башка дагы фактылар барбы?
– Биз анын болжолдуу мазарын таптык. Молдолор, дин өкүлдөрү менен сүйлөшүп, маалымат чогулттук жана мазардын 1901-жылдагы сүрөтү табылды. Анын жанында Сиражидин ал-Оший мечитинин да сүрөтү бар экен.
Андан сырткары “Сулайман-Тоо” улуттук археологиялык музейинде кайрак таш турат. Ал "Кайып-Мазар" атындагы мусулмандардын көрүстөнүнөн музейдин кызматкери Елена Василевна Дружинина тарабынан табылган. Анда Мухаммад Мауляна Хафизиддин ал-Ошийдин Ислам дини үчүн жасаган эмгегин даңазалаган сөздөр жазылган. Кайрак таш 1340-жылга таандык. Анын сөөгү Сулайман-Тоонун түштүк бооруна коюлганы документалдык жактан ырасталган. Бүт юридикалык документтери бар.
Биздин божомолубузда бул жерде мындай диний даражасы абдан жогору, дүйнөлүк ислам динине чоң салым кошкон, көптөгөн китептерди жазган улук аалымдардын он чактысынын сөөгү коюлган. Музейдин кызматкеринин айтуусунда, төрт ал-Ошийдин мазары бар. Анын баары тоонун түштүк боорунда болуп жатат. Мындан улам мындай ыйык жайды сүрдүрүп, паркка айландыруу чоң кесепеттерди алып келүүчү идеяга айланышы ыктымал. Жөнөкөй мүрзөлөрдү мөөнөт-убактысы өткөндөн кийин рекультивация кылса болот, а бирок улуктар жаткан жайга тийишпеш керек. Бийик жерге бийик адамдарды көмүшкөн, ошондуктан бул жерди терең изилдеп, божомолдонуп жаткан мазарларды таап, аларды реконструкциялоо зарыл.
Мисалы, азыркы Кыргыз-Өзбек университетинин имараты турган жер жергиликтүүлөрдүн айтымында, бир кездерде көрүстөн болгон. Аны рекультивациялап, имарат куруп, Ош ИИБин жайгаштырышкан. Бирок ал жерде улам өлүм боло берген, алты өлүм катталгандан кийин молдолорго кайрылышат. А алар: “Силерге бул жерге турууга болбойт, андан көрө бул жерди окуу жайга айландырыш керек”, - дегенден соң, ИИБ башка жайга көчүрүлүп, ордун аталган университетке беришкен. Чын эле андан кийин терс көрүнүштөр орун албай, тынчып калыптыр. Жөнөкөй адамдардын көрүстөнүндө ушундай иш болуп жатса, улуктардын мазарын буза турган болсок, Кыргызстанда акылга сыйбай турган кубулуштар болуп кетиши ыктымал. Ошондуктан, ал жерди паркка айландыруу аракеттерин токтотушубуз керек. Ушул маалымат бийликке, шаар мэрине жетсе жакшы болот эле.
– Сиз айткан он чакты улук аалымдын мазары Сулайман-Тоодо жайгашканын кантип далилдөөгө болот? Анын жолдору барбы?
– Белгилегенимдей, бирөөсүнүн - Мухаммад Мауляна Хафизиддин ал-Ошийдин мазары тарыхый, документалдык жактан бүт тастыкталган. Сөөгү тоо боорунун кайсы жерине көмүлгөнү так эмес, бирок мазарынын үстүнө коюлган таш табылган. Демек, Сулайман-Тоонун түштүк боорунун кайсы бир жерде улук аалымдын сөөгү жатат. А калгандары айтканымдай, божомол. Бирок аларды далилдесе болот. Алардын мазарларынын жанына союз маалында көп сөөктөр коюлуп, көрүстөн кеңейип кеткен. Санкт-Петербург шаарында археологиялык музей бар, анда фотограф Павел Родственныйдын Сулайман-Тоого келип тартып кеткен сүрөттөрү сакталуу. Россия Федерациясы менен байланышып, ошол сүрөттөрдүн негизинде тактоого мүмкүн.
– Байыркы көрүстөндү оңдоп-түзөп, сактоо мамлекет үчүн пайдалуу болот дедиңиз. Ал кандай пайда?
– Коңшу Өзбекстан менен Казакстанды алып көрөлү. Өзбекстанда Самарканд, Бухара туризмдин чордонуна айланган, анткени ал жерде байыркы мазарлар, болгондо да диний чөйрөнүн атактуу өкүлдөрүнүн күмбөздөрү бар. Казакстан Түркестанды зыярат кылуучу жайга айландырды. Ал жакка дүйнөнүн ар кайсы бурчунан барган туристтердин агымы токтобойт. Улук аалымдардын сөөгү коюлган жер ислам динин тутунгандар үчүн ыйык жай, зыярат кылууну сөзсүз каалашат. Менимче, парктын ордуна көрүстөндү иреттеп, кайсы аалымдардын сөөгү коюлганын тактап, атайын тактага такталгандардын жана такталбай, божомол катары калгандардын тизмесин жазып койсо, тарыхый жактан салмагы чоң уникалдуу жайга айланат. Баарыбыз билгендей, туризмден өлкөгө чоң акча түшөт. Бул биринчиден, казынабыздын толушуна өбөлгө болсо, экинчиден улук аалымдардын сөөгүн агартабыз, ошондой эле тарыхыбыздын өзгөчөлүгүн, байыркылыгын дүйнө жүзүнө дагы бир жолу далилдейбиз.
Мен бардык кыргыз журтун көрүстөндү сактап калууга үн кошууга чакырам. Тарыхыбызга кайдыгер мамиле жасабайлы, паркка караганда, ата-бабаларыбыздын арбагын ыраазы кылуу тирүүлөр үчүн чоң мааниге ээ.
