Бийиктикке кайтуу: Валентина Шевченко жеңилүүлөр, үй-бүлө жана күчтүү мүнөз тууралуу
Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Чыңгыз Айтматов атындагы Ысык-Көл форумунун жана Элдик дипломатия эл аралык шериктештигинин вице-президенти Ассоль Молдокматованын "Дүйнө лидерлери" автордук рубрикасы.
Чоң спортто жыйынтыктардын негизинде сүйлөшүлөт: жеңиш же жеңилүү, кур же андан ажыроо, биринчи орун же экинчи, бирок кургак статистиканын артында дайыма рейтингдерде көрүнбөгөн нерсе – спортчунун ички дүйнөсү турат.
Валентина Шевченко менен маегибизде мен дал ушул жөнүндө сүйлөшкүм келди: эс-тутум, үй-бүлө, энелик сүйүү, келечек, эң оор сыноолор жана жеңилүүдөн кийин кайрадан чокуга көтөрүлүү жөндөмү.
Анткени чемпиондун масштабы жеңиштердин саны менен гана аныкталбаса керек. Адам жеңишти алдырып жиберген учурда өзүн кандай алып жүргөнү – анын кандай экенин көбүрөөк айтып берет.
— Валя, эгер качандыр бир өзүңүздүн жашооңуз тууралуу китеп жазсаңыз, ал кандай аталат?
— Мен өзүмдүн жашоом тууралуу китеп жазгым келет, анткени чындыгында менде айта турган көп нерсе бар. Айрыкча саякаттар, Амазонка — кандай гана укмуштуудай жана кызыктуу дүйнө, Таиланд - жолдо жолуккан кыйынчылыктар тууралуу айткым келет. Бардык жолду — эң башынан баштап, бүгүнкү UFCнин чокусуна чейинки жетишкенимди баяндап бергим келет. Ушундай китеп жазгым келет, жакынкы жылдарда анын үстүндө иштей баштайм го деп ойлойм. Бирок аталышы, өзү жаралса керек. Кээде чындыгында табигый түрдө жаралган нерселер түбөлүккө жашайт. Бул атайылап ойлоп табылган же жасалма жол менен жаралган нерсе эмес. Ал жөн гана бир күнү пайда болот жана калат. «Эмне себептен ушинтип атадыңыз?» — деп сурачулар да кездешет, бирок аны эч ким түшүндүрө албайт, анткени ал табигый түрдөпайда болгондой сезилет.
— Ойлоп таппай, өзү жаралышына жол берүү, бул кызык философия экен.
— Ооба. Ал эми ММАга карата да ушундай эле сезимдемин. Мен үчүн ММА — бул укмуштуудай универсалдуу жана гармониялуу спорт. Ал адамды бардык тарабынан өнүктүрөт: физикалык, интеллектуалдык, моралдык жактан. Ал дайыма ойлонууга мажбурлайт. Эгер бир тактика иштебесе, аны беттеш учурунда эле өзгөртүүгө туура келет. Туруп согушууну, күрөшүүнү, партерде иштөөнү билүү керек. Натыйжада, мушкер үчүн белгисиз аймактар дээрлик калбайт. Мисалы, эгерде балбан мушкерге каршы чыкса, ал анын соккуларынан коркушу мүмкүн. Мушкер балбанга каршы чыкса, күрөштөн коркот. ММАда сен баарын билишиң керек. Ошондуктан аны ушунчалык заманбап жана универсалдуу согуш өнөрү деп эсептейм.
Анан эң кызыктуусу – ММА белгилүү бир мааниде жөн эле ойлоп табылган эмес. Ал жаралган. Отуз жылдан ашык убакыт бою ар кайсы өлкөлөрдүн мыкты мушкерлери, ар кайсы мектептердин өкүлдөрү ар кандай ыкмаларды сынап көрүшкөн. Чындап иштеген гана нерсе калган. Натыйжасыз болгон нерсе акырындык менен жоголуп кеткен. Башкача айтканда, бул спорт түрү мушкерлердин чыныгы тажрыйбасынан жаралган. Ушундай эле сезимди мен өзүмдүн келечектеги китебимдин аталышынан да каалайм. Иштей баштасак, эскерүүлөрдү топтосок, тарыхты чогултсак, анан кайсы бир учурда аталышы жөн эле жаралса дейм.
— Бул китеп чыкканда, үй-бүлө темасын айланып өтүү мүмкүн болбой калат. Апаңыз жөнүндө көп сүйлөштүк. Сиздин оюңузча, ал бүгүн кыздарынын жолун жана сиздин жеңиштериңизди көрүп кандай сезимде болот? Сизге: «Мен сени менен сыймыктанам» деп айткандыр?
— Балким, бул суроону өзүнө берүү жакшы болоттур. Биздин үй-бүлөдө мындай узак, жандуу сүйлөшүүлөр көп болгон эмес. Баары жакшы болуп, бири-бирибизди колдоп турганда, көп нерсе өзү эле түшүнүктүү болот. Кээде көз караштан, мамиледен, жөн эле сезим менен түшүнсө болот. Биз эч качан күнү-түнү бири-бирибизге: «Мен сени сүйөм», «Мен сени менен сыймыктанам» деп айткан эмеспиз. Мага бул нерсенин кереги жоктой сезилет. Эгер мен сүйүүнү сезсем – демек, мен аны сезем. Ал эми мен үчүн бул жөн эле сөздөрдү угуудан алда канча маанилүү. Мага ар дайым сезүү маанилүү болгон.
— Демек, силер үчүн сүйүү – бул биринчи кезекте сөзгө байланышпайт турбайбы?
— Албетте. Сезим сөздөрдөн алда канча маанилүү.
— Карьераңызда — көптөгөн беттештер жана эң күчтүү атаандаштар бар. Бирок арасынан кайсынысын жана кимди эң татаал жана татыктуу деп белгилейт элеңиз? "Баары" деп жооп бербеңиз.
— Сиз жообумду алдын ала жокко чыгардыңыз. Эң татаал этаптар жөнүндө айтсам, акыркы үч беттешти бөлүп көрсөтмөкмүн — кытайлык, француз жана мексикалык менен. Жалпысынан алганда, бул үч беттеш абдан чыңалган абалда болду. Албетте, чемпиондук курду кайтарып алуу окуясы өзгөчө орунду ээлейт. 2023-жылы курду жоготконумда бир гана максат — аны кайтарып алуу калган. Мен өз мүмкүнчүлүктөрүмдү билчүмүн. Жакшыраак, күчтүүрөөк боло аларымды билчүмүн. Ошол беттеште төртүнчү раунддагы кырдаал курду жоготууга алып келди. Бирок ошол учурга чейин беттешти алып баратканымды, кырдаалды көзөмөлдөп турганымды сезчүмүн, атаандашка партерде да, аралыкта да бирдеме кылуу кыйын болчу. Бирок спорт — бул спорт. Ошондой болду. Анда ийгилик менин тарабымда болгон жок.
— Жеңишке көнүп калган адам үчүн чемпиондук курдан айрылуу психологиялык жактан кабыл алуу канчалык кыйын?
— Максат дароо башкача болуп калат. Курду кайтарып алыш керек. Бирок мен үчүн болгон окуяны жөн гана баштан өткөрбөстөн, андан ары эмне кылуу керектигин түшүнүү маанилүү. Экинчи беттешке даярдыкта бардыгынан толугу менен обочолонуп, күч-аракетимди бир гана багытка топтолдум. Бул беттеш абдан күчтүү өттү, аны аялдардын мыкты беттештеринин бири деп аташкан. Бирок натыйжасы тең чыгуу болуп калды. Ал эми тең чыгууда баары мурдагыдай эле болуп, кур ошол маалдагы чемпионунда калат.
Ошол учурда бир калыс мен үчүн таптакыр түшүнүксүз болгон упай койгон. Чечим көп суроолорду жаратты. Эмне кылуу керек? Болоору болду, эми алдыга жылуу керек. Алдыга жылышыбыз керек деген абдан маанилүү принцип.
— Бирок алдыда үчүнчү беттеш болгон. Кысым, балким, таптакыр башка масштабда болгондур?
— Ооба. Үчүнчү беттеш андан да чоңураак иш-чарада — Лас-Вегастагы Sphereде өттү. Бул укмуштуудай арена, иш-чаралар өткөрүлүүчү эң технологиялык жайлардын бири. Графикага, визуалдык дизайнына, шоунун өзүнө чоң каражаттар жумшалат. Кайрадан турнирдин темасы Мексиканын Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу болду. Алекса Грассо Мексиканы көрсөтүп, анын айланасында чоң колдоо орун алды. Артында анын өлкөсү, күйөрмандары турду. Атмосфера ошого жараша болду. Бирок ошол маалда Павел милдетти абдан так койду. «Валентина, сен экинчи беттеште эмне болгонун билесиң. Ошондуктан азыр эч кандай шектенүүгө шылтоо калтырбай тургандай иштеш керек», - деди. Даярдыкты ушул багытка бурганбыз.
— Башкача айтканда, калыстардын эч кандай чечими эч нерсени өзгөртө албагандай кылып жеңиш керекпи?
— Планыбызды толугу менен аткаруу керек болду. Мен дал келип, техникамды көрсөтүп, ошол эле убакта атаандашым өзүнүн техникасын ишке ашыра албагандай кылышым керек эле. Павелдин планын так кармандым. Башынан аягына чейин. Анан бул беттешти жеңиш менен аяктадык. Кур мага кайтып келди.
— Ошо учурда эмне сездиңиз? Бул жеңиш, жеңилдик же өзүңүзгө далилдөө болдубу?
— Мен үчүн эң башкысы, тапшырма аткарылды. Канча эмгек кеткенин билчүмүн, кандай жолду басып өткөнүмдү түшүнчүмүн. Туура даярдансаң, машыктыруучуга ишенсең, планды аткарсаң, натыйжа келет. Ошондуктан бул биринчи кезекте ички тынчтык: биз жасашыбыз керек болгонду жасадык.
— Сүйлөшүүбүздө бир нече жолу Павел Федотовдун аты аталды. Валентина Шевченконун ар бир чоң жеңишинин артында Валентинанын өзү эле эмес, спортчу менен машыктыруучунун уникалдуу биримдиги тургандай сезим калтырат.
— Албетте. Мен ар дайым машыктыруучунун канчалык маанилүү экенин айтам. Ал жөн гана техниканы билбеши керек. Ал өзүнүн спортчусун сезиши, качан жүктөмө кошууну, качан токтоону, качан стратегияны өзгөртүүнү билиши керек. Павел мени абдан жакшы билет. Ошондуктан даярдык учурунда толук ишеним бар. Эгер план болсо, мен аны аткарам.
— Валя, бүгүн сизди угуп отуруп, биздин сүйлөшүүбүздүн дээрлик барында сый-урматка өзгөчө басым жасалып жатканын байкадым. Машыктыруучуга, апаңызга, эжеңизге, досторуңузга, атаандашыңызга, өз денеңизге, өз өлкөңүзгө болгон сый. Балким, дал ушул нерсе сиздин ички системаңыздын пайдубалы болуп саналат?
— Мен чындыгында сый-урматты эң маанилүү сапаттардын бири деп эсептейм. Кылган ишиңди сыйлоо. Жаныңдагы адамдарды сыйлоо. Достукка чыккынчылык кылбоо. Башка бирөөгө окшошууга аракет кылбоо. Туура деп эсептеген принциптериңди сактоо.
— Чемпиондук курлар, наамдар жана дүйнөлүк рейтингдерден тышкары – бүгүнкү Валентина Шевченко ким?
— Сүйгөн иши менен алектенген адам. Мага жашоо образым, спорт, саякаттоо, жаңы нерселерди билүү жагат. Мен атайын образ жаратканга аракет кылбайм. Мага жөн гана өзүм бойдон калуу маанилүү.
— Балким, дал ушул себептен улам, биринчи караганда бири-бирине туура келбеген нерселерди: кесипкөй мушкердин катаалдыгын жана таң калыштуу аялдык сапатын, дүйнөлүк атак-даңкты жана жөнөкөйлүктү, чоң тартипти жана ички эркиндикти айкалыштыра алдыңыз.
— Мен үчүн бул табигый нерсе. Инь жана ян сыяктуу. Ар бир адамда күч да, жумшактык да жашай алат. Мага күчтүү болуу керек болсо – мен күчтүүмүн. Кадимки жашоодо бул талап кылынбаса, мен таптакыр башкача боло алам. Эң башкысы – башка бирөөнү туурабаш керек, башка бирөөнүн жашоосун жашаганга аракет кылбоо керек. Чындап ким экениңди сезип, табигый түрдө кандай болсоң, ошондой болуу керек.
— Маегибизди жыйынтыктап жатып кайрадан Кыргызстанга токтолгум келет. Сиз көп жылдар бою дүйнөнүн эң ири ареналарына биздин желегибиз менен чыгып келесиз. Балким, адам өзү бул жолдо жүргөндө жасап жаткан ишинин масштабын ар дайым түшүнө бербейт. Бирок миллиондогон кыргызстандыктар үчүн сиздин жеңиштериңиз көптөн бери улуттук сыймыктын бир бөлүгү болуп калды. Мекениңиз менен болгон бул байланыш сиз үчүн эмнени билдирет?
— Мен үчүн эң башкысы — элдин сүйүүсү. Адамдар сени жыйынтыгыңа карабай колдоп, «Валентина, биз сени мененбиз, алга!» деп айтканда, бул чоң энергия берет. Мен карьерамды көп жылдан бери байкап, мен менен бирге кубанып, бирге кайгырган ар бир адамга абдан ыраазымын. Спортчу үчүн бул өтө баалуу.
— Валюша, бул маек үчүн рахмат. Чынчылдыгыңыз үчүн. Көп жылдык эмгегиңиз үчүн. Мүнөзүңүз үчүн. Өзгөчө көп жылдан бери дүйнө алдында көтөрүп жүргөн кыргыз желеги үчүн. Спортчунун жеңиши өзүнө, машыктыруучусуна, командасына таандык. Бирок бүтүндөй бир эл өзүн таанып билген жеңиштер болот. Менимче, дал ушул себептен Кыргызстан сиздин жеңиштериңизге ушунчалык чын жүрөктөн кубанат. Бул чынчыл маек жана көп жылдан бери дүйнөнүн эң ири ареналарында ар-намыстуу көтөрүп жүргөн кыргыз желеги үчүн рахмат.
— Ассоль, рахмат. Сиздин сөздөрүңүз мен үчүн абдан баалуу. Көп жылдан бери бири-бирибизди тааныйбыз, ошондуктан ушул сөздөрдү сизден угуу мага өзгөчө маанилүү. Мен да сизди абдан сыйлайм, энергияңызды жана маданиятка, адамдарга жана өлкөбүзгө канча жылдан бери иштеп келатканыңызды баалайм. Мен үчүн ар дайым чын ыкластуу мамилени сезүү абдан маанилүү. Айтып кеткенимдей, кээде катуу сөздөрдүн деле кереги жок – адамды, анын колдоосун, жакшы мамилесин сезип турасың. Мен муну сиз тараптан ар дайым сезип келгем. Ошондуктан бүгүнкү сүйлөшүү да мен үчүн өзгөчө – ал спорт жана жеңиштер жөнүндө гана эмес, жашоо, үй-бүлө, достук, баалуулуктар, адам үчүн чындап маанилүү нерселер жөнүндө болду.
Колдооңуз, жылуу сөздөрүңүз жана көп жылдар бою мени жана менин жеңиштеримди ушунчалык сүйүү менен кабыл алганыңыз үчүн сизге рахмат. Мен муну абдан баалайм. Албетте, Кыргызстанды таанытуу, биздин желек менен чыгып, мекенимдин жана элимдин колдоосун сезүү мен үчүн чоң сыймык. Кайда болбоюн, мекеним менен болгон бул байланыш ар дайым жанымда.
Сизге да өз жолуңузду улантып, жаңы долбоорлорду жаратып, адамдарды бириктирип, ушунчалык чоң энергия менен жасап жаткан ишиңизди улантууну каалайм. Алдыда Кыргызстан менен сыймыктанууга дагы көп себептер болсун. Ушул чынчыл жана жылуу сүйлөшүү үчүн рахмат, Ассоль.
P.S. Бүгүн сүйлөшкөндөн кийин статистика да, чемпиондук наамдардын саны да эсимде калган жок. Эсимде Валентина Шевченконун жөнөкөй формуласы калды: өзүңдү сыйла – жана дүйнөнү сүй; чарчоону жалкоолуктан айырмала; алдыга барууга мүмкүнчүлүгүң барда максаттарыңа чекит койбо; достукту пайдага алмаштырба; денеңди ук; сүйүүнү сөздөр менен эмес, сезимдер менен баала.
Кесипкөй спортто ондогон жылдар бою анын көз алдында мушкерлердин муундары алмашты. Кээ бирлери тез эле көтөрүлүп кетишти, кээ бирлери кетти, кээ бирлери атак-даңктын же жеңилүүнүн сыноосуна туруштук бере албай калышты. Ал эми Валентина өз жолун улантууда. Акыркы чекитин алдын ала көрүүнү каалабайт. Күчтүү. Тынч. Океандай. Балким, дал ушул анын чемпиондук узак өмүрүнүн негизги сырларынын бири болуп саналат.
