Майрамбү Шүкүралиева: «Устаттын эң чоң сыйлыгы – шакиртинин ийгилиги»
18 август

Майрамбү Шүкүралиева: «Устаттын эң чоң сыйлыгы – шакиртинин ийгилиги»

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Ош мамлекеттик университетинин доценти, искусство таануучу, обончу, вокалист Майрамбү (Роза) Шүкүралиева өмүрүнүн көп жылын музыкага, вокалга жана жаш таланттарды тарбиялоого арнап келет.

Ал үчүн устаттык – жөн гана кесип эмес, шакирттин үнүн таап, чыгармачылык жолун туура багыттап, ага мээрим менен талапты тең бере билген чоң жоопкерчилик.

Роза Шүкүралиева менен үн коюунун татаалдыгы, талант менен эмгектин айкалышы, шакирттин ийгилиги жана устаттын орду тууралуу маектештик.

– Роза эже, сиз үчүн вокалдан сабак берүүнүн эң татаал жагы эмнеде?

– Үндү коюу – эң кыйын, эң түйшүктүү иштердин бири. Студенттер ар кандай үн менен келишет. Кээ биринин үнү жакшы калыптанган болсо, айрымдары коюлбаган, сүйлөө регистрине жакын үн менен келет. Ошол үндү туура багытка салуу үчүн көп эмгек талап кылынат.

Дем алууну, үн чыгарууну, регистрлерди, дикцияны, фразировканы акырындык менен үйрөтөсүң.

Мен студент биринчи келгенде ырдаган үнүн жаздырып алып, кийин үнү коюлуп калганда кайра угузам. Анткени үнү жакшырып, ырдын кемелине келип калганда: «Мен башынан эле ушинтип ырдачумун», – деп ойлоп калышы мүмкүн.

Ошондо биринчи келгендеги үнү менен азыркы үнүн салыштырып көрсөтөм. Чынында жакшы ырдап калуунун артында студенттин да, педагогдун да чоң эмгеги жатат.

– Демек, таланттын өзү жетишсиз экен да?

– Талант – чоң мүмкүнчүлүк. Бирок аны эмгек менен бекемдеш керек. Студенттерге дайыма «1 пайыз талант, 99 пайыз эмгек» деген түшүнүктү айтып келем.

Чоң ийгиликке жетиш үчүн күн сайын иштөө керек. Вокалда өзгөчө күн сайын ырдоонун мааниси чоң. Үн да көнүгүүнү талап кылат. Бир күн машыгып, бир нече күн тыныгып коюу менен жакшы жыйынтыкка жетүү кыйын.

Кээде таланттуу кыздар, балдар окууга тапшырып калат. Биринчи курска келген студенттин үнүн дароо эле баалап коюуга болбойт. Бир топ убакыт байкап, анализдеп, мүмкүнчүлүгүн аныктап, музыкалык угуу жөндөмүн, үнүнүн табиятын, кайсы чыгармаларга жакын экенин, эмнени жакшы кабыл аларын – баарын карап, анан үнүн коюуга киришесиң.

– Ар бир студентке бирдей мамиле кылуу мүмкүнбү?

– Ар бир адамдын табияты ар башка болгондуктан, баарына бирдей ыкма менен иштөө туура эмес.

Мен билим берген студентиме бир гана мугалим же устат катары эмес, чыгармачылыктагы энеси катары да мамиле кылып, туура багыт берип, мээрим төгүп окутам.

Анткени сен жаш адамдын үнү менен гана иштебейсиң. Анын жүрөгү, мүнөзү, кыялы, чыгармачылык дүйнөсү менен кошо иштейсиң.

Кээде студентке талап коюу керек болсо, кээде жылуу сөз менен дем берүү керек. Мугалим ушул экөөнүн тең ордун билгени жакшы.

– Чыгарма тандоодо да студенттин мүнөзү эске алынабы?

– Албетте. Биз алардын өздөрүнүн табиятына, жүрөгүнө жаккан чыгармаларды тандап алабыз.

Студент өзү сүйгөн чыгарманы ырдаганда аны жөн гана аткарбастан, жүрөгү менен жеткирүүгө аракет кылат.

Ар бир студентти бир калыпка салбаш керек. Тескерисинче, анын өзүнүн үнүн, өзүнүн жүзүн табууга жардам беришибиз керек.

– Сиз үчүн шакирттин ийгилиги канчалык маанилүү?

– Шакирттеримдин ар бир ийгилигин өзүмдүн ийгилигим деп билем. Ар бир концерт бергенде өзүм да толкунданып, абдан сүйүнөм. Анткени сахнада турган студент – сенин көп жылдык эмгегиңдин да жыйынтыгы.

Сыйлык алган сайын кубанам. Аларга: «Ар бир алган сыйлыгыңарды жоготпой сактагыла», – деп айтып турам. Ал сыйлык – силердин эмгегиңердин тарыхы.

Ар дайым ийгиликке жеткиле деп алакан жайып, ак батамды берем. Себеби устаттын батасы да адамга чоң дем берет.

– Устаттын батасы тууралуу сөз кылдыңыз. Сизди башка өлкөлөрдөгү устатка болгон мамиле да кызыктырабы?

– Ооба. Мисалы, Япония, Кытай сыяктуу өлкөлөрдө устаттын орду өзгөчө экенин байкайбыз. Спортчулары деле машыктыруучуларын абдан сыйлашат. Устатын кадырлап, эмгегин баалаган мамиле мени кубандырат.

Бизде да мындай мамиле күчтүү болсо жакшы болот эле. Анткени адам кайсы бийиктикке жетпесин, ага жол көрсөтүп, билимин берген адамдарды унутпашы керек.

Кээде адам чоң сахнага чыгып, таанылып калганда чыгармачылыктагы алгачкы кадамдарын, устаттарынын эмгегин эстен чыгарып коюшу мүмкүн. Бул атайын жасалган нерсе эмес, балким, жаштык, атак-даңк менен байланышкан учурлардыр.

Ошондуктан мен шакирттериме дайыма устатты сыйлоону эскертип турам. Бирок мен кандай болбосун, ар бир адамдын эмгеги, ниети Кудайдын таразасында өз баасын табарына ишенем.

– Кээде «жылдыз оорусу» деп да айтып калабыз...

– Ооба, андай нерсе чыгармачылыкта кездешет. Элдин кол чабуусуна, сахнага, популярдуулукка адам бат көнүп калат.

Бирок чыгармачылыктагы эң негизги нерсе – өзүңдү дайыма өнүктүрүү. «Мен жеттим» деген жерден өсүү токтойт. Ошондуктан шакирттериме: «Ийгилик келгенде дагы көбүрөөк изденгиле», – деп айтам.

– Ырдаган адамдын баары эле жакшы мугалим боло алабы?

– Менимче, ырчы менен педагогдун кесибинин өзгөчөлүгү бар. Жакшы ырдоо – чоң талант. Ал эми ошол өнөрдү башка адамга үйрөтүү үчүн кошумча билим, методика, педагогикалык тажрыйба керек.

Ырчы сахнада өзүнүн үнүн көрсөтөт, педагог болсо башка адамдын үнүн ачууга аракет кылат.

Ошондуктан вокал боюнча мугалим өзүнүн билимин дайыма тереңдетип турушу керек. Ноталык сабаттуулугу, вокалдык техникасы, методикасы, педагогикалык жөндөмү – мунун баары маанилүү.

Ошол себептен мугалим тандоодо да адамдын жалпы билимин, тажрыйбасын, студент менен иштөө жөндөмүн комплекстүү караганыбыз туура.

Ар кимдин өзүнүн күчтүү жагы болот. Бирөө сахнада мыкты, экинчиси педагогикада күчтүү болушу мүмкүн. Эң жакшысы – экөөнү айкалыштыра алган адис мугалим болгону оң.

– Сиздин класста төрт-беш жыл окуган студенттер кийин өз алдынча чыгармачылык жолго түшүшөт. Алардын ийгилиги сизге кандай сезим берет?

– Бул абдан жагымдуу сезим. Кээде менин классымда төрт-беш жыл вокал сабагын окуп, жакшы ырчы болуп чыккан студенттер кийин өз алдынча чыгармачылык жолун улантышат. Мен муну жакшы көрүнүш деп эсептейм.

– Сиздин устат катары эң чоң жоопкерчилигиңиз эмнеде деп ойлойсуз?

– Студенттин үнүнө этият мамиле кылууда. Анткени үн – өтө назик нерсе. Туура эмес мамиле кылсаң, ага зыян келтиришиң мүмкүн. Ошондуктан педагог өзү да абдан билимдүү, жоопкерчиликтүү болушу керек.

Андан сырткары, студенттин келечегин ойлош керек. Бүгүн жакшы ырдап коюшу эле жетиштүү эмес. Эртең кандай ырчы болот? Сахнада өзүн кандай алып жүрөт? Музыкалык маданияты кандай болот? Мына ушулардын баарын ойлонуу керек.

– Көп жылдык тажрыйбаңыздан кийин «мыкты педагог» деген түшүнүккө кандай аныктама берет элеңиз?

– Мыкты педагог – өзүнүн билгенин гана үйрөткөн адам эмес. Студенттин ичиндеги мүмкүнчүлүктү көрүп, аны ачып бере алган адам.

– Бүгүнкү шакирттериңизге кандай тилек айтасыз?

– Менин тилегим бирөө эле – баары өз жолун тапса экен. Чоң сахналарды багындырса экен. Эл сүйгөн, таланттуу, маданияттуу ырчылардан болушса экен.

Менин шакирттеримдин арасында Марсиана Дарманбек кызы, Эламан Жалалов, Абдыкалык уулу Элтуран, Элбарчын Абдукалилова, Айзирек Момунова, Кубатбекова Арууке, Феруза Аскербекова, Калдарбек Марип уулу, Элдос Анашев, Нурбек Нармырзаев сыяктуу жаштар бар.

Алардын ар биринин чыгармачылык жолу өзүнчө. Ар бири ийгиликке жетсе, мен үчүн чоң кубаныч. Анткени устаттын эң чоң сыйлыгы – шакиртинин ийгилиги.

Шакирт устатынан ашып кетсе, мен муну жеңиш деп кабыл алам. «Менден өтүп кетти», – деп капаланбайм. Тескерисинче, «эмгегим акталды» деп сүйүнөм.

Өзүң үйрөткөн бала сенден да бийикке көтөрүлсө – устат үчүн мындан өткөн сыймык жок.